Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Чунг Янг Ли: Байлыгы жок баюуну Кореядан үйрөнгүлө


Профессор Чунг Янг Ли "Азаттыктын" студиясында.
Профессор Чунг Янг Ли "Азаттыктын" студиясында.

Кыргыз саясатчылары менен коому жалаң саясатташпай, экономикалык маселелерди чечүүгө багыт алса, сөз жок өнүгүү болот – деп билдирди “Азаттыкка” эксклюзив маегинде АКШдагы Питтсбург университетинин профессору, бул окуу жайдын алдындагы «Бизнес жана эл аралык билим берүү» коллежинин директору Чунг Янг Ли.

“Азаттык”: Чунг Янг Ли мырза, сиз көп жылдан бери Кыргызстанга келип, экономиканы өнүктүрүү боюнча кеп-кеңештериңизди берип келатасыз. Кыргызстандагы экономиканын бүгүнкү абалына кыскача сереп сала кетесизби?

Чунг Янг Ли: Мен Кыргызстанга биринчи жолу 2007-жылы келгем, ага чейин коңшу Казакстанда жана Өзбекстанда иштегем. Батыштагы көптөгөн экономисттер менен изилдөөчүлөр Кыргызстандын экономикалык абалы коңшу мамлекеттерге салыштырганда жакшы эмес деп ырасташат. Мен Түштүк Кореяда туулуп чоңойгом, бул өлкөдө экономикалык өсүш 1962-жылы башталган, азыр дүйнөдө экономикасы күчтүү мамлекеттердин катарына кирет.

Түштүк Корея эч кандай табигый байлыктарсыз эле боорун жерден көтөрүп кеткен. Кыргызстандагы азыркы экономикалык кырдаал Кореяда экономикалык өнүгүү башталган мезгилге караганда кыйла дурус экенин белгилешим керек. Ошондуктан сиздерде экономика чабал деген изилдөөчүлөрдүн оюна мен кошула албайм. Түштүк Корея көтөрүлүп кеткен болсо, неге Кыргызстан аны жасай албайт экен?

“Азаттык”: Сиз Кыргызстанда убакыттын 95% саясатка коротуп, болгону 5% гана экономикага жумшайт, айрым кыргыз саясатчылары социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу ишине эмес, элди саясатка тартуу менен алпурушуп жатат, ошондуктан экономика өнүкпөйт деген пикирди айтып келатасыз. Ушул ойду чечмелеп берсеңиз?

Чунг Янг Ли: Экономикалык өнүгүү мамлекеттеги саясый өнүгүүгө жана туруктуулукка тикелей байланышкан. Экономиканын өнүгүшү үчүн дурус саясый атмосфера зарыл. Кыргызстанда өтө эле көп адам саясатка көңүл буруп, курч экономикалык маселелер көмүскөдө калууда. Ошондуктан менимче, саясаттан көрө экономикалык проблемаларды чечүүгө көңүл буруу абзел. Анткени, дал ушул экономикалык өнүгүү саясый туруктуулукка өбөлгө болот.

“Азаттык”: Кыргыз бийликтери жазында өлкөнү өнүктүрүүнүн 5 жылдык стратегиясын сунуш кылды, сиз бул стратегия менен тааныштыңызбы? Аны ишке ашыруу мүмкүнбү?

Чунг Янг Ли: Ал программа менен тааныша элекмин, бирок жергиликтүү саясый жана бизнес лидерлер менен такай байланышта болгондуктан, көз карашымды айта алам. Мен Бишкекке келээрден мурда Астанада эки апта болдум, анткени мен көптөн бери казактар менен кызматташып келатам. 2030-жылга карата Казакстан дүйнөдөгү 20 экономикалык державанын катарына кирет деген казак өкмөтүнүн стратегиясын уккан чыгарсыздар. Ал план абдан албан көрүнөт – так максаттар коюлган, милдеттер аныкталган, өтө дымагы чоң стратегия да. Эгер Казакстан 2030-жылы бул максатына жетсе, албетте улуу жетишкендик болот. Бирок буга туура саясат, сабаттуу жетекчилик жана талыкпас мээнет менен гана жетүү мүмкүн.

Абдан керемет жана чындыкка жакындай көрүнгөнү менен, ал стратегиялык максатка кандай жолдор менен жетишээри жазылган эмес. Коммунизм заманында да пландар түзүлүп: “Келгиле муну жасайлы! Келгиле аны аткаралы!” деген ураандар менен коштолчу. Ар бир стратегиянын үч түрдүү пландоосу болот – кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү, андан тышкары иш-аракеттердин да планы болот. Ар бир пландын да өз максаттары болуп: “ким? кантип? ар бир ишке ким жоопкер?” деген суроолорду камтууга тийиш. Казакстан, Өзбекстан сымал өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн стратегиялык программаларынан мен дайыма асыл максаттарды байкайм, бирок көп учурда “кантип” деген суроого жооп ала албайм.

“Азаттык”: Сиз Борбор Азиянын экономикалык жагдайын иликтеп келатасыз. Ар кайсы өлкөнүн ресурстары ар башка, биринде мунайзат, газ бар болсо башкаларында суу-энергетика байлыгы бар. Региондогу мамлекеттердин перспективалары кандай?

Чунг Янг Ли: Борбор азиялык регион мурдагы Советтер Союзунун бөлүгү болгондуктан көп окшоштуктары бар. Ошону менен катар айырмачылыктары да байкалат. Бул жагынан Кыргызстан менен Казакстанды мисал кылсак болот – жакын коңшу болгонуна карабай экөөндө тең экономикалык кырдаал кескин айырмаланат. Казак экономикасы табигый ресурстар: мунайзатка, газга жана минералдарга бекем байланганы жалпыга маалым.

Казакстанга салыштырганда силердин өлкөдө андай байлыктар жокко эсе. Ошондой эле Бразилия менен Индонезияны карасак, аларда да Казакстандагыдай мунайзат менен газ бар. Климаттык жагдайына жараша Индонезияда жылына үч жолу түшүм алышат. Бразилияда болсо айыл чарбасы жана өнөр жай күчтүү өнүккөн. Бирок алардын да экономикалык проблемалары аз эмес. Демек, табигый байлыктар экономикалык өнүгүүнүн негизи болсо да, бир гана ресурстар аздык кылат.

Бул менин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата айтылган сөзүм. Мен ар дайым Түштүк Кореяны мисалга тартам – бул өлкөнүн эч кандай табигый ресурстары жок, айыл чарбасынын продукцияларынын 71% жана энергиянын 97% сырттан сатып алат, бир грамм ураны жок туруп электр кубатын атомдук станцияларынан иштеп чыгарат. Ушундай байлыктары жок Түштүк Кореянын экономикасы кимди гана таң калтырбайт? Кореянын экономикасын күчтүү билим менен технологиялар көтөрдү. Жаңыдан телчигип келаткан көп мамлекеттер ушул өлкөдөн өрнөк алышат. Кыргызстан да өнүгөм десе Кореядан үлгү алышы керек. Эмне дегенде өтө көп окшоштуктар бар. Силердин өлкө өтө жаш. Түштүк Корея Жапон империясынан 1945-жылы көз карандысыздык алган. Ошол жылдан берки Кореянын тарыхын алсак, Кыргызстан эгемендик алгандан берки көп окшоштуктар бар экенин көрөбүз.

“Азаттык”: Кыргызстан азыр Бажы биримдигине кирүүгө камданып жатат. Бирок андан утабы же уттурабы – эч ким так айта албайт. Сиздин көз караш кандай?

Чунг Янг Ли: Бул силердин өлкө үчүн өтө талылуу маселе экенин, ошондуктан толтура карама-каршылыктар бар экенин билем. Бул биримдикке кирүүнүн артык жана кемчил жактары бар. Мындай учурларда пайда-зыяны кошо болоорун эске алуу керек. Мында 100% туура же натуура чечим болбойт. Кантсе да, Дүйнөлүк соода уюмуна же Евросоюзга кирген сыяктуу эле Бажы биримдигине кирүү – бул албетте, экономикалык интеграция болуп саналат. Эгер бул маселеде чечим кабыл ала тургандар арасында болсом, мен Бажы биримдигине кирүүгө добуш бермекмин. Бул менин жеке пикирим, бирок Кыргызстанга зыянына караганда пайдасы көп болот.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстан жаштарын билим жана адамдык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын иштеп жатыптырсыз, бул эмне программа, азыркы жаштар өлкөнү кантип экономикалык жактан өнүктүрүп кете алат? Кыргыз жаштары кайсы адистиктерге багыт алышы керек?

Чунг Янг Ли: Экономиканын өнүгүшүндө билим берүү маанилүү чөйрөлөрдөн. Мен жогоруда айткандай, Түштүк Кореянын өнүгүшүндө билимдин ролу чоң. Билим деңгээли жагынан Корея жылдык рейтингде Финляндиядан кийин экинчи орунда турат. Финляндияда калкынын саны болгону 5 миллион. Кореяда 50 миллион калк бар, киши канча көп болсо, элдин курсагын тойгузуу, экономиканы дайыма бир калыпта кармоо ошончо кыйын болот. Кореяда билим берүүнүн уникалдуу системасы иштейт, ал төрт “китке” ылайыкталган, бул – илим, технологиялар, инженердик өнөр жана математика.

Адамзат тарыхына көз чаптырсаңар, кайсы согушта болбосун технологиялары алдыга озгон мамлекеттер жеңип келген. АКШны алсак, Биринчи дүйнөлүк согушка чейин европалык согуштар менен кагылыштардын оолак туруп келген. Бирок Биринчи дүйнөлүк согуш маалында АКШ жаңы курал-жарак технологиясын иштеп баштап, ошонун эсебинен дүйнөлүк рынокко чыккан. Же болбосо азыркы Германияны карайлы – глобалдык экономикалык кризис маалында бүт Европа Германиянын этегин кармап турат.

Эгер колуңузда технологиялар бар болуп, аны сата алсаңыз, бул сиздин глобалдык рыноктогу атаандаштык жөндөмүңүздү аныктайт. Кореяда жогоруда айткан билимге өзгөчө көңүл буруу аркылуу технологиялар өнүгүп жатат. Бул Кореянын тарыхтан алган сабагы. Силердин жаштар да ушул багытта кетүүгө тийиш деп ойлойм.

Кореянын экономикалык өнүгүшүндө бөтөнчө деле жашыруун сыр жок. Глобалдык кризистин эпкининен мен азыр жараны болуп саналган АКШ да жапа чекти. Ал тушта Кореянын былтыркы тышкы соодадагы өсүшү 31 миллиард долларга чыкты. Өлкө бюджетинин негизги кирешеси технологияларды сатуудан түштү. Демек, табигый ресурсу жок Кыргызстан Түштүк Кореядан сабак алса жаңылбайт.

XS
SM
MD
LG