Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Дүйнөлүк базарда азык-түлүк баасынын болуп көрбөгөндөй кымбатташынан улам айыл чарбасына карата жаңы мамиленин зарылдыгы тууралуу айтылууда. Кыргыз айыл чарбасынын башкы көйгөйү жана андан чыгуунун жолдору тууралуу “Азаттык” менен илимпоз Ырысбек Абдурасулов ой бөлүштү.

“Азаттык”: БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун эсебинде өткөн айдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдө тамак-аштын баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттаптыр. Кымбаттоо жараяны өзү акыркы жети айдан бери уланып жатат. Мындан улам азыр айыл чарбасына карата жаңы мамиленин зарылдыгы, тармакка инвестицияны көбөйтүү, структуралык өзгөрүүлөрдү жасоо жөнүндө эл аралык деңгээлде айтылып жатат.

Сиз артта калган реформалардан кийин деле өйдөлөй албай жаткан Кыргызстандын айыл чарбасындагы башкы көйгөй эмне деп ойлойсуз? Акча каражатынын жетишсиздигиби же башка маселеби?

Ырысбек Абдурасулов: Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшү менен алектенген фермерлердин саны 318 миңден ашуун деп айтылып жүрөт. Мен өлкөдө 1 миллион 280 миң гектар деп эсептелген айдоо аянтынын Улуттук фондго караштуу 25 пайыздан калганын фермердик чарбалардын санына бөлүп көрдүм. Ошондо бир фермердик чарбага орто эсеп менен 2,7 гектар туура келет экен. Ал жерде кандай өндүрүш болот? Ал натуралдык өндүрүш болуп атпайбы.

Эгерде айыл чарбасында товардык өндүрүшкө өтөлү десек, айдоо жерлерин алып-сатылышын шарттаган механизмди, башкача айтканда айдоо жерлери боюнча да экинчи рынокту киргизүүбүз керек. Бир дыйканга же дыйкан чарбасына кеминде 30-40 гектардан жер туура келгенде, ошондо айыл чарбасында товардык өндүрүш болот. Бизде жерди сатууга жол ачкан мыйзам бар, бирок ошонун механизмдери жок.

Алдыда биздин мамлекет, өкмөт ушул нерсени саясат кылып жүргүзүш керек. Мисалы бүгүнкү күндөгү абалында биз айыл чарбасына канчалык каражат, материалдык ресурстарды бербейли ал майдаланып, бөлүнүп, чачылып, эч качан оң жыйынтык бербейт. Ал өнүкпөйт. Биздики натуралдык деңгээлде калып атат.

“Азаттык”: Бириктирүүнү азыркы шартта зордоп жүргүзө албайсың да, дыйкандар буга өз эрки менен барган механизмди кантип жаратуу керек?
Колдо бар жерди туура, жакшы пайдалансак, айыл чарба өндүрүшүн айдоо аянтын кеңейтпей эле өстүрсө болот.


Ырысбек Абдурасулов: Бизде жогору жактан Германиядан үйрөндүк, кооперативге бириктиргиле, кооператив деген жакшы экен, жер көбөйөт экен, иштеткенге жакшы болот экен буйруктар болду. Кооперативдер түзүлүп, кайра тарап кетип жатбайбы. Себеби ал кооперативдердин жашоого жөндөмү жок. Бул мажбурланган кооперативдер. Алар түзүлө электе эле таркап кетип атат.

Эң негизгиси бизде жерди аны эффективдүү иштете тургандар сатып алыш керек. Жердин экинчи рыногу ишке кирмейинче өнүгүү болбойт. Башкача айтканда айыл чарбасында институционалдык реформа жүрүшү керек. Фермерлердин ассоциациялары түзүлүп, фермерлер жерлерди сатып алып, биригип, айыл чарбасында ири товар өндүрүүчүлөр жаралуусу абзел.

Жер туура мамилени талап кылат

“Азаттык”: Сиздин эсебиңизде Кыргызстандын карамагындагы айдоо жерди канча фермер иштетсе, өзүңүз айтып жаткан натуралдык өндүрүштөн товардык өндүрүшкө өткөн болобуз?

Ырысбек Абдурасулов: Чынында реалдуу турмушта 1 миллион 280 миң гектар жердин бүгүнкү күндө 400 миңден ашык гектары ишке жарабай калган, шор болуп кеткен, камыш басып кеткен, эрозия болгон, айдалбай калган. Бирок статистика боюнча муну 100 миңдин тегереги деп көрсөтүп жүрүшөт.

Мен эсептедим, бизде эң көп дегенде айыл чарбасында 50 миң фермер иштесе жетишет. Жалпы калктын 1 пайызы болушу керек да. Ошондо азыр колдо бар жер ар бир фермерге 30 гектардан да тийбей калат. 100-200-300 гектар жери бар чоң фермалар болот да. Ошондо бизде товардык өндүрүш болот, ошондо биздин айыл чарбасы, эл өнүгөт. Элдин баары жерди чукулап отурбайт. Кыргыздын баары эле жер чукулап отурбаш керек.
Бизде жерди сатууга жол ачкан мыйзам бар, бирок ошонун механизмдери жок.


“Азаттык”: Анда калган дыйкандар эмне кылат, кайра ири фермерлерге жалданып иштейби?

Ырысбек Абдурасулов: Бул чоң социалдык маселе. Калган фермерлердин бир бөлүгү ошол товар өндүрүүчүлөрдө иштейт. Калгандары окуп, башка кесип алып, башка тармактарда иштеши керек.

“Азаттык”: Айыл чарбасында сиз айтып жаткан натуралдык өндүрүштөн товардык өндүрүшкө көчүрүү саясаты бүгүн башталды деп койолу. Бул канча убакытты талап кылат деп ойлойсуз, 10 жыл жетеби?

Ырысбек Абдурасулов: Он жыл туура, ошончо убакыт керек. Бизде фермелердин жерин сатып алуучу товар өндүрүүчүлөрдүн жаралышы бат эле болот. Бирок калктын калган бөлүгүн окутуп, иш менен камсыз кылыш керек. Мына ушундай чоң көйгөй бар. Бул - социалдык маселе. Мен ойлойм, эгерде биз бүгүнкү күндөгүдөй инерттик абалда тура берсек, "өгүз өлбө, араба сынба" деп жашай беребиз.

Биз алдыга жылган кандайдыр бир прогрессивдик кадамдарды жасашыбыз керек. Биздин эл коркуп атат, психологиялык коркунуч болуп жатат, "айыл жеринде 3 гектар жеримди сатып жиберсем менин оокатым эмне болот" дейт. Андан коркпош керек.. Биз бүгүнкү күндө колдо бар жерди туура, жакшы пайдалансак, айыл чарба өндүрүшүн айдоо аянтын кеңейтпей эле өстүрсө болот.

Мисалы бүгүнкү күндө бизде эгиндин түшүмдүүлүгү бир гектарына 19,4 центнер, аны биздикилер 24-25 деп берип жүрөт. Эгерде гектарына 30 центнерге жеткенде эле эки эсеге жакын көбөйүп атпайбы. Калган өсүмдүктөр боюнча деле абал ушундай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG