Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров малга паспорт берүү демилгесинин таржымалын “Азаттыкка” айтып берди.

Акылбек Жапаров: Малды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы экономиканы өнүктүрүү министри болуп турганда эле көтөргөм. Тилекке каршы министр катары мүмкүнчүлүгүм аз, жалгыз болуп калгандыктан өкмөттө колдоо тапкан эмес. Менин мыйзамымды колдобой коюшкан. Анан 2009-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп, айыл чарбасын көзөмөлдөй баштаганда ушул демилге менен чыктым.

Паспорт деген орустун да сөзү эмес. Бул италиялыктардын сөзү. Илгери, Италиянын портуна бир кеме келгенде, анын командиринен оору жок, баары таза, кемем да, командам да таза деген “пас” деген алакандай кагаз сурачу. Ошону көрсөткөндө гана портко кирчү. Ошондон паспорт деген сөз чыкканы белгилүү эмеспи.

Мен анализдеп көрсөм, кыргыздар титулдук улут катары 90 пайызы айылда жашайт экен. Баары мал чарбачылык менен алек экен. Бир жылкыны бири-бирибизге миң долларга эле сата бербестен, андан да жогору баага сата баштаганда бутубузга туруп кетерибизди түшүнүп, ушул демилгени көтөрүп чыккам. Алайдын, Соң-Көлдүн жайлоосунун чөбүн жеп, суусун ичкен малыбыздын этин Европага, Америкага, Жапонияга сатууга мүмкүнчүлүк пайда болот деп ушул мыйзамды киргизгем. Ошол кездеги бийлик да кийин мени президенттик шайлоого барса муну менен упай топтоп алат деп мага бут тосуп, жаманатты кылган. Парламент да колдобой койду. Андан кийинки өкмөттөр да түшүнө албай коюшту.

“Азаттык”: Коомчулук бул демилгени шылдың, келеке катары кабыл алган. Бул идеаларыңызды жеткире албай калдыңызбы?

Акылбек Жапаров: Эмне үчүн ушундай болуп калды дегенде, биринчи өзүмдү күнөөлөйм. Тилекке каршы, өзүм жакшы түшүндүрө албай калсам керек. Экинчиден, Алла Таала Куранды элге Мухаммед пайгамбар аркылуу жибергенде да пайгамбар 23 жыл кыйналган. Бул элдин кемчилиги эмес. Ошол кезде бийликте, оппозиция жетекчилери түшүнүп билип туруп эле ошонун баары шылдыңдоо катары кабылдап, маалымат каражаттары аркылуу катуу мыскылдашкан. Мен ал журналисттерге капа деле эмесмин. Бирок биз убакыттан утутлдук. Коңшу-колоңдорубуздун баары качан эле маселени бүтүргөн.

Бирок азыркы бийлик дагы эле ушуну жасабай жатат. Казакстан сүт-эт сатып албай, бир топ эл кыйналып калды. Парламент тез аранын ичинде малды идентификациялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алышы керек.

Мен каржы министри болуп иштеп атканда бюджеттен 200-500 миллион сомду ушул максатка карап жатканбыз. Эки-үч жылдын ичинде ушул мыйзамды ишке ашырышыбыз керек.

Илгертен эле кыргыздын ар бир уруусунун эн тамгасы болгон. Бул кийин эле Жапаров ойлоп тапкан нерсе эмес.

“Азаттык”: Мыйзам жазып жатканда Кыргызстанда малдын баарын идентификациялап чыкканга канча каражат кетерин эсептеп чыктыңыз беле?

Акылбек Жапаров: Биринчи этабында 120-180 миллион сом кетет. Бизде кой-эчки 5 миллиондун тегерегинде. Ар бир облустун деңгээлинде койлордун биркаларын киргизип, ээлерине журнал ачып берүүгө, ошого жараша вакциналарды сатып алууга жардам беришибиз керек. Малдын сегиз катуу ылаңы бар. Ошолордун алдын алуу өкмөткө жүктөлгөн. Асыл тукум мал ээлери муну эчак эле жасап алган, бирок аларды да ирээтке келтирүү керек.

Идентификациялап, дүйнөлүк деңгээлге жеткирүү үчүн 3 жыл керек, 1 миллиард сомдун тегерегинде акча сарпталат. Көпчүлүк эл өзү бүтүрүп алат, колунда жокторго гана өкмөт жардам бериши керек.

Бул бир жагы - элди байытуу, мээнетин текке кетирбөө маселеси. Экинчи жагы кыргыз эли малдан жуккан оорудан кырыла баштады. Менин эң чоң аргументтеримдин бир ушул болчу.

бир жылдары Бишкектеги №1 ооруканада беш эле адамга эхинококктон операция жасалса, азыр миңден ашты. Мурун эхинококкту боорунан эле алса, азыр мээден алып чыгып атышат. Малдан дагы бир канча оору жугуп атат. Малды карап көзөмөлдөөнүн бир гана мүмкүнчүлүгү бар – бул малга идентификациялык номер берүү. Анан малдын жылып жүргөнүн билишибиз керек.

Мен атайын айыл чарба министрлигинен, коомдук бирикмеден өкүлдөрдү, журналисттерди Европага иш сапарга жибергем. Ошол материалдарды Бакиевдин тушунда ЦАРИ чыгарттырбай койгон. Алар Испанияга барып тамак-жегенде, куурулган эт - стэйк алып келгенде, каяктан деп сураганда ашпозчу документтер менен келип, бул Голландияда туулган, бир жылдан кийин Испанияга алынып келип семиртилип багылган деп көрсөтүп далилдеп берген экен. Дүйнө жүзүндө адам эмне жегенин билген эреже бар.

Биздин президентибиз Бээжинге ШКУнун жыйынына барганда, “Бээжин өрдөгү” деген тамакты алып келгенде ошол өрдөктүн ID картасын алып келгенде күлдү деп бизден барган делегация айтып келген. Ал өрдөктүн атасы ким, апасы ким экени, кайсы фабрикада басылып чыкканы англисче, кытайча жазылган экен. Президент “Акыбайды 5-6 жылдан бери эле кыргыз эли шылдыңдап атат, көрсө анын айткандары жөндүү турбайбы”, - дептир.

Элге жардам бериш үчүн парламент бул даяр мыйзамды тез арада кабыл алышы керек. Эгер андай болбосо эт менен сүт сыртка жылбайт. Мурдагы күнү эле мал базарга бардым, баасын билиш үчүн базарга такай барып турам. Эки-үч жума мурун эле 6-7 миң болгон козулар 3 миңге түшүп калыптыр. Уйлардын баасы да 30-40 пайызга түшүп калды. Жылкы баласы да арзандады. Бул элдин трагедиясы. Элдин мээнети акталбай жатат. Насыяга мал алып, анын үзүрүн көрөбүз деп жан баккандар кыйналып жатат.

Негизи жетекчиликтин касиети кыйынчылыкты алдын ала көрө билүүдө, анын алдын алууда турат да.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG