Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте өлкө ичинде доллардын жүгүртүлүшүн чектөө боюнча экономикалык жана социалдык чаралар системасын иштеп чыкканы жатат. Доллар өсүп, сом кунун жоготуп жаткан шартта кандай чаралар көрүлүшү керек? “Азаттыктын” суроолоруна экономист Мейманбек Абдылдаев жооп берди.

“Азаттык”: Доллардын жүгүртүлүшүн чектөө канчалык реалдуу деп ойлойсуз? Өкмөттүн бул аракети эмнеге алып келет?

Мейманбек Абдылдаев: Кандай кылып чектей турганын мен түшүнбөй жатам. Кошуна өлкөлөрдө муну жасай албай коюшпадыбы. Казакстанда 26 миллиард долларды чектеп коюп, бул деле жардам берген жок. Өзбекстанда көмүскө базар күчөп кетти. Алар да долларды чектешкен.

Долларга болгон талап өзгөргөн жок да, ошол бойдон кала берүүдө. Ким аны чектеп, көзөмөлдөй алат? Бардык жагын текшерип, көзөмөлгө алуу үчүн буга мыйзамдык негиз да жок. Чектен чыккандарды кантип жазалайт? Куугунтуктайбы? Анда экономика да чектелет, жеке ишкерлерге иштегенге мүмкүнчүлүк болбой калат.

“Азаттык”: Акча алмаштыруу жайларын жабабыз деген да демилге чыгып жатат. Бул акчаны көмүскө жүгүртүүгө алып келет да, туурабы?

Мейманбек Абдылдаев: Албетте. Улуттук банк менен өкмөт айла кеткендеги сөздөрдү айтып жатат окшойт. Башка эч бир чаралары жок. Компетенциялары начар, мүмкүнчүлүгү, күчү жетпейт. Айласы куруганда айтып жатат окшойт. Эл талап кылган үчүн айтып коюшту. Бирок ары жагында эч нерсе жок.

Тарыхты, башка элдин тажрыйбасын карап айтуу керек да. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолдору бар. Өкмөттүн азыркы аракети ага аброй алып келбейт, нааразычылыктар пайда болот. Бирок реалдуулукту моюнга алып, элге “мына ушундай болуп жатат, биздин колубуздан келбей калды, күчүбүз жетпей турат. Ресурстарыбыз жок, бирок мындай же тигиндей кылсак, эки-үч жылдан кийин кризистен чыгабыз” деп айтуу керек.

Булардын убактысы да жок. Мисалы, бир жылдан кийин шайлоо башталат. Ага чейин мүмкүнчүлүгү жок экенин жашыруу үчүн бирөөгө шылтап, оодара коюу аракеттери жасалууда. Акча алмаштыруу жайларга, банктарга шылтап, күнөөлүүлөрдү табуу менен алек болушууда.

“Азаттык”: Долларга чектөө киргизип, алып-сатууну сом менен жүргүзүү талабы коюлса, машине же үй алам деген карапайым адамдар өз ара сүйлөшүп алып, нотариус менен макулдашып алат да. Муну өкмөт кантип көзөмөлдөй алат?

Мейманбек Абдылдаев: Көзөмөлдөй турган мүмкүнчүлүгү такыр жок. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүү керек. Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын тажрыйбасын кароо керек. Алардын да эч нерсеге күчү жеткен жок. Бул өлкөлөрдө улуттук фонд, стратегиялык фонддор бар болчу, акчасы көп болчу. Бизде андай мүмкүнчүлүк да жок. Улуттук банк интервенция жасап жатпайбы. Бирок бардык резервди интервенцияга корото албайт.

“Азаттык”: Долларды турукташтыруунун кандай жолдорун көрүп турасыз?

Мейманбек Абдылдаев: Чоң инфляция болот. Бирок Орусия жазга чейин 500 миллион доллар беребиз деп убада кылган. Андан кийин да 500 миллион доллар бериши керек. 1 млрд. 200 миллион долларды, ички резервдерди колдонуп, импортту алмаштыруучу, экспортко багытталган товарларды чыгарып, өндүрүштү колго алуу керек. Доллардын туруктуу болбогонунан улам өндүрүш өтө төмөндөп, келечеги жоголуп, импорттун көбөйгөнүнөн улам бул инфляцияга алып келүүдө. Бизде долларга болгон талап абдан жогору. Импортко, өнөр жайга, азык-түлүккө доллар көп кетирип жатабыз.

“Азаттык”: Импортубуз экспортко салыштырмалуу үч эсе көп болуп жатпайбы.

Мейманбек Абдылдаев: Ооба, бирок резервдерди колдонуп, импортту алмаштырууга, реалдуу долбоорлорго акча берип, өндүрүштү колго алуу керек. Бизде резерв, акча бар. Пенсиялык фонддо реформа жасаш керек. Бир жарым миллиард долларды элеттеги айыл чарба, кайра иштетүүгө, экспортко багытталган товарларды өндүрүүгө жумшоо зарыл. Ушуну быйыл жасаса, кийинки жылга резерв жакшы болот. Болбосо өтө көп көйгөй пайда болот.

“Азаттык”: Окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз, колунда акчасы болсо, аны эмне кылыш керек?

Мейманбек Абдылдаев: Эки гана варианты бар. Алтындын куймасын сатып алса болот. Экинчиси – доллар жана евро сатып алыш керек. Эгерде ишкерчиликке мүмкүнчүлүк болсо, акчаны ошого жумшаган оң. Кайра иштетүүгө, экспортко багытталган товар өндүрүш керек.

“Азаттык”: Кыймылсыз мүлк сатып алууга кандай карайсыз?

Мейманбек Абдылдаев: Ал да болот. Мүлктүн баасы да өсүп жатат. Бирок өз убагында сатып, өз убагында пайда ала турган жалгыз гана доллар болуп жатпайбы.

“Азаттык”: Бул жүрүштө доллар канчага чейин өсөт деп болжоп жатасыз?

Мейманбек Абдылдаев: Доллар айына 1,5% наркын жоготуп жатат. Менин эсебим боюнча кийинки жылы сентябрда доллар 95 сомго чыгат. Девальвация 1,5% менен кетүүдө. Орусия, Кытайдагыдай кескин чаралар көрүлбөшү керек. Кээде Улуттук банк долларга болгон суроо-талапты азайтуу үчүн интервенция жасап, аны ооздуктап жатпайбы. Буга кошумча өндүрүштү жолго салып, жумуш орундарын түзүш керек. Валютага сата турган, экспортко багытталган товарды өндүрүш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG