Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Өткөн жылы өлкөнүн бюджети 21 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынган.

Ошол кездеги өкмөт башчы Атамбаев бюджетти парламентте коргоп жатып, депутаттарды андан коркпоого чакырган. «Мен жылды бюджет профицити менен аяктаарбызга терең ишенем. Азыр - уникалдуу ситуация. Мындан ары өлкөнүн бардык активдери, бардык байлыгы бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, бюджетке түшөт» деп ишендирген Атамбаев. Жыл ичинде президент Атамбаев да, премьер Бабанов да бюджет профицит менен жабылып жатканын бир нече жолу айтышкан. Мисалы, Атамбаев президенттик жарышка аттанаар алдында, август айында телевидениеге интервью берип, «7 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин кирешеси чыгашасынан 1 млрд. сомго ашты» деген. Өмүрбек Бабанов болсо 30-ноябрда пресс-конференция өткөрүп, «Кыргызстан 2011-жылды 2 млрд. сом бюджет профицити менен аяктайт» деп билдирген.
Алар муну менен биз убадабызды аткардык дегендей түр көрсөтүшүүдө. Бирок алар кимди алдашат? Дефицитти карыз алып жапканына мактанышабы?..

Азыр маалымат технологиясы өнүккөн заман. Бишкекте отуруп эле Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчтарында эмне болуп жатканын билип алса болот. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин сайтын ачып, биз бюджет июнь айына чейин гана профицит менен жабылганын тактадык. Ал эми Атамбаев менен Бабанов билдирүү жасап жаткан учурда бюджет дефицитке өткөн мезгил экен. Ырас, жыл аягында ал планда белгиленгендей 21 млрд. сомду түзгөн жок. Бирок аз деп айтууга да болбойт. Дефицит 13 млрд. сомго жетип, ички дүң өнүмдүн 5% түздү. Бул 2010-жылды эске албаганда 1997-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Тартыштыкты жабуунун бир эле жолу бар. Эгерде өкмөт жүгүртүүгө ашыкча акча чыгарып, баанын оозун коё бергиси келбесе, ал карыз алышы керек. Өкмөт бюджетти түзүп жатканда чет өлкөдөн карыз алып жабам деп пландаштырган. Бирок планга кирген акчалардын айрымдары келип түшкөн эмес. Мисалы ЕврАзЭШтин өнүгүү банкынан алабыз деген 106 млн. доллар ар кандай шылтоолор менен ушу убакка чейин бериле элек. Ошондуктан өкмөт акчаны үнөмдөөгө мажбур болгон. Эмгек акы өңдүү корголгон статьялар толук каржыланганы менен, корголбогон статьялар боюнча чыгымдар бир топ кыскартылган. Ошентип өкмөт бюджеттин тартыштыгын 21 млрд. сомдон 13 млрд. сомго чейин азайтууга жетишкен.

Чет өлкөдөн акча таба албаган өкмөт бул дефицитти ичтен карыз алып жабууга аргасыз болгон. Жакында бул тууралуу парламенттеги «Ата-Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев атайын билдирүү жасады. Анын айтымында, өкмөт 8 млрд. сомго баалуу кагаз чыгарып, андан түшкөн акчага бюджеттин жыртыгын жапкан. Өкмөт ал акчаны 21% үстөк менен алган. Баалуу кагаздарды, албетте, коммерциялык банктар сатып алышкан. Бул ишканаларга берилчү кредиттерди өкмөт өзү илип кетти дегенди билдирет. Анан кайдан экономика өнүгөт? Кантип кредиттин проценттик ставкасы кыскарат?

Өткөн жылы өкмөт мугалимдердин эмек акысын көтөрөм дегенде, оппозициялык маанайдагы айрым депутаттар аны каржылоонун булагы аныкталбагандыгын айтып чыгышкан. Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөт азырынча «бюджетти бекитип бере бергиле, солго кетип жаткан акчаларды бюджетке буруп, дефицит болтурбайбыз» деп көшөрүп туруп алган. Президент менен премьердин профицитке чыктык деп улам-улам айтып жытышы ошондон болсо керек. Алар муну менен биз убадабызды аткардык дегендей түр көрсөтүшүүдө. Бирок алар кимди алдашат? Дефицитти карыз алып жапканына мактанышабы?
Жогорку деңгээлдеги чиновниктер билдирүү жасарда бир аз этият болушса жакшы болот эле. Алар өздөрүнүн айткан сөзү башкалар үчүн мыйзамга тете болорун унутпашы зарыл.

Ооба, салык жыйноо бир аз жакшырды. Бюджеттин киреше бөлүгү 34% өсүптүр. Бирок бул президент убада кылган бурулуш эмес. Ал мурдагы жылдардын көрсөткүчтөрүнөн анча деле айырмаланбайт. Бакиев башкарган 5 жыл ичинде деле бюджеттин кирешеси орто эсеп менен жылыга 29% өсүп турган. Эгерде азыр инфляция өткөн жылдарга караганда тез өсүп жатканын эске алсак, кирешенин өсүш темпи мурдагы деңгээлде эле калганын моюнга алууга туура келет. Ошентип мугалимдердин айлыгын көтөрүүдөн чыккан бюджет дефицити бир эле жыл менен бүтпөй бир нече жылга созулчу өңдөнүп калды. Өкмөт быйыл 18 млрд. сом дефицит бекитип берүүнү сурап жатат.

Жогорку деңгээлдеги чиновниктер билдирүү жасарда бир аз этият болушса жакшы болот эле. Алар өздөрүнүн айткан сөзү башкалар үчүн мыйзамга тете болорун унутпашы зарыл. Туура эмес айтылган сөз коомчулукка жалган сигнал берип, аны башка багытка буруп коюшу мүмкүн. Муну айтып жатканымдын себеби - азыр бюджетте акча көп турбайбы деп, каражат сурагандардын катары арбыгандан арбып барат.

Өкмөт болсо чабал. Митинг, пикет кылып кысым көрсөтүп туруп алышса, ал жок деп айта албайт. Ошентип отуруп өкмөт бюджетти көзөмөлдөн чыгарып жибербесе болду. Жаман айтпай жакшы жок, кокус ошондой болуп кетсе, өлкө өсүп-өнүкмөк тургай, баа ай сайын өскөн 90-жылдардын кейпин кийип калышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG