Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин ортосунда чайналып турган өлкө экономикасы быйылкы жылдын үч айында кандай көрсөткүчтөргө жетишти?

Улуттук статистика эмне дейт?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын үч айында өлкөнүн ички дүң өнүмү 0,4% өсүп, жалпы көлөмү 46 млрд. 600 млн. сомду түзгөн. Өнөр жай тармагында өсүш 0,3% түзгөн. Бул тармакта энергетика жакшы өсүш берген. Бул Токтогул суу сактагычында суунун жетиштүү көлөмдө болушу менен байланыштуу. Тилекке каршы кайра иштетүү тармагы 6%га, курулуш тармагы 11,8% төмөндөп кеткен.

Тышкы соода үч айдын ичинде 822 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын
ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2% өскөн. Бирок Кыргызстандын тышкы соодасында тескери сальдо сакталып кала берүүдө. Алсак, 822 млн. доллар тышкы сооданын 353 млн. доллары экспорт, 469 млн. доллары импорт. Натыйжада тескери сальдо 116 млн. доллар ашуун болгон.

Инфляция үч айдын ичинде 6.4% жеткен. Өкмөт жыл аягына чейин инфляциянын көлөмү 10% ашпайт деген пикирде турат. Ал эми Азия өнүктүрүү банкы ал 13% га жетет деген ишенимде.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү аткарылбай калды

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын үч айында бюджеттин чыгаша бөлүгү 94,7% гана аткарылган. Бул деген кайсы бир тармак толук каржыланбайт дегенди билдирет.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасы өсүү жолуна түшө албай жатканынан кабар берет. Экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыров бул абалдын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул деген эми баягы эле адамдардын иштеп жатышына байланыштуу. Өзгөрүүлөр деле болгон жок. Андан кийин эң негизгиси жаңы ыкмаларды колдонбой жатышат. Жаңы программалар, жаңы стратегиялар түзүлбөй жатат. Биз мурдагы бойдон эле кетип атабыз. Ачыгын айтканда, “Кудай буйурса болот” деген нерсе менен келатабыз. Анан “Кудай буйурса” болбой калып жатпайбы көп эле жерлерде.

Төлөнбек Абдыров Кыргызстан Грузиядагыдай системалык реформаларга муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн “Экономика жана коопсуздук” деген программасы бар. Анда быйылкы жылдын ичинде аткарыла турган иш чаралардын графиги белгиленген. Эксперт Аскар Бешимовдун пикиринде, аны экономикалык программа деп айтууга болбойт. Бирок Бажы биримдигине кирүү өкмөттүн программасына айланып калды:

- Азыр баары саясат менен алек болуп, экономика, салык, бажы, соода саясаты курулай гана сөз менен чектелүүдө. Бирок акыркы мезгилде программа белгиленип калды. Анткени Бажы биримдигине киребиз деп жатабыз. Мына ошол прогамма болуп калбадыбы.

Өкмөт азыркы мезгилде бюджеттин тартыштыгын кандайча жабуу менен көбүрөөк убара чегүүдө. Бул үчүн чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан насыя алууга бардык аракеттер жасалууда. Чет өлкөлөрдөн Батыш Европа гана президент Роза Отунбаеванын сапары учурунда 30 млн. евро жардам убада кылган. Ал эми Орусия өзү бере турган 30 млн. доллар насыяны кечеңдетүүдө. Ошондой эле Евразия экономикалык шериктештигинен алына турган 106 млн. доллар насыянын берилиш, берилбеши да жай айларынын башында чечиле турган болууда.

Мына ушундай кысталыш шартта турган Кыргызстан экономикасы өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсү менен кандай абалда калаарын айтуу кыйын. Анткени Бажы биримдигине кирүү менен тыштан келген товарлардын көлөмү азайышы күтүлүүдө. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30% ашуунун берип жаткан бажы тармагынын киреше азайса, “кандай абалда калаарыбыз белгисиз”,- дейт Аскар Бешимов.

Андан сырткары эксперт Дүйнөлүк соода уюмунун талаптары бузулса, Кыргызстан 1,5 млрд. доллар төлөп берүүгө аргасыз болорун, бул дагы татаал маселе экенин кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG