Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

“Азия Универсал банкынын” мурдагы кожоюну Михаил Надел кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берди. Ал банкты улутташтырууда менчик укугу 480 миллион долларга зыянга учурады деп эсептейт.

Бул тууралуу көз каранды эмес экономист Манас Султанов билдирди. Эгерде сотто Кыргызстандын өкмөтү утулуп калса, анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Манас Султанов Наделдин Вашингтондогу эл аралык арбитраждык сотко кайрылганын америкалык юристтер биримдигинин маалыматына таянып билдирди. Бирок ал маалыматты кыргыз өкмөтү тастыктай элек.

Манас Султанов Наделдин “Азия Универсал банкын" Убактылуу өкмөт мыйзамсыз улутташтырган деген дооматы сотто каралса, Кыргызстан уттурушу мүмкүн деп божомолдойт. Анткени, анын баамында, менчик ээсинин укугу банкты улутташтыруу учурунда одоно бузулган.

Манас Султановдун айтымында, айып пул төлөнбөй турган болсо, Кыргызстандын “Центтера голддогу” акциялары камакка алынышы мүмкүн:

- Эреже боюнча соттун чечими чыкмайынча банктын кутучасын ачканга болбойт. Бирок Убактылуу өкмөт мына ошого жол бергени боюнча тасма да жарыяланып кетпедиби. Мына ошондой шектүү жагдайларды көргөн эл аралык арбитраждын соту кандай чечим чыгарышы мүмкүн? Албетте Кыргызстандын пайдасына эмес. Биринчи эле коркунуч - Наделдин доосу канааттандырылса, Кыргызстандын “Центтерра голддогу” акциялары камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура Наделдин доосунан чочубайт

Михаил Наделге "мурдагы президент Бакиевдин уулу Максим менен биргеликте “Азия Универсал банкын" мыйзамсыз басып алган, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган" деген айыптоолордун негизинде иш козголгон.

Бийлик алмашкан соң Кыргызстандан качып кеткен ал ишкерге эл аралык издөө жарыяланган. Баш прокурордун тергөө иштери боюнча орун басары Байтемир Ибраев анын банкка кандай жолдор менен ээлик кылгандыгын тастыктоочу далилдер жетиштүү деп эсептейт:

- Надел АУБ боюнча эле эмес, башка экономикалык кылмыштар боюнча да айыпталып жатат. Анын бири - Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ага сегиз жыл жаза мөөнөтүн чегерүү өкүмү сыртынан чыгарылды. Бизде Наделдин аталган банкты кандайча мыйзамсыз жолдор менен ээлеп алганын тастыктоочу далилдер жетиштүү. Бизде эл аралык сотто тиешелүү далилдерди келтирүүгө укуктук негиздер бар. Ошондуктан чочулай турган жагдай жок.

Мыйзам ким тарапта болот?

Эл аралык укук ченемдеринде жана Кыргызстандын Баш мыйзамында "менчик укугунан ажыратуу соттун чечими менен гана ишке ашат" деп жазылган. Бирок Бакиев режими элдик толкундоонун натыйжасында кулагандыктан анын айрым санаалаштарына таандык мүлктөр декреттердин негизинде мамлекетке өткөрүлгөн. Ыңкылаптык кырдаалда мүлктөрдү улутташтыруунун укуктук эрежелери мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Укук таануучу Марат Кайыпов мындай шартта эл аралык укуктун алкагында өкмөткө доо койуп, утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду:

- Эл аралык укуктук ченемдер эмес, өзүбүздүн мыйзамдын негизинде эле мына ошол арбитраждан уттуруп коюшубуз мүмкүн. Эгерде мына ошол Наделдин айыптарын өз учурунда коюп, сотко жөнөтүп, анын мына ошол банкты баскынчылык жол менен алганы тезирээк аныкталганда да эл аралык сотто биздин жүзүбүз жарык болмок. Бирок эми бул боюнча тергөө иштери кечеңдеп жаткан учурда сот буга чейинки жагдайды жана менчиктин кол тийгистигин жетекчиликке алуу менен анын пайдасына чечип койушу ыктымал. Мисалы, Орусиянын өкмөтүнө Швейцариянын жараны "ири суммадагы карызды төлөгөн жок" деп доо коюп, утуп алганы белгилүү. Анда Орусиянын сырттагы айрым активдери жана мүлкү камакка алынган болчу. Кыргызстанда да ушундай маселе болуп калышы мүмкүн.

Буга чейин Максим Бакиевдин өнөктөшү катары деп айтылган Латвиянын жараны Валерий Белоконь “Манас” банкы боюнча анын менчик укугу зыянга учурады деген доо коюп, эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы маалымдалган. Бирок ал сот иши качан каралаары жана анда Кыргызстандын кызыкчылыгы кантип корголо тургандыгы белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG