Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Кыргызстандык ишкерлер Кытайга инвестиция салып, ал жакта ишкерлик кылууга кызыгып жатышат. Алардын арасында фабрика кургандар, кайра иштетүү жана тигүү өнөр жайында иштеген ишкерлер бар.

Кыргызстандык ишкер кытайларды иштетет

Кыргызстандык Амир Закиров 2007-жылдан бери Кытайда ишкерлик кылат. Учурда Закировдун Гуанчжоу, Шенжен шаарларында бир нече фабрикалары бар, ал ишканаларда жергиликтүү жумушчулар иштешет. Өзүнүн тажрыйбасына таянган ишкер учурда ар тараптан өнүгүп жаткан Кытайга кыргызстандык ишкерлер инвестиция салып, ал жакта иш ачса, толугу менен иштетип кете алат деген ишеничте:

- Кытай дүйнө жүзү боюнча экономикасы өнүккөн, туруктуу экономикалык аянтчасы бар өлкөгө айланды. Ал жакка сырттан кызыккандар көп. Бүгүнкү күнү кандай гана товар, жабдык жана башка нерселер болбосун, Кытайда жасалып жатат. Ушул тапта Кытай менен Америка бизнес кылып, акча таба турган, өнүгө турган өлкөлөр. Кыргызстанда канчалаган таланттуу, иш билги ишкерлер өзүнүн жолун таба албай жүрүшөт. Ошондуктан Кытай биз үчүн кыйла оптималдуу өлкө.

- Анткени дүйнөдө Кытайдан чоң базар жок. Биз үчүн Кытай биринчи орунда турат. Бир жарым миллиард эли бар Кытай менен биз иштешибиз керек.

Кыргызстандык ишканалардан Кытайга завод куруп, инвестиция салган алгачкы ишкана “Шоро” компаниясы болгон. Бирок аталган компания ал жакта ишин жогорулата албай, банкротко учураган. Ишкерлик чөйрөдө буга экономикалык жагдайларга караганда идеологиялык себептер көбүрөөк таасир бергени айтылып келет.

Кытайда сатып алуучу көп

Учурда Кытайга инвестиция салып, иштеп жаткан кыргызстандык компаниялардын бири “Аю” компаниясы. Аталган ишкана Кытайга азырынча сүт азыктарын, алкоголдук ичимдиктерин сатууда. Компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаев “Аю” келечекте Кытайга текстиль өнүмдөрүн да сатууну көздөп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Кытайга инвестиция салуунун келечеги кең:

- Анткени дүйнөдө Кытайдан чоң базар жок. Биз үчүн Кытай биринчи орунда турат. Бир жарым миллиард эли бар Кытай менен биз иштешибиз керек.

Деген менен Кытайда иш жүргүзүп жаткан кыргызстандык ишканалар өтө аз. Алар көбүнчө кайра иштетүү жана тигүү өнөр жайында иштеген ишкерлер. Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны илгерилетүү агенттигинин директору Алмаз Сазбаков кыргызстандык ишкерлердин Кытайга инвестиция салуусу боюнча буларга токтолду:

- Кыргызстандык ишкерлер Кытайга инвестиция салып, ишкана куруу деген реалдуу, бирок массалык түрдө болбошу мүмкүн. Чоң завод же фабрика курбаса да майда ишканаларды кура алышат. Ошол эле учурда ишкерлер Кытайга барып, ал жактагы ишкерлер менен таанышып, алардын ишин үйрөнүп, өнөктөштөрдү таап, аларды Кыргызстанга алып келсе, биз үчүн пайдалуу.

"Акча гана эмес, акыл-эсти инвестициялайбыз"

Кыргызстандык ишкерлер Кытайга инвестиция салуудан көрө, ал жактан акча алып келип, бул жакта ишкана ачып, иш орундарын түзгөнү өлкөнүн келечеги үчүн пайдалуураак деген пикирлер азырынча басымдуулук кылууда.

- Кытайда сөзсүз эле чоң завод-фабрика ачып эмес, чакан кеңсе ачып, өзүнүн көп тил билген мүмкүнчүлүгүн колдонсо болот. Ошол жерде эле башка чет элдик ишканалар менен иштеп, кытайларды иштетсе болот.

Ишкер Жылдызбек Базарбаев ЕАЭБ шартында Кыргызстан Кытайдын товарларын реэкспорттоо мүмкүнчүлүгү азайган кезде, ал товарларды Кыргызстанда жасап, сатууга аракет кылганы реалдуу деп эсептейт:

- Кытайдын товарларын Кыргызстан КМШ мамлекеттерине реэкспорттоп келген. Эми ошол эле товарларды чыгарган өндүрүштү Кытайдан бул жакка алып келип, Кыргызстандан чыгаруу боюнча бир канча багытта иш алып барууга болот. Кыргызстан чакан мамлекет, ошондуктан, чоң бир көлөмдө өндүрүш жасоого мүмкүнчүлүгү азыраак. Бирок биз чыгарылган өнүмдөрдүн сапатына басым жасоо менен алдыга чыксак болот. Кыргызстанда ишкерлер бири-бирин кайталап, биринин ишин экинчиси басып салып, бири-бирине тоскоол болгондон башкага жарабай калып атышат. Ошондуктан азыркы глобалдашуу мезгилинде ишкерлерибиз чет өлкөлөргө көбүрөөк чыгып, алар менен баарлашып, тажрыйба алмашуусу зарыл. Алардан ишкерлик кылуунун маданиятын үйрөнүүсү керек. Өнүгүүнүн бирден-бир жолу ушул жакта турат.

Жылдызбек Базарбаев ошол эле учурда Кытайга барып, ал жакта ишкерлик кылуунун түрлөрүн изилдеп, үйрөнүп, тажрыйба алмашып келүү кыргызстандык ишкерлер үчүн пайдалуу деген пикирде. Бул пикирди Кытайда ишкерлик кылган Амир Закиров да карманат. Анын айтуусунда, англисче, орусча, кытайча билген кыргызстандыктар ал жакта чоң бир завод же фабрика куруп эмес, өзүнүн иш билги мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусуна толук мүмкүнчүлүк бар:

- Сөзсүз эле чоң завод-фабрика ачып эмес, чакан кеңсе ачып, өзүнүн көп тил билген мүмкүнчүлүгүн колдонсо болот. Ошол жерде эле башка чет элдик ишканалар менен иштеп, кытайларды иштетсе болот. Анткени, кытайлар башка тилди оңой менен үйрөнө алышпайт. Ошондуктан, эл аралык бизнеске чыга албаган учурлары көп. Чет жактан келген компанияларга ортомчу болуп иштесе болот. Же болбосо, дагы бир жолу – Кыргызстанда чыгып жаткан бир товарды Кытайга алып барып, ал жактан чыгарып сатууга мүмкүнчүлүк бар. Азыр дүйнө жүзүндөгү белгилүү бир бренддеги товарлардын дээрлик бардыгы Кытайда жасалат. Ошол эле смартфондордон тартып, башка техникаларга чейин.

Ошол эле кезде Кытай Кыргызстандын экономикасын инвестициялоо жагынан көп жылдардан бери алдынкы орунда келе жатканы белгилүү. 2014-жылы Кыргызстанга инвестиция салган мамлекеттердин арасында Кытай биринчи орунда турган. Өткөн жылы бир аз басаңдоо болгон. Айрым серепчилер муну Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү менен байланыштырышууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG