Линктер

Британиялык ишкер менен кыргызстандык жарандын ортосунда талашка түшкөн Кызыл-Туу айылындагы малина плантациясы соттун чечими менен кыргызстандык жаранга өткөрүлүп берилди.

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Алдырарда жулдурар...

Чүйдөгү Кызыл-Туу айылынан төрт гектар жерди алты жыл мурда сатып алган британиялык ишкер Александра Карпентер аны түшүм берген, кирешелүү малина талаасына айландырууга беш жыл убактысы кеткенин айтат. “Азаттык” бул ишкер айымдын маселесин өткөн жылы да иликтеп, талашка түшкөн малина плантациясынын чырын өкмөт өзү көзөмөлүнө алган болчу. 600 миң доллар акча сарптаган менчигин сактап калуу аракетинде Александра Карпентер сотко кайрылып, бирок азырынча сот пайданы экинчи тарапка, тагыраак айтканда, малина плантациясы жайгашкан төрт гектар жердин кагаз жүзүндөгү мыйзамдуу ээсине чечип берген. Карпентердин арызы учурда Жогорку Соттун кароосунда.

“Кагаз жүзүндөгү мыйзамдуу ээси” демекчи, алты жыл илгери бул жерди сатып алган кезде британиялык ишкер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет элдик жаран катары жерди узак мөөнөткө ижарага ала албайт болчу. Ошондуктан, ал жерди кыргызстандык Маргарита Новикова аттуу айымга каттатып, бирок жер ээсинин ишенимдүү адамы экенин далилдеген документ алган эмес. Новикова ошондон пайдаланып, жерди талашып келет.

Александра Карпентер

Александра Карпентер

Британиялык ишкер айым учурда плантацияга сарптаган акчасын кайтарып алуу үчүн улам бир эшикти каккылап жүргөн кези. Ал Жаш ишкерлер бирлигине да кайрылган. Аталган биримдиктин аткаруучу директору Руслан Акматбек бүгүнкү күнү Кыргызстанда чет элдикпи же жергиликтүү ишкерлердин болобу, укуктук келишимдердин иштебегени инвестчилерди аксатып жатат деп белгилейт:

- Бирөө менен келишимге барып, кол коюлган соң, ал келишимдин мыйзамдык күчү болушу керек. Ошол келишимдин укуктук таасири болбогондуктан, ишкерлер сот аркылуу өз укугун коргой албай жатышат. Бул абдан чоң тобокелчилик. Анткени бизнесте ар кандай учурлар болот. Бизге инвестчилер келбеши же келсе да тез эле кетип калуусуна да мына ушундай мыйзамдагы кенемтелер себеп болуп жатат.

Бышкан аштын ээси көп...

Экономикалык серепчилер Карпентердин окуясы Кыргызстанга акча салган инвестчилердин капиталына кепилдик жоктугун көрсөтүп турат деп белгилешет. Алардын айтуусунда, Кыргызстанга инвестиция салып, ишкерлик кылууну көздөгөн чет элдик ишкерлердин арасында же ишкерликтен жок, же ага салган акчадан жок калгандары арбын. Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков:

- Чакан жана орто бизнесте ишкерлерге иш алып баруу оңоюраак. Ага күчтүү мамлекеттик кызматкерлердин же башка бийлиги күчтүү адамдардын кызыкчылыгы азыраак. Аларды мыйзамсыз түрдө тартып алып коюу тобокелчилиги азыраак. Ал эми ири бизнесте көптөгөн тараптардын кызыкчылыктары болот. Ошондуктан, ири бизнес жүргүзгөн ишкерлерге, мында өзгөчө чет өлкөлүк инвесторлорго оор. Ал ишин жүргүзүү үчүн акчасын сарптап, бизнести түптөп, эми үзүрүн көрө баштаганда, бизнесине көз арта башташат. Көбүнчө сырттан келген инвестчилер сарптаган капиталына да көз жумуп, чемоданын жыйнаштырып кетүүгө аргасыз болушат. Ошону менен андай абройлуу, акчалуу компаниялар кайрадан Кыргызстанга келбейт.

Бир нече жыл мурун австралиялык “Сантос интернешнл” компаниясы Кыргызстандын түштүгүнөн мунай иликтөө иштери үчүн акча сарптап, иш жүргүзө баштаган. Бирок көп өтпөй, кандайдыр бир себептер менен алардын лицензиясы кайра чакыртылып алынган. Аталган компания мунай чалгындоо үчүн сарптаган 70 млн доллар каражатына көз жумуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Түштүк Кореядан келген ишкерлер президент Акаевдин кепилдиги менен Бишкектеги эркин экономикалык аймактын жер тилкесин сатып алып, ал жерге “Фламинго” эс алуу багын түптөгөн. Бирок парк толук иштей элек мезгилде эле алардан жер тилкелери кайра алынган. Бул ишкерлер бүгүнкү күнгө чейин Бишкек эркин экономикалык аймагы менен соттошуп келе жатат. Өткөн жылы Кыргызстандагы курулуш тармагына акча салган түштүк кореялык инвестчилер аларды Кыргызстандагы өнөктөшү алдап кеткенин айтып чыгышкан.

Кыргызстанга акча салган инвестчилердин укугу корголбогон учурлар көп кездешет.

Кыргызстанга акча салган инвестчилердин укугу корголбогон учурлар көп кездешет.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыковдун айтуусунда, инвесторлорго жасалган мамиле, алар сарптаган капиталга кепилдик маселеси Кыргызстанга сырттан акчалуу компаниялардын келүүсүн токтотот:

- Чет өлкөдөгү абройлуу компаниялар Кыргызстанга сырттан көз салып, өлкөдөгү инвестициялык климатка байкоо жүргүзөт. Азыркыдай мамиле кайталана берсе, улам кайра текшерүүлөр күчөп, келишимдер кайра-кайра алмаша берсе, чет элдик ишкерлердин кызыкчылыгы корголбосо, анда алар келбейт Кыргызстанга.

Өкмөт: Инвестор босогодон аттай электе колдоого алынат

Статистикалык маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын алгачкы кварталында Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын көлөмү 149 млн долларды түздү. Мунун дээрлик тең жарымы – 74 млн доллар ишканалардын чет өлкөлүк ээлеринен алынган насыя.

Кыргызстанда чет элдик жана жергиликтүү инвестчилер курулуш тармагына көп акча салат.

Кыргызстанда чет элдик жана жергиликтүү инвестчилер курулуш тармагына көп акча салат.

Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтү көбөйтүп, сырттан инвесторлорду арбытуу максатында Экономика министрлигинин алдында атайын Инвестиция тартуу боюнча агенттик ачылган. Аталган агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти Каныбек Касымали уулу чет өлкөлүк инвестчилердин кызыкчылыгы 1-орунда турарын белгилеп, аларды коргоо үчүн инвестчинин агенттикке кайрылуусу зарылдыгын билдирди:

- Бизге келген инвестчилерди Кыргызстанга келип, аэропортко конгондон тартып же ага чейин виза алуу жараянында да колдоо көрсөтөбүз. Алардын Кыргызстандын ичиндеги укуктарын башка мамлекеттик органдар менен кошо коргоп келебиз. Мындан тышкары кайсы бир ишкерликти баштоого уруксат кагаздарын да кыска мөөнөттө алуусун шарттап, чечип берүүгө аракет кылып келе жатабыз. Эгер кайсы бир инвестор кандайдыр бир маселеси болуп бизге кайрылса, анын көйгөйүн да мыйзам чегинде чечип беребиз.

Учурда Кыргызстанда инвестиция жоктугунан жылбай турган долбоорлор ондоп саналат. Алардын катарына Кара-Кече жылуулук борборун, бир катар кен казуу долбоорлорун кошууга болот. Ошондой эле 2010-жылы улутташтырылган "Мегаком" ишканасын сатып алууга кызыккан компания болбоду. Ошол эле учурда өткөн жылы Катардан келген инвесторлорго кыргыз өкмөтү эч кандай долбоор сунуштай албаганы, инвестицияны талап кылган даяр долбоорлор жоктугу айтылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG