Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:31

Улуттук статистикалык комитет 2013-жылдагы Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык былтыр ички дүң өнүм 110.5% өскөн.

Өкмөт муну болуп көрбөгөн өсүш катары баалоодо. Ал эми көз карандысыз экономисттер Кумтөрдү эске албаганда, абал кадимкидей эле экенин айтууда.

Болуп көрбөгөндөй өсүш болдубу?

Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы 105.8% өскөн. Ал эми Кумтөр менен 110.5% жеткен. Дал ушул санды эске алган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй өсүш болгонун жарыялады.

Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстан экономикасы мурда болуп келгендей эле 6% тегерегинде өскөнүн, ал эми Кумтөрдүн көрсөткүчтөрүнүн кескин өсүшүн 2012-жылы кендин жакшы иштебеши менен байланыштырды.

Экономиканын башка тармактарын карай турган болсок, курулуш тармагы 112.4%, соода-тейлөө тармагы да 7% ашуунга, айыл чарбасы 102.9% өскөн.
Кумтөрдү кошпогондо өнөр жайы 103.5% өскөн.

Бирок экономиканын бир топ маанилүү тармактарында төмөндөө орун алган. Маселен, Кумтөрсүз тоо-кен тармагы -4.6%, энергетика -1.7%, ылдыйлаган. Андан сырткары текстиль жана тигүү тармагы төмөндөгөн. Бул тармактагы экспорттун деңгээли дээрлик 30% ашуунга кыскарган. Өкмөттөгү адистер текстиль тармагындагы кыскарууларды Орусияда суроо-талаптын азайышы жана Бажы биримдигинде шарттын катаалдашы менен байланыштырууда.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы жогорку өсүш Кумтөргө байланыштуу болгонун моюндап, 2014-жылы бул өсүштү камсыздоо кыйын болорун айтты:

- Эгерде ушул базанын негизинде кала турган болсок 5% жакын өсүш болот. Андан ашышыбыз кыйын. Жакшыраак өсүш үчүн структуралык реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Инвестиция тартышыбыз керек. Мына ошондо акча көбөйөт, көрсөткүчтөр оңолот.

Сырткы факторго көз карандылык

Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков 2013-жылы Кумтөрсүз кадимки кездердегидей эле өсүш болгонун атап, Кыргызстан экономикасынын быйылкы жылдагы өсүшү сырткы факторго көз каранды экенин эске салды:

- Биздин өнүгүүбүз Орусия менен Казакстандын өнүгүүсүнө байланыштуу. Алардыкы болсо дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. Дүйнөлүк тенденцияда өндүрүштүн төмөндөөсү болуп, кризистен чыгалбай жатышпайбы. Натыйжада Кыргызстанга акча которуулар азаят. Анын мультипликативдик натыйжасы азаят. Ошентип быйыл чоң деле өсүш болбойт. 7% болоруна ишенбеймин. 5% тегерегинде болот.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын бюджетинде экономикада 6.5-7% өсүш болоорун болжогон.

Акча которуулар демекчи, 2013-жылдын 11 айында кыргызстандык эмгек мигранттар 2млрд. 60 млн. доллар которушкан. Бул банктар аркылуу гана өткөн сумма экенин Насирдин Шамшиев белгиледи. Бул акча которуулар Кыргызстандын экономикасын кыймылдаткан негизги күчтөрдүн бири экени маалым. Анын үстүнө тышкы соодадагы эбегейсиз тескери сальдо мына ушул акчалар менен теңделүүдө.

11 айда импорт 5 млрд. 424 млн. доллар болсо, экспорт 1.5 млрд. доллардан ашкан. Тескери сальдо үч эсеге жакындап барган.

Эмгек мигранттарына болсо Орусияда шарт катаалдап баратат. 1-январдан тарта күчүнө кирген орус мыйзамына ылайык, эмгек мигранты 90 күндүн ичинде жумуш таап, турган жерин мыйзамдыштыра албаса, анда Орусиядан чыгарылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG