Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Аскар Салымбековду бүгүн Кыргызстандагы бай кишилердин алдыңкы сабына кошушат. Доор ураганда катардагы илимий кызматкер кагазын конторуна таштап, кантип соодага аралашып кетти? Дүйнөдөгү эң чоң базарлардын бирине айланган “Дордойду” кантип түздү? Ишкер Аскар Салымбеков “Азаттыкка” маек курду.



“Азаттык”: Биздеги каракчылык мамлекеттик деңгээлге чейин жеткен, бирөөнүн байлыгын тартып алмай кадыресе көнүмүш ишке айланбадыбы. Айдар чыкты, андан кийин Максим чыкты, ушул кыяматтан кантип аман калып келатасыз?

Салымбеков: Бул бизнести жүргүзүүгө билим, адамкерчилик сапат, тарбия, тегерегиңдеги чөйрө керек.

“Азаттык”: Советтер Союзу соодагерчиликти жек көрүүчүлүккө тарбиялаган. Ушул образ ушул күнгө чейин элдин көпчүлүгүнөн кете элек. "Соода кылат, же бизнесмен экен" десе эле шумпай киши катары көрүшөт.

Салымбеков: Байлыкты топтоп алгандардын ар кандайы болот, басып алмай, тартып алмай, алдап кетмей, афераларды жүргүзүп, насыя алып аны төкпөй, бир шапкени экинчи шапке менен жаап жүргөндөр бар, ал жакшылыкка алып барбайт. Бизнеске кирем дегендер насыя алышып, машине, үй алып алышат.

“Азаттык”: Анан аял алат...
Мен азыркы критерий менен сезип калдым, жардам сурагандар кимдер, жардамын унутпай айтып жүргөндөргө ыраазы болосуң.

Салымбеков: Катыны да бар. Ошону менен насыяны төлөй албай карызга батып, банкрот болгондор көп болду. Мага кайрылгандар да болду.

“Азаттык”: Кыргыздар бай десе эле итиркейи келип жаман көргөнү менен байдан акча сураганды жакшы көрүшөт. Өткөндө китеп чыгыптыр, жардам бергендердин тизмеси жүрөт, бирок акча берген кишилердин тизмеси жок. Канча кишилер сурап келет сизден?

Салымбеков: Биз пендебиз да, өтө кыйналып аткандарын билип турасың. Акча өндүрүп алайын дегендер толтура, психолог болуш керек. Ак көңүл жаным бардыгына жардам бергенге аракет жасайсың, апам, атам үйрөткөн нерсе, көп эле жардам берип келатабыз. Апам, атамдын айткан сөзү жардам берип унутуп кал дейт.

Мен азыркы критерий менен сезип калдым, жардам сурагандар кимдер, жардамын унутпай айтып жүргөндөргө ыраазы болосуң. Кээ бирлери жардамды очойто алып алышып, артыңдан жаман сөздөрдү тараткандар аман эле болсун, аны кудайга койдум. Андай адамдар толтура. Бирок кичинекей жардам болсо да аны унутпаш керек. Мен ошол принцип менен жашайм, бирөөдөн жардам алып калсам эч качан унутпайм, ага жүз эсе кылып жардам бергенге даярмын. Ушул кудай алдында деле туура болуш керек.
Насыяны төлөй албай карызга батып, банкрот болгондор көп болду. Мага кайрылгандар да болду.

“Азаттык”: Бажы биримдиги жөнүндө көп талаш тартыш болуп атат, бири "кириш керек" дейт, бири “күтө туралы, себеби Орусия өзү ВТОго кирген атат, ага кирип калса Бажы союзуна кирип деле кереги жок. Бажы союзуна кирсе баары кымбаттайт, “Дордой” базарына кыйын болот” деген ой-пикирлер бар.

Салымбеков: Эгер Бажы биримдигине кирсек соодага кыйын болот. Бажы салыктары Торугарт, Эркештамдарга жылат, азыркы арзан баадагыдай өтпөй, биримдиктеги тарифтер менен өтүп калат. Бул жердеги товарлардын баары кымбаттайт. Аны биздин эл сатып алалбай калат. Ошондо соодада кризис башталат. 1 миллион элибиз соода менен жан сактап атат, алардын жарымы эле жумушсуз калса эмне болот?

Ошон үчүн азыр өкмөт туура кылып атат го деп ойлоп атам. Себеби сүйлөшүүлөр болуп атат, силер ВТОго өтүп алгыла деп атат. Ага өткөндөн кийин бажы эрежелери өткөрүлөт. "Бажы биримдигинен баш тарткан жокпуз, анан бара-бара ошого киргенге аракет кылабыз" деп атат.

“Азаттык”: Табылды экөөңөр Кытайга “Шоронун” заводун ачпадыңар беле. Ал эмне болду?
Бизнести жүргүзүүгө билим, адамкерчилик сапат, тарбия, тегерегиңдеги чөйрө керек.

Салымбеков: Табылды 1 жарым, 2 жыл ошол жакта болуп иштеп, продукцияны чыгара башташкан. Бирок Кытайда атаандаштык күчтүү экен, өзүлөрүнүн суусундуктарын чыгаргандар бар экен. Ар бир дүкөндө “Шоронун” муздаткычы болуш керек, продукцияларды коюш керек, анан тил билген, ошонун баарын түшүндүргөн адамдар болуш керек.

Чыгарып коюш оңой, өндүрүштүн күрө тамыры – сатуу маселеси. Сатуу маселесинде көп проблемалар чыкты. Муздаткычтар жоктугунан шоро бузулуп кетип, анан атып атат, ачып атат, пробкасы атканда кийимине төгүлүп продукциянын сатылышы солгундап, азыр завод туруп турат. Аны кайра кытайлыктар менен чогуу суу чыгарганга профилин өзгөртүп, сүйлөшүүлөр болуп атат.

Табылды, мен жакында Кытайга барып суусундуктарды кытайлыктар менен биргелешип чыгаралы деп атабыз, ага саткан менеджерлер керек экен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG