Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Кыргызстанда малдын баасы күн өткөн сайын арзандап жатат. Буга коңшулаш Казакстандагы кризистин эпкини себеп экени айтылууда.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын он айында 268,5 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга караганда 7,4 миң тоннага арбын. Эттин көбөйүүсү мал башынын өскөнүнө байланыштуу экени айтылууда. Ошол эле министрликтин маалыматында, акыркы жылы малдын башы 2 миллионго өскөн.

Кыргыз өкмөтү малдын баасы арзандаганына анын көп болуп жатканы да себеп экенин белгилөөдө. Ошентсе да, мындан эки-үч жыл мурун Кыргызстанда малдын баасы кымбат болуп, бодо малдын, жылкынын баасы 50 миңден жогору бааланчу. Ошол эле учурда кымбаттаган эттин баасы, тилекке каршы, азыркы тирүүлөй мал арзандаган учурда да ылдыйлаган жок.

Малды союп саткан кирешелүү

Нарында Бажы биримдигине кирсек эле малды кымбат сатып маарыйбыз деген малчылардын үмүтү акталбай калды. Анткени малдын баасы Нарында былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла арзан болууда. Мунун себебин адистер эттин сыртка экспорттолбой, малдын ылаңы чыгып жатканы менен байланыштырууда. Нарындагы мал базардан малын сатууга жетелеп келгендердин дээрлик бардыгын эле “быйыл мал арзан” деп наалыганын угууга болот. Анткени күзүндө мал тоодон түшкөндө аны пулдап, той өткөрөбүз же унаа сатып алабыз деп пландап койгондор көп. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бодо мал 5 миң сомдон 10 миң сомго ал эми майда жандыктар 2-3 миң сомго арзан болууда. Ал эми жыл сайын жазында мал сатып алып, жайлоодон келгенде кайра саткандар пайда тапмак түгүл жазгы бааны чыгара албай убара. Алардын бири Ат- Башы айылынын тургуну Жапарбек Осмоналиев жазында насыя алып, беш торпок сатып алган экен:

Ат-Башынын мал базары

Ат-Башынын мал базары

- 100 миң сом кредит алып, беш торпокту 24-25 миң сомдон алгам. Жайлоого ай сайын 200 сомдон бактырып, эми алып келсем кайра ошол баага сурабай атышат. Негизи малдын өтүмү быйыл начар. Мен жылда жазында мал алып күзүндө ар бир торпокко 10 миң сомго чейин кошчумун. Эми минтип пайда тапмак тургай кайра алган акчамды, бактырган, жолго кеткен чыгымдарды жаба албай калдым. Бажы биримдигине кирсек, айыл чарба продукциясы кымбаттайт дегенинен сүйүнүп аттык эле. Эми кайра минтип артка кетип атабыз.

Мал арзан болгону менен эттин баасы мурункудай эле. 15 жылдан бери эт саткан Кымбат Абдыкаирова мал арзан болуп жатат дегенге кошулбайт.

- Азыр арык, оорукчан койлор арзан. Аларды кантип союп сатмак элек. Салмагына жараша мал азыр кымбат эле. Мисалы 6 миң сомго кой алсам, ал 20 килограмм эт берет. Аны 300 сомдон сатсак баасы чыгат. Биз болсо баш-шыйрагы, ич этине жана терисине эле иштеп калабыз.

Бодо малды базарга алып барып сатуунун түйшүгү аз болгону менен баасы сатарман ойлогондой болбойт дегендер да бар. Эгер сатчу малың семиз болсо, аны союп, этин сатуу пайдалуураак дейт Ат-Башы айылынын тургуну Максат Жумакунов. Ал эки жылдан бери уй, жылкы союп келип Нарын шаарындагы мекеме, ишканалардагы кызматкерлерге карызга таратат. Бирок мунун акчасы көбүрөөк болгону менен, аны кайра чогултууда бир топ түйшүк тартарын айтты:

- Нарындагы эки мекемеде иштеген тааныш эжелер аркылуу айына алмак-салмак мал союп келем. Эми мал сойгон көп деле кыйынчылык жаратпайт. Чогултканы жаман. Азыр бардыгы эле айлыктарын карточкадан алышат да. Кээ бирлери эки-үч айлап бербей жүрө беришет. Аркасынан жүрүп араң аласың. Эми эт жөнүндө айтсам, чынында мен деле айла жоктон ушундай кылып жатам. Базарга алып барсаң семиз чоң уюң 45 миң сом болот, ал 200 кг. эт берет. Аны союп этинин 1 кг. 300 сомдон сатсаң 60 миң сом болуп атпайбы. Бирок аны айлыкка чейин алышат, бир же эки ай күтүшүң керек, бербей сүйрөгөндөр да бар. Кыскасы, акчаң дүң колуңа тийбейт да. Майдалап отуруп көзгө көрүнбөй калат, керегиңе жарата албай аласың.

Ал эми базар баасын жөнгө салчу антимонополиянын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Калый Үмөтовго эттин жана малдын баасы тууралуу суроо салганыбызда буларды айтып берди:

- Эгерде малдын баасы мурунку баасынан 20 пайызга төмөндөп кетсе, ал эми эттин баасы ошол эле бойдон болсо, анан биз мониторинг жүргүзүп өкмөткө кайрылабыз. Мунун баасын түшүрүп бер деп. Азыр андай болгон жок. Малдын баасы деле кескин түшкөнү байкалбайт. Ашып кетсе миң сомго түшкөндүр. Биз 2013-жылы бир уйдун мисалында мониторинг жүргүзүп эсептеп чыкканда 1 кг. эт 300 сомдун тегереги болорун аныктаганбыз. Азыр деле ошондой.

Быйыл малдын тоюту Нарында ойдогудай эле камдалды деп айтууга болот. Анткени чөп жакшы чыккандыктан, анын баасы чөп чабык учурунда 50 сомго чейин түшсө, учурда 110 сомдон сатылууда. Былтыр бул убакта чөптүн баасы 250 сомго жеткен дейт чөп сатуучу Тилек Акматбеков. Ал келерки жазда деле чөптүн баасы кымбаттабайт деген ойдо:

Базардагы чөп. Нарын

Базардагы чөп. Нарын

- Чөптү Нарын районунун Куланак айылынан алып келдим. Жүктөгөн баасын кошкондо 90 сомдон айланды. Транспорттук жана башка чыгымдарды алып салганда бир таңгак чөптөн ашып кетсе, 5 сомго чейин эле таза пайда көрөм. Былтыр 170 сомдон алып 280-300 сомдон саткам. Негизи азыр бирин-серин эле өтпөсө, чөп алган деле киши жок. Күнүнө ашып кетсе 50-60 боо чөп сатам. Көбүнчө жазында чөптү аз жыйнап алганда алышат.

Ал эми айыл чарба адиси Мамбетжусуп Мусаев төрт түлүктүн арзандыгын жазында малдын эмделбей калганынан көрөт. Анын айтымында, мамлекет малдын ылаңынын үч түрүнө милдеттүү түрдө вакцина жасашы керек болчу.

- Жазында мал эмделбеген боюнча эле жайлоого кетти. Колунда бар же болбосо малынын этинин сапатын ойлогондор эле эмдетти окшойт. Ушунун айынан этибиз сыртка чыкпай, арзан болуп жатат десек болот. Айыл элинин бюджетинин негизги өзөгү мал болгондуктан кыйын эле болуп жатат. Муну мамлекет башынан эле ойлонушу керек болчу.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облус аймагында ветеринардык лабораторияларды куруу менен эттин сапатын жакшыртып кымбат баага сатуу шартын түзөбүз деген ойдо:

- Биринчиден, биз лабораториялык уюмдарды түзүшүбүз керек, экинчиден, эл деле ойлонушу керек. Этти экологиялык жактан таза кылып сатсак, кымбат болоруна эл да ишениниши керек. Эми мына биз Евразия биримдигине кирдик, бизге чоң рыноктор ачылып жатат. Малды биз дарылашыбыз керек. Мен азыр бардык фермерлерге айтып атам.

Баягы эле эпизоотикалык абал...

Кыргызстандан эт жана эт азыктары өлкөдөгү эпизоотикалык абалдан улам сыртка чыгарылууга тыюу салынган. Быйылкы жылы мал ылаңы мурунку жылдарга салыштырмалуу азыраак катталганы менен, күйдүргү, кутурма сыяктуу ылаңдар улам бир жерден чыга калып жатат. Алсак, жай мезгилдеринде Ат-Башы районундагы Сары-Тал жайлоосунда малдан күйдүргү жуктуруп алган адамдар болгон. Кийинчерээк Ош облусунда кутурма пайда болгону тууралуу маалымат тарады.

Малдогдур. Ак-Талаа району

Малдогдур. Ак-Талаа району

Ушундан улам, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, этти коңшу Казакстан, Орусияга кымбат баада сатабыз деген тилек Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кире электе эле таш капты. Коңшулар Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды жүйө кылып, сүт азыктарын болгону сегиз гана ишканадан сатып алууга макулдугун берсе, эт жана эт азыктарын 1 килограмм да сата албайсыңар деген шарт коюшканы белгилүү. Айрым адистер муну Казакстан өзүнүн эт-сүт рыногун коргоого аракеттенди деп түшүндүрсө, айрым адистер Кыргызстанда мал идентификацияланбаганын себеп кылып, бүгүнкү күнү кандай малдын этин жеп атканын кыргызстандыктар өздөрү да билишпесин айтып келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирерде кыргыз өкмөтүнө өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жөнгө салуу жана малды идентификациялоого Орусия менен Казакстан каржылай жардам бермекчи болгон эле. Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Акылбековдун айтуусунда, Орусия тараптан бөлүнгөн акча алынган, бирок Казакстан өзүндөгү кризиске байланыштуу убада кылынган каражатты бере элек:

- Орусиядан 200 млн. доллар бермек, ал акча алынып, тиешелүү иштер жасалды. Ал эми Казакстан өзүндө теңге девальвация болуп, кризис күчөп жатканына байланыштуу алар бере турган 100 млн. доллар бир аз кармалып турат.

Мал сатып алгандар, эми бизге мал сатабы?

Айрым байкоочулардын пикиринде, мал баасынын арзандыгы кризиске байланыштуу, элдин сатып алуу жөндөмү азайганында жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан Евразиялык экономикалык интеграцияга кире элек мезгилде Чүйдөгү мал базарлардан бодо мал менен жылкылар негизинен Казакстанга сатылып кетери тууралуу айтылчу. Азыр Казакстандагы кризистен улам, Жамбыл облусундагы малчылар Кыргызстанга малды жана этти сатууга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Акылбеков “Азаттыкка” мына буларды билдирди:

- Бизге Жамбылдан айрым ишкерлер “Кыргызстанга мал, жылкы, эт алып келип сатсак болобу?” деп кайрылып атышат. Себеби, ал жакта аябай арзандап кетти. Эми биз Казакстан, Орусия менен чогуу бир экономикалык аймакка кирген соң, ал мамлекеттердеги баа бизге да келип жатат.

Ар кандай ылаңдардын чыгышына байланыштуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан этти киргизүүгө тыюу салышкан.

Ар кандай ылаңдардын чыгышына байланыштуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан этти киргизүүгө тыюу салышкан.

​- Казакстандан эт, мал кириши мүмкүнбү?

- Азырынча жок. Анткени эт сатуу боюнча тиешелүү документтер бүтө элек.

Кыргызстан ЕАЭБнин карамагына кирген соң, кааласа-каалабаса, өз базарын биримдикке мүчө өлкөлөрдүн товарлары үчүн ачууга тийиш. Бул деген бара-бара биримдиктеги башка мамлекеттерден эт, эт азыктары арзан баада келе баштаса, Кыргызстанда 90-жылдары жок болуп кетип, кайра араң калыбына келип жаткан мал чарбачылыгынын абалы оор болчудай.

Ал эми өкмөт болсо ар бир малды идентификациядан өткөрүп, эт-сүт азыктарын сатууга мал ээлери да кызыкдар болууга тийиш деп белгилейт. Мал ээлери да бул жерде активдүү болуп ветеринардык жана мамлекеттик кызматтар менен тыгыз иштөөсү, малын жөн эле базарга алып чыгып сатып ийбей, жоопкерчиликти да сезиши керектигин бекемдөөдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG