Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

Өткөн жылы өкмөт арак-шарап өндүрүшүн көмүскөдөн алып чыгуу боюнча демилге көтөрүп, бул тармактан 1 млрд. сомдон ашуун пайда көрүүнү максат кылган.

Бирок андан натыйжа чыкпаганын арак өндүрүүчүлөр да, мамлекеттик мекемелер да белгилешүүдө.

Бүгүнкү күндө алкоголдук өндүрүштүн жок эле дегенде 50 пайызы көмүскөдө.

16-июнда Салык кызматы арак өндүргөн компаниялардын биринен тиешелүү документтери жок арак куюлган бөтөлкөлөрдү табышканын кабарлады. Мындай фактылар арбын экендигин айтышууда.

Деми чыкпаган демилге

Салык кызматы Бишкек шаарындагы “Компания АиС” ишканасынын кампасындагы 43 миңден ашык бөтөлкө арак-шараптын тиешелүү документтери жоктугу рейд учурунда тастыкталганын маалымдады. Бул ичимдиктердин жалпы баасы 2 миллионго жакын сомду түзгөнү айтылат.

Салык кызматынын Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айдарбек Каримов жасалма акциздик белгилер салыктан кыйгап өтүүнүн негизги жолу дейт.

- Бюджетке акча түшүрбөй, өзүнүн чөнтөгүнө көбүрөк алып калыш үчүн арзан акциздик белгилерди сатып алышат. Булар албетте жасалма акциздик белгилер. Аларды Кыргызстанда жасайбы, башка жактаны алып келеби так белгисиз, бирок аны колдонуп жатышат.

Кыргыз өкмөтү былтыр жыл башында алкоголдук тармакты көмүскөдөн алып чыгуу боюнча демилге көтөргөн. Өкмөт менен таза иштөө жөнүндө келишимге кол койгон компаниялар прокуратура, ИИМ, Каржы полициясы сыяктуу мамлекеттик текшерүү органдарынын кийлигишүүсүнөн бошотулмак.

Мамлекет арак-шарап чыгарган ишканаларды көмүскөдөн чыгып, таза иштөөгө үндөп, бирок аларга планды эки-үч эсе көбөйткөн. Эгер айтылгандар ишке аша турган болсо, мамлекет бул тармактан 1 миллиард 300 млн. сом пайда көрмөк болчу. Бирок Кыргызстандагы 40тан ашуун арак-шарап компанияларынын ичинен бирөө гана өзүнө коюлган милдеттемени аткара алган.

Кыргызстанда алкоголдук тармак көмүскөдө экендигин арак өндүрүүчүлөр өздөрү да танбайт. Алкогол продукцияларын өндүрүүчүлөр бирлигинин төрагасы Турсунбек Күрөңкеев:

- Былтыр өкмөт ушундай демилге көтөрүп, бул тармакты көмүскөдөн алып чыгабыз дешкен. Бирок жылдын аягында эч кандай өзгөрүү болбогону, абал мурдагыдай эле экени билинди. Алтүгүл андан да терең көмүскөгө кирип кетти. Азыр статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, арак-шарап өндүрүшүндөгү көмүскө экономика 80 пайыздан ашып калды деп жатышат.

Сандар чатагы, көмүскөнүн көлөмү

Мамлекет болсо бул тармактын жок эле дегенде 50 пайызы көмүскөдө деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү быйыл өткөн жылдагыдай эле арактын акциздик салык алуу талап кылынган көлөмүн 2,5 миллион декалитр же 25 миллион литр деп белгилеген.

Салык кызматынын өкүлү Айдарбек Каримов өткөн жылы арак өндүрүүдөн 300 млн. сом гана түшкөнүн, быйыл аны 500 миллионго көтөрүү каралып жатканын билдирди.

- Бизде спиртти жана башка алкоголдук ичимдиктерди кошпогондо, арактын өзүнө эле бир жылга 2,5 млн. декалитр деп киргизилген. Ушундан улам биз казынага 525 млн. сом каражат киргизишибиз керек. Ал эми бардык алкоголдук тармактан 723 млн. сом түшөт деп каралган. Бул жылы сыра өндүрүшү да былтыркы жылга караганда жакшы өнүгүп жатат.

Бирок Статистикалык комитеттин билдиргенине караганда, былтыркы жылы Кыргызстанда 4,5 млн. декалитр же болбосо, 45 млн. литр арак керектелген. Бул да контрафакттык-мыйзамсыз арак-шарап өндүрүүнүн көлөмүн аныктап турат дейт Турсунбек Күрөңкеев.

- Биздин Статкомитеттин маалыматы боюнча, мисалы, башка алкоголдук ичимдиктерди албаганда, арак боюнча эле жылына 4,5 млн. декалитр ичилет. Бирок былтыр расмий эсептелгени 1,5 млн. декалитр болгон. Демек калганынын баары эле көмүскө. Ошонун барынан кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салык жана башка салыктар жана төлөмдөр алынышы керек болчу. Анын баарын эсептегенде арак-шарап тармагынан мамлекет жылына 2,5 млрд. сом жоготуп жатат. Бул өтө чоң сумма.

Жогоруда белгиленгендей, былтыр ички өндүрүш 1,5 миллион болсо, ал эми анын 3 миллион декалитрден ашууну сырттан импорттолду деп айтуу кыйын.

Күрөңкеевдин айтымында, импорт арактар өткөн жылы 150 миң декалитрди, башкача айтканда 10 пайызды гана түзгөн. Андыктан ортодогу айырма контрафакт өнүмдөр дейт. Ал эми сыра ичимдиктеринин сырттан импорттолгон көлөмү дээрлик 50 пайызды түзөрү айтылып жүрөт.

Арак-шарап өндүрүүчүлөр өздөрү да бул тармакты көмүскөдөн алып чыгуу боюнча өкмөткө бир топ сунуштар менен кайрылган. "Ал-Суу Алко" ишканасынын жетекчиси Мирлан Садыков:

- Көмүскөдө жүргөндүн кимге кереги бар? Көмүскө коррупцияны күчөтүп жатпайбы. Текшерүүчүлөр келгенде кармалгандар болот, кылмыш иши ачылат, кайра алар менен сүйлөшүүгө туура келет. Тынч иштеп, тынч уктаган жакшы эмеспи. Мамлекет да ачык атаандаштыкты түзүп бериш керек. Мурунку убактарда өкмөт айрым бир топторго артыкчылык берип, жан тартып турчу.

Мамлекеттин күнөөсү канчалык?

Жыл башындагы өкмөттөгү кыскартуулардан жана өзгөрүүлөрдөн улам, спирт жана алкогол продукцияларын чыгарууну көзөмөлдөгөн мамлекеттик агенттик жоюлуп, ал салык кызматынын курамында башкармалык болуп түзүлдү.

Турсунбек Күрөңкеев бул тармакты көмүскөдөн чыгаруу үчүн көзөмөлдөө жагын күч түзүмдөрүнө эмес, экономикалык шарттар менен ишкерлердин өзүнө берүү зарылдыгын билдирүүдө.

Бирок Салык кызматы бул тармакты көмүскөдөн чыгаруу жана көзөмөлдөө жагы мамлекеттин иши болушу керек деген пикирде. Алардын айтымында, мурдагы мезгилдердей айрым бир адамдар арак өндүрүшүнө үстүртөдөн көзөмөл кылуу сыяктуу көрүнүштөр жок жана ачык-айкын иштөөгө шарттар түзүлүүдө. Ал эми Күрөңкеев бул тармактын өнүгүшүнө бут тоскон жана көмүскөгө кетүүгө мажбурлап жаткан жагдайларга токтолду.

- Бул тармактын көмүскөдө болуп жатышына мамлекет күнөөлүү деп ойлойм. Анткени биздин өкмөт ыксыз чектөөлөрдү киргизген. Мисалы, баштапкы фонд, анын көлөмү 5 млн. сомдон 7 миллионго чейин болуш керек, мындан тышкары бир жылдагы өндүрүштүн эң төмөнкү көлөмү мынча болуш керек деген чектөөлөр бар. Ушул ыксыз чектөөлөрдүн баарын алып салуу керек.

Маалыматтарда Кыргызстан калкынын алкоголдук ичимдиктер боюнча жылдык керектөөсү 100 миллион литрдин айланасында. Мунун 40% (40 миллион литрин же 4 миллион декалитрин) арак түзөт. Калктын киши башына бөлө келгенде бул - жылына бир адамга орто эсеп менен 8 литрден туура келет дегендик. Коңшу Казакстанда болсо бул көрсөткүч 16, ал эми Орусияда 18 литрди түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG