Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Касеинов: Картошкага кардар издеп жатабыз


Айыл чарба министринин орун басары Кубат Касеинов айыл чарба өнүмдөрүнүн баасы арзан болуп жатышынын себептерин ачыктады.

“Азаттык”: Картошканын баасы арзан болгондуктан көлдүк дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатат. Баанын түшүп кетишинин себеби эмнеде, былтыр картошка көп айдалды беле?

Кубат Касеинов: Мунун башкы себеби - коңшу мамлекеттердин өзүндө түшүм арбын жыйналганы. Кыргызстанда мурунку жылкыга салыштырганда былтыр көп болсо миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Тактап айтканда, былтыркы жылы 84,9 миң гектарга айдалса, мурунку жылы 83, 9 миң гектарга айдалган. Жалпы дүң жыйым 1 миллион 379 миң тонна болду. Көлөмдүн көбү маани берген жок, себеби жылда эле ушундай көлөм айдалып жүрөт.

Экспортко ушул учурларда 400-450 миң тоннадайы кетчү. Анан калгандары болсо жазга чейин сакталып, улам жер төлөлөрүнөн алып, мүмкүнчүлүгүнө жараша кардарлардын алышына жараша сатылчу.

Былтыркы жылы картошканын баасы кымбат болгон. Ошондуктан мындай маселе болгон эмес. Быйыл болсо бардык эле айыл чарба өнүмүн сатып өткөрүү көйгөйлүү болуп атат.

Бул жерде эки гана өсүмдүк боюнча маселе жокко эсе деп айтсак болот. Биринчиси - тамеки. “Суннел табак” деген чоң компания жазында тамекичилерге күйүүчү майын, жер семирткичтерин, уруктарын берип, алар менен келишимдин негизинде иштешет. Экинчиси - төө буурчак. Бул жерде да маселе жокко эсе. Базар ачык, каалаган кардар келип туруп базар баасы менен алып кетип жатат.

“Азаттык”: Картошкасын сата албай жаткан дыйкандарга кантип жардам бере аласыздар?

Кубатбек Касеинов: Биз азыр Кыргызстан менен экономикалык алака түзгөн мамлекеттерге кат жөнөтүп, алардын элчиликтери, өкүлчүлүктөрү менен иш жүргүзүп жатабыз. Мисалы Түркмөнстан менен Өзбекстандын элчилери менен сүйлөшүүлөр болду. Алар өздөрүнүн мамлекеттик сатып алуу түзүмдөрүнө кайрылып, картошканы мамлекеттик керектөөсүнө өткөргөнгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат.

Бирок жакында эле Өзбекстандан “андай иш жүргүзбөйбүз” дегендей так эмес, бүдөмүк жооп алдык. Азыркы учурда Түрмөнстандыкы иш жүргүзүп жатат. Мындан сырткары Казакстандын чоң-чоң шаарларында социалдык азык-түлүк деген ишканалар ачылган. Бул ишкананы мамлекет колдойт. Мамлекеттен акча бөлүнгөн. Ошолордун өкүлдөрү келип, Ысык-Көлдө, Таласта иш жүргүздү. Мисалы Көлдө СПК "Алматы” деген ишкана келип 30 миң тоннага келишим түзүп, анын 10 миң тоннадайын алып кетти.

“Азаттык”: Кыргызстанда мисалы, бир жылы пияз көп айдалып, баасы таптакыр түшүп кетип, экинчи жылы аз айдалып баасы өсө берет. Айыл чарба кызматтары алдын ала пландаштырабы, фермерлерге кеңеш берип турабы?

Кубат Касеинов: Ооба, мындай сөзсүз түрдө болот. Ар бир райондо агрардык өнүктүрүү боюнча биздин өкүлчүлүктөрүбүз бар, жазында ошолор аркылуу дыйкандар менен иш жүргүзөбүз. Андан сырткары рентабилдүүлүк боюнча былтыр жазында мурунку министрибиз Төрөгул Бековдун демилгеси менен роликтер көрсөтүлгөн болчу.

Бирок дыйкандар ага деле карабайт экен. Бир мисалды айтып кетейин, былтыр Талас облусуна барып семинар өткөрүп, Таласта төө буурчак көп болуп кетти, ушуну айдаганды мындан ары көбөйтпөй, же болбосо азыраак айдап, башка техникалык өсүмдүктөргө өтүүгө сунуш кылынган. Бирок дыйкандар өздөрү менчиктин ээси болгондуктан бул сунушту кулак сыртынан өткөрүп койгон учурлар да болуп атат.

XS
SM
MD
LG