Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Кыргызстан экономикасы 2013-жылды өсүш менен аяктады. 2014-жылы өлкөдө кандай экономикалык саясат жүргүзүлөт жана кандай максаттар коюлду? Эл аралык валюта кору Кыргызстанды кандай тобокелчиликтер күтүп турганын эскертти.

Кыргыз өкмөтү финансы-экономикалык саясатын Эл аралык валюта кору менен макулдашып жүргүзөт. 2014-жылы кандай саясат жүргүзөрүн Эл аралык валюта коруна өкмөт 2013-жылы ноябрь айында эле маалымдап, бул мекеменин башчысы Кристин Лагард айымга кат жазган. Ал катта өлкөнүн финансы-экономикалык саясатын баяндоо менен кезектеги алтынчы жана жетинчи траншты бөлүүнү сураган. Алтынчы транш менен 14.5 млн. доллар келүүгө тийиш.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы өсүш 6.5% болорун ЭВКга маалымдаган. Андан сырткары Транзиттик борбордун чыгарылышы менен бюджеттин жоготуусу 200 млн. долларга барарын, анын ордун толтуруу үчүн гранттарга үмүт артканын, тамеки, алкоголго кошумча акциз салыгы киргизилгенин, Кара-Балтадагы мунайды иштетүүчү заводдун ишке кириши да салым кошорун билдирген.

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод

Өкмөт жакынкы жылдары Түркмөнстан - Өзбекстан -Тажикстан - Кыргызстан - Кытай газ түтүгүн тартуудан түшө турган пайданы да эсептеп отурат. Маалыматка караганда, бул долбоордун аткарылышынан 2017-жылы 35 млн. доллар, андан кийин 70 млн. долларга чейин киреше түшөөрү эсептелүүдө.



Эл аралык валюта кору өз кезегинде Кыргызстандагы кооптондурган жагдайлар катары Кумтөр боюнча чатактын чечиле электигин, Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгарылышын, Орусия жана Казакстанда экономикалык өсүштөр басаңдап, мигранттарга шарт оорлоп, анын натыйжасында акча которуулардын азайышын атаган. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну баштоо жана анын айынан мамлекеттин карызынын өсүшү да ЭВКнын баяндамасында чочулоочу жагдай катары белгиленген.

Ички проблемалар катары түз инвестициянын аздыгы аталган. Ага жол ачуу үчүн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана ишкерликке жагымдуу шарт түзүү сунушталган. Эл аралык валюта кору белгилеген дагы бир жагдай - Кыргызстанда жакырчылык өскөн.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Кыргызстандагы көз карандысыз экономисттер экономикалык өсүштөр жана тобокелчиликтер боюнча пикирлерди негиздүү деп эсептейт.

Экономика илимдеринин кандитаты Сапар Орозбаков:

- Менин оюмча, быйыл чоң деле өсүш болбойт. Өткөн жылы 10% өсүш болду деген менен ал Кумтөрдү эсептебегенде 6% эле болду. Бул эми мурда кандай болсо, ошондой эле. Анын ичинде аба ырайы жакшы болуп, айыл чарбасы көбүрөөк продукция берди. Анда дагы 1% эле кошулду. Быйыл деле андан ашык болбойт.

Сапар Орозбаковдун пикиринде, аткарылып жаткан жана аткарыла турган ири инфраструктуралык долбоорлор ички дүң продукциянын көлөмүнө олуттуу салым кошпойт. Алар көп жумуш орундарын да түзбөйт:

- Бул тармактар капиталды көп талап кылган тармактар. Бирок жумушчу орунду аз эле түзөт, ИДПга да аз эле салымы болот.

Сапар Орозбаковдун айтымында, Кыргызстандын өнүгүүсү Орусия менен Казакстандын өнүгүүсүнө байланыштуу. Ал эми бул эки өлкөнүн өнүгүүсү дүйнөлүк экономикага байланыштуу. Жалпы дүйнөдө экономикалык абал дурус эмес. Маселен, Орусияда быйыл өсүш 2% жетпей калды. Стратегиялык өнөктөш өлкөдөгү мына ушундай абал Кыргызстанга терс таасирин тийгизет. Анткени акча которуулар азаят. Ошого жараша анын экономикага мультипликативдик таасири кыскарат.

Көз карандысыз дагы бир экономист Азамат Акелеев ири долбоорлорду турмушка ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет деп эсептейт. Электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу жана жакшы жолдордун таасири тууралуу Акелеев буларды белгиледи:

- Электр энергиясына тартыштык жоюла турган болсо, ошол бир топ таасирин берет. Анткени бүгүнкү күндө көптөгөн жаңы мекемелер, имараттар электр энергиясына муктаж. Алардын электр энергиясына туташуусу кыйын болуп жатат. Бул экономиканын өсүшүнө чектөөлөрдү киргизип жатат. Транспорттук жолдор да натыйжасын берет. Канчалык көп каттамдар болсо, ошончо салымын кошот. Жол боюнда деле бир топ бизнестер ачылып жатпайбы.

Азамат Акелеевдин пикиринде, Кумтөр маселесин оң жагына чечүү, Ош шаарынын мэрин шайлоону тынч өткөрүү экономикага, жалпы эле туруктуулукка таасир эткен негизги факторлордон. Эгерде бул маселелер оң чечилсе, анда өкмөт жана Эл аралык валюта кору болжоп жаткан өсүштөрдүн камсыз болушунун келечеги болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG