Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Кыргызстандын Балыкчы шаарында аскер техникаларын оңдоо боюнча “Кыргыз курал” деп аталган завод ишке кирет.

Май айында ишке кирише турган кыргыз-казак биргелешкен ишканасынын чоо-жайы тууралуу “Кыргыз куралдын” жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев айтып берди.

“Азаттык”: Оболу “Кыргыз курал” деп аталган ишкана тууралуу айтып бересизби?

Жыргалбек Сагынбаев: “Кыргыз курал” мамлекеттик ишканасы 2009-жылы ачылган. Ошол убакта мен башкы деректир болуп кызматка отургам. Биз бир жарым жылдын ичинде бутка туруп, кагаздардын баарын жыйнаганча убакыт өтүп кетти. Андан сырткары өлкөдө өкмөт, бийлик алмашты.

15-апрелде кыргыз-казак биргелешкен ишкананы каттоодон өткөрдүк. “Кыргызтехноэкспорт” деп атадык. Себеби эл аралык биргелешкен ишкана болуп жатат. Биз буга чейин көптөгөн мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анын ичинен Түркия, Орусия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Казактар биринчи макул болушту.

Биргелешкен ишкана түзгөнүбүздүн себеби өзүңөр билгендей бизде бюджет тартыш. Каражат жетишпейт. Коргоо министрлигинин өзүнүн да бюджети тар. Ошондуктан жолдорду издеп, жаңы ойго келип кандай багыт менен жүрөбүз деп ушуну тандадык. Биргелешкен ишкана аркылуу инвестиция тартып келип, эски, мөөнөтү бүткөн техникаларды оңдоп, кайра Коргоо министрлигине өткөрүп берели деген ой менен ачылып жатат.

“Азаттык”: Бул ишкана Балыкчыда ачылат экен. Аскердик техникалардын дээрлик көпчүлүгү ошол жакта деп атышат. Мына ушул себептен улам Балыкчыда ачып жатасыздарбы, же дагы башка себептер барбы?

Жыргалбек Сагынбаев: Аскердик техникалар республиканын баардык эле аймактарында бар. Бирок Балыкчыны тандан алганыбыздын себеби башка. Мамлекеттик деңгээлде чакан шаарларды өнүктүрүү деген долбоор бар. Балыкчы илгери өнөр жай шаары болчу. Азыркы учурда заводдор көп, бирок бирөө да туруктуу иштей албай жатат. Ал жакта жумушсуздардын саны көп. Ушундай биргелешкен ишкана ачылып, 300 жумушчу орун түзүлүп жатса жергиликтүү бийликке да жакшы. Анткени салыктар төлөнүп турат. Андан сырткары айлык төлөнүп турат. Камсыздоо төлөмдөрү болот. Айлык тууралуу казак өнөктөштөр менен сүйлөшүп 10 миңден кем эмес, 10-15 миң алып турсун дегенбиз. Себеби Балыкчыда 2 миң сом болсо да чоң айлык деп эсептелет.

“Азаттык”: 300 адам үчүн жумушчу орун түзүлөт деп айттыңыз. Бул адамдардын сөзсүз аскердик билими болуш керекпи, кандай адамдарды ишке аласыздар?

Жыргалбек Сагынбаев: Муну биргелешкен техникалык ишкана дейт. Буга жалаң техниктер, инженерлер жана айдоочулар, орто окуу жайларды бүткөндөр келип иштешет. Азыркы күндө жумушчуларды топтоп жатабыз. Алардын 70 пайызы жогорку билимдүүлөр. Биз аларга үйрөтөбүз.

Бул биздин бир нече долбоорлорубуздун бирөөсү гана. Кудай буюрса, заманыбыз тынч болуп, аманчылык болуп турса мындай ишканалардан дагы түзөбүз деп ойлойм.

“Азаттык”: Орусия, Кытай жана Түркия менен да биргелешкен ишкана ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жаткан экен. Булар да техникалык багыттагы ишканалар болобу?

Жыргалбек Сагынбаев: “Кыргыз курал” десе жалаң эле курал-жарак менен алектенбейт. Биз экономикалык дагы башка тармактарда да көп-көп долбоорлорду өткөрө алабыз. Себеби тажрыйба бар. Мен мурда “Кыргыз ресурс” ишканысынын жетекчиси элем. Ал жактан да бир топ экономикалык долбоорлорду жасаганбыз. Тракторлорду чогултуу боюнча завод ачканбыз. Биз мындай долбоорлорду дагы деле аткара беребиз. Жалаң эле куралга кирип кетпейбиз. Биздин армиябыз деле чакан. Башка дагы экономикалык долбоорлого катышканга аракет кылабыз. Анткени Кыргызстанда бүгүнкү күндө чоң-чоң ишканалар ачылышы керек.

“Азаттык”: Эскилиги жеткен аскердик техниканы кайра оңдоп-түзөйбүз дедиңиз, Кыргызстан ушундай аскердик техникалар менен өзүн-өзү коргой алабы?

Жыргалбек Сагынбаев: Биз эски техникаларды жөн эле мурдагыдай сыртын кооздоп, ичинин шалдыратып-калдыратып койбойбуз. Биз бузулган жерлеринин баарын алмаштырабыз. Терең ремонттойбуз. Керектүү тетиктерди биз чет өлкөдөн алып келип жатабыз. Оңдоп болгон соң Коргоо министрлигине өткөрүп беребиз. Өткөрүп берердин алдында текшеребиз.

“Азаттык”: Бул Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы ишкана экен. Казактар тараптан да ушундай мамлекеттик деңгээлде катышуу болуп жатабы? Бул ишкананын көзөмөлдөөчү пакети Кыргызстандабы же Казакстандабы, кимде болот? Бул долбоордон казактар эмне утат?

Жыргалбек Сагынбаев: Бул долбоорго казактардын мамлекеттик ишканалары катышкан жок. Жеке ишканалар катышууда. Казакстанда “Техноэкспорт” деген чоң корпорация бар. Ошол катышып жатат. Ишканын акциясынын 51 пайызы казактарда, 49 пайызы бизде, “Кыргыз куралда”. Себеби биз бул жактан шарт түзүп берип жатабыз. Биз алар менен сүйлөшүү жүрүп жатканда эле салык төлөмдөрүн эсептеп чыктык. Айлык маянаны, коммуналдык кызмат көрсөтүүнү, электр энергиясына кеткен чыгымды эсептеп чыктык. Аларга мунун баарын далилдеп берип, аларды көндүрүп анан алар бул жакка келип жатышат. Себеби Казакстанда ошондой жумуш кылса эки-үч эсе көп болот, кымбатыраак болот. Анткени ал жакта айлык да жогору, салык да жогору. Бизде болсо арзаныраак болуп жатат.

Казак туугандардын мындай шартка барып жатканынын дагы бир себеби, мындай завод бизге жакын жерде жок. Ошондуктан Казакстандын Коргоо министрлиги бизге жакын аймактарындагы техникаларын бизден оңдотсо болот. Казакстанда мындай ишкана ачуу оорураак экен. Биз жакшы шарттарды түзүп берип жатабыз, ошондуктан бизге келип атышат.

“Азаттык”: Кыргызстандын аскердик техникасынын жалпы абалы кандай экен? Сиздерге жасай турган иш көп бекен?

Жыргалбек Сагынбаев: Мерседести алсаңыз деле, ал деле 25 жылдан кийин эскирет. Ошондуктан бардык эле техника эскирет. Биздин аскердик техникаларды өтө жакшы, же өтө жаман деп айта албайм, абалы орто, канааттандырарлык. Бирок оңдоп, майлап-сүттөп жаңы тетиктерин алмаштырып койсок кыргыз армиясына дагы бир топ жыл кызмат кылып берет.

Мындай долбоорлор көп болушу керек. Жеке эле “Кыргыз курал” эмес, Кыргызстанда канча мамлекеттик, жеке ишканалар бар, ошолордун баары ушундай шарттарды түзгөнгө аракет кылышы керек. Кыргызстандын экономикасын көтөргөнгө аракет кылышыбыз керек. Бирок мунун баары Кыргызстанда стабилдүүлүк болгондо гана ишке ашат. Кичинекей эле митинг болуп калса бардык эле инвесторлор дароо чочулай баштайт. Кокуй бул жакка барсамбы, же барбасамбы деп эсептеп баштайт. Элибиз тынч болуп жакшы-жакшы шарттарды түзүп берсе, мындай ишканалар көбөйсө экономикабыз да өсөт.

“Азаттык”: Бул ишкана пайдубалынан бери жаңы курулуп жатабы? Кыргыз тараптан да каражат салындыбы?

Жыргалбек Сагынбаев: Биз каражат кошпойбуз, биз шарт гана түзүп беребиз. Керектүү шарттардын баарын түзүп берип жатабыз. Акча каражаттын баарын казактар чыгарып жатат. Биз башка мамлекеттер менен деле, түрктөр болобу, орустар болобу сүйлөшкөндө бизде акча жок, салыгыбыз мынча, бийликтин саясаты мындай, колдойт деп айтып көндүрүп жатабыз.

Коңшуларга салыштырмалуу эң төмөн салык төлөмү бизде. Ошондуктан өзүбүздүн мамилебиз менен аларды кызыктырышыбыз керек, көндүрүшүбүз керек.

“Азаттык”: Бул ишкананы түзүп жатканда кандайдыр бир тобоокелчиликтер болуп кетиши ыктымал деген жагдайларды талдадыңыздарбы? Биргелешкен ишканаларда талаштуу жагдайлар түзүлүп калышы мүмкүнбү?

Жыргалбек Сагынбаев: Биз бул ишкананы эмне үчүн Балыкчыга куруп жатканыбыздын ачыгын, чынын айтсам бул шаар саясаттан алысыраак. Ушундан улам биздин долбоор ийгиликтүү эле болот го деп ойлойм. Негизи атаандаштык чоң. Кытайлар деле ошол жумушту кылат, Орусия деле. Бирок бүгүнкү күндо инвестор менен иштеш керек, аларды көндүрүш керек. Аларга кандай шарт түзүп берсең ошондой иштеп берет.

Биз аларды баардык жактан коргоп шарт түзүп бердик. Биз аларга силерге түшкөн ар бир тыйын эсепте, баягындай “шапке” деген жок, түздөн-түз иштеп жатабыз. Өзүңөр 51 пайызын алып өзүңөр көзөмөлдөгүлө, биз болсо жумушчулар жагынан, техникалык жардамдарды берип туралык дедик. Казактар макул болуп жатышат. Кудай буюрса, апрелде, май ичи катуу иштеп ушул заводду тургузабыз деп жатабыз. Себеби Коргоо министри өзү да колдоп жатат. Тапшырмалар берилген. Буйруктарга кол коюлган. Бүгүнкү күндө иштегенге шарт түзүлгөн.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG