Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Кеминде 850 миллион доллар пайда алып келери айтылган Таластагы Андаш кенинде компания менен жергиликтүү тургундар ортосунда мунаса табылбаганы үчүн иш токтоп турат.

Кенге 2 чакырымдай жакын жайгашкан айылдын тургундары экологияга зыян келет деп, кен иштетүүгө каршы чыгышууда. Буга чейин Жогорку Кеңеш тургундардын жүйөлөрүн колдоп, Андашты жабуу чечимин кабыл алган болчу.

Эми кендин кийинки тагдыры өкмөттүн чечимине жараша болчудай. “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстандагы алтын кендери тууралуу иликтөөлөрүн улантууда.

Элдин каршылыгынан улам Андаш токтоп турат

20 тонна алтын, 70 миң тоннадай жез катылып жаткан Андаш кени Талас облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан. Кенден эки чакырымга жетпеген алыстыкта 840тай түтүн калкы бар Көпүрө-Базар айылы бар. Андаштагы алтындын жалпы куну 850 миллион доллар деп бааланууда.

Кубан Ашыралиев

Кубан Ашыралиев

Инвесторлордун бул кенге кызыгуусу 2000-жылдардан тарта өскөнү менен жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Андаштан алтын чыгарылмак түгүл, кен иштетүү фабрикасынын курулушу бүтө элек.

Кенди иштетүүгө уруксат алган “Андаш майнинг компани” ишканасынын жетекчиси Кубан Ашыралиев мындай дейт:

- Мурунку инвестор, азыркы инвестор да долбоорлорун даярдап бүтүп, жумушка киришебиз дегенде бир гана тоскоолдук болду. Жалпысынан айылда жашаган адамдар менен мунаса болбогондуктан, мурунку да, азыркы инвесторго да ишти баштаганга мүмкүнчүлүк болбой турат.

Андашта кожоюндар кеминде төрт жолу алмашкан

Сөз башынан болсун... Андаш кени 1960-жылдары ачылып, 1982-1988-жылдары негизги геологиялык иштер жүргүзүлгөн. Совет мезгилинде пайдасы аз кен катары сыпатталганы менен Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кайрадан чалгындоо иштери башталган. 1994-1997-жылдары британдык инвесторлор каржылаган “Ала-Тоо голд майнинг” компаниясы Андаш аймагын чалгындай баштап, кенден пайда түшөөрүнө көзү жетпей, иш ара жолдо калган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, 2003-жылдын башында Андаш кенин чалгындоо үчүн жергиликтүү “Марза Голд” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилген. Бул коом 2004-жылдын 14-июнунда “Андаш майнинг компани” аттуу ишкана түзүп чыгып, бир аптадан кийин лицензия бул жаңы ишканага өткөн.

2004-жылдын июль айында “Андаш майнинг компаниге” ээлик кылган “Марза Голд” өз үлүшүн Виргин аралдарында катталган “Калдора групп” ишканасына саткан. 2005-жылдын башында “Калдора групп” ишканасы англиялык “Аурум Майнинг” компаниясынын ээлигине өтүп, “Аурум Майнинг” “Андаш майнинг компанинин” негизги инвесторуна айланган.

2004-2005-жылдары Андаштын алгачкы кен тулкусу чалгынданып бүтүп, кендин запасы мамлекеттик баланска коюлат. “Андаш майнинг компани” чалгындоо ишин жыйынтыктагандыктан 2005-жылдын 30-августунда кенди 2017-жылга чейин иштетүүгө лицензия алат. Компания лицензия алуу үчүн ошол учурдагы мыйзам боюнча 300 сом төлөйт.

“Андаш майнинг компаниге” ээлик кылган “Аурум майнинг” уруксатка ээ болгондон кийин долбоорлоо иштерин жүргүзгөнгө, карьерди техникалар менен жабдыганга киришет. Ошондо эле жергиликтүү элдин нааразылыктары маал-маалы менен чыгып турат. 2009-жылдын декабрь айында “Аурум майнинг” дүйнөлүк каржы кризисинен улам кенди инвестициялоону токтотуп, Андаштагы өз үлүшүн австралиялык “Кентор голдго” сатып жиберет.

Жергиликтүү эл караманча каршыбы?

Ошондон бүгүнкү күнгө чейин “Кентор голд” “Андаш майнинг компанинин” негизги инвестору саналып келет. Эми бул инвестор ишкананын 20 пайыздык үлүшүн мамлекетке берип, жергиликтүү бюджетке жылына табылган кирешенин 1%ын бөлүүгө убада берүүдө.

Мындан тышкары Андаш кенинде иштей турган 470 жумушчунун 300үн жергиликтүү тургундардан алып, Көпүрө-Базар айылындагы ар бир түтүнгө айына 3 миң сомдон акча төлөп турууну сунуштоодо. Бирок мындай убадаларга Көпүрө-Базар айылынын басымдуу бөлүгү макул эместигин айыл тургуну Жумабек Сабатаров “Азаттыкка” кабарлады:

- Элдин өмүрүнө зыян келтире тургандыктан, кенге бейит жакын тургандыктан, Талас суусу кендин астынан аккандыктан, калдыктарды сактоочу жай чоң суунун жээгинде курулгандыктан таптакыр каршы турабыз. Биз акырына чейин турабыз. Акыркы кишини өлтүрөт, ошондо алышат.

Андашты иштетүүгө нааразылык жыл башында өзгөчө байкалып, жүздөгөн жарандар Бишкек шаарына чейин келип, митингге чыгышкан. Натыйжада Жогорку Кеңеш жумушчу комиссия түзүп, кышында бул комиссия Андаштын абалы менен жеринен таанышып келген.

Комиссияга кирген депутат Кожобек Рысбаевдин айтымында, комиссия өз корутундусунда кенди иштетүү чечими ошол учурдагы бийликтин басымы астында кабыл алынганын, кен айылга 1700 метр жана айылдын мүрзөлөрүнө 400 метр жакын экенин, калдык сактоочу жайлар суунун башына курула турганын белгилеп, Андашты жабууну сунуштаган.

Комиссиянын корутундусу парламенттин 24-июнундагы отурумунда колдоо таап, Андаш кенин токтотуп, лицензияны жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алынган. Бирок парламенттин бул чечими аткарылбай жатат, деди депутат Кожобек Рыспаев:

- Жакында сессияда мен айтып чыктым. “Эмне үчүн парламенттин токтому өкмөт аткарбайт? “Андаш” боюнча эмнеге чечим кабыл албайт? Лицензиясынын мөонөтү ноябрда бүткөн” деп мен маселе көтөрүп, өкмөткө тапшырма берилген. Жогорку Кеңештин чечимин өкмөт аткарыш керек да.

Өкмөт өзү эмне дейт?

Негизи Андаш кени 2008-жылга чейин экологиялык жактан текшерүүдөн өтүп, кен иштетүүдөгү кооптуу жагдайлар белгиленген. “Андаш майнинг компанинин” башкы директору Кубан Ашыралиевдин билдиришинче, бул текшерүүдөн кийин жаңы долбоор даярдалып, ага ылайык кендеги фабриканы айылдан 4 чакырым алыстыкта куруу белгиленген. Жаңы долбоор Жаратылыш ресурстары министрлигине жөнөтүлгөн. Бирок 24-июндагы Жогорку Кеңештин чечими менен министрлик экспертизаны токтотуп койгон.

Соңку лицензиялык келишимге ылайык, “Андаш майнинг компани” ушул жылдын февраль, март айларында жол, фабрика өңдүү курулуш иштерин бүтүрүп, кен чыгарууга шарттарды даярдашы керек эле. Андан соң 2012-жылы 500 тонна руда өндүрүп, алгачкы алтынды чыгарууга милдеттендирилген.

Бирок 2011-жыл бүтүп жатканы менен Андаштан качан алтын чыгаары алигиче белгисиз. Жаратылыш ресурстары министрлиги да өкмөт менен парламенттин соңку чечимин күтүп жатканын, мекеменин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова белгиледи:

- Андаштын тагдыры азыр өкмөттүн кароосунда турат. Мурдагы эле маселелер боюнча. Ошол өкмөт менен Жогорку Кеңештин чечимин күтүп жатабыз. Жогорку Кеңеште жакын арада каралат болушу керек.

Ошентип Андаштын тагдыры ара жолдо турган чагы. Буга чейин жаратылыш ресурстары министриЗамирбек Эсенаманов бул кенди өкмөт өзүнө алса жакшы болмоктугун, бирок анын алдында чече турган маселелер бар экендигин белгилеген.

2017-жылга чейин лицензия алган “Андаш майнинг компани” калктын талаптарын аткарууга даярдыгын билдирип, маселе алардын пайдасына чечилсе кен иштетүүгө 106 миллион доллар салууга ниеттенип жатат. Өз кезегинде тоо-кен тармагы боюнча адистердин басымдуу бөлүгү Андаш казынага пайда алып келе турган жерде, иштебей токтоп турганын сынга алышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG