Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Таластагы Андаш алтын кенин ишке киргизүүгө жергиликтүү тургундар эки ача пикирде.

Бирөөлөрү алтын кенин ачып, калкты жумуш менен камсыздоо зарылдыгын белгилешсе, экинчилери анын экологиялык жактан кооптуу экендигин айтышып, чалгындоо иштерин токтотууну талап кылышууда. Мунун натыйжасында Көпүрө-Базар айылынын тургундары экиге бөлүнүп, тирешкен абалга чейин жеткен.

Мунасага жеткирбеген мушташ

Өкмөт башчысынын орун басары Жоомарт Оторбаевдин Андаш алтын кени боюнча жергиликтүү коомчулук менен жолугушуусу жаатташкан тараптардын чырына айланып кете жаздады. Анткени Көпүрө-Базар айылынын алтын кенин ачууга каршы тургундары бул боюнча башкача пикирдеги айылдаштарына сөз бердиртпей, жолугушууну үзгүлтүккө учуратышкан.

Көпүрө-Базар айылынын тургуну Андакул Төлбашыев Андаш алтын кенин ачууга каршы топ аларга карата күч колдонууга чейин барышканына токтолду:

- Чогулуш башталып, мына ошол кенди ачууга каршы тараптагылар сүйлөштү. Анан биз жактагылар сөзгө жазылуу үчүн тизме түзүп, акимдин колуна берген учурда эле жаңжал чыгып кетти. Мына ошол тизмени берген жигитти алып түшүп, ур-токмокко алышып, тепкилеп киришти. Аны милиция араң арачалап, алып чыгып кетти. Ошондон кийин алар "бириң чыгып сүйлөсөңөр көк бөрү кылып кетебиз" деп коркутушту. Мунун бардыгын уюштуруп жаткан бир ууч топ бар. Ошондуктан биздин өкмөттөгүлөр элдин бардыгы мына ушундай каршы экен деген ойдо калбастан кайрадан барып иликтеп көрүшсө экен деп келдик.

Андаш кени өткөн кылымдын 60-жылдары табылып, 80-жылдардын башында чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Андагы алтындын запасы 20 тоннага, жездин запасы 70 тоннага чейин экендиги аныкталган.

1997-жылы аталган кенди иштетүү укугу британиялык "Ала-Тоо Голд Майнинг" компаниясына берилип, бирок андан бери анын кожоюну төрт жолу алмашты. Учурда австралиялык “Кентор Голд” компаниясы Андашты ишке киргизүүгө аракеттенүүдө.

Жергиликтүү тургундардын бири Акберди Батырбаев колунда бар адамдар кенди ачууга каршы чыгып жатышканын белгиледи:

- Жаштардын бардыгы Орусияга иш издеп кетишти. Калганы Бишкекте, же Казакстанда жүрүшөт. Мына ушунун бардыгы жумушсуздуктан да. Ошондуктан алтын кени ачылса, каржалган карапайым эл айлык алып, турмушу оңолот беле деген ишенимдебиз. Каршы чыгып жаткандардын бардыгы колунда бар байлар. Алар "колубузда иштегендер чоң айлыкка кетип калса, малыбызды ким багып берет" деген көйгөй менен кенди ачууга каршы үндөп жатышат.

Экологиялык коопсуздуктун эпкини

Көпүрө-Базар айылында сегиз жүздөн ашуун түтүн жашайт. Алардын кайсы бир бөлүгү Андаш алтын кенин жабуу талабы менен өткөн 2-мартта Таласта нааразылык акциясын өткөргөн. Алар алтын кени айылга 2 чакырым жакын болуп, экологиялык жактан кооптуу деген жүйөнү карманышууда.

Көз карандысыз эколог Кайрат Молдошев күмөн саноолорду четке кагыш үчүн ачык-айкын экологиялык экспертиза жүргүзүү керектигин белгиледи:

- Негизи кандай гана алтын кен долбоору болбосун ишке киришээрден мурун эл аралык практикада алгач мамлекеттик анан коомдук экологиялык экспертизадан өткөрүлүш керек. Мына ошондон кийин гана алтын казып алууга уруксат берилет.

Ошол эле кезде “Андаш майнинг” компаниясынын эколог-кеңешчиси Наталья Бушевец алтын кенин чалгындоо учурунда тиешелүү экологиялык экспертизалар жүргүзүлүп, анын коопсуз экендиги боюнча бүтүм чыккандыгын белгиледи. Бирок алтын кенин ачууга азырынча өкмөт уруксат бере элек.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев биринчи кезекте чет элдик инвестор коомчулуктун толук колдоосуна ээ болмойунча маселе чечилбей турганына токтолду:

- Адегенде элдин көпчүлүгү аны иштетүүгө макулдук бериш керек. Анан бир маселе - кендин айылга жакындыгы болуп жатат. Биз инвестор болгон тарапка бардык чараларды карап көрүп, экологиялык коопсуздук боюнча кепилдик берип, "коомчулук менен макулдашкыла, андан кийин бул маселени карайлы" деп айттык. Эгерде эл колдобосо, биз кантип чечим кабыл алабыз?

Өткөн жылы Жогорку Кеңеш жергиликтүү калктын ичиндеги ача пикирден улам, Андаш алтын кенин ачууга тыйуу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу.

“Андаш майнинг” компаниясы жылына казынага 70 миллион сом салык төлөп, андан сырткары кирешенин 20 пайызын өкмөт менен бөлүшүүнү убада кылган болчу. Мындан сырткары алтын кендеги 450 жумушчу орундун үч жүзгө жакынын жергиликтүү тургундар түзөөрү айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG