Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгында коммерциялык банктар чогулткан аманат акчанын көлөмү өстү. Ага катар берилген насыялар көлөмүнүн да жогорулаганы байкалат. Бирок адистер ички жана тышкы инвесторлордун ишеним деңгээли банк сектору үчүн башкы көйгөй бойдон калып жатканын айтышат.

Экономикадагы анча-мынча жылыштын белгилери банк секторунун ишинен да байкалууда. Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Самат Жумашев “Азаттыкка” курган маегинде быйылкы жылдын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдү атады:

- Алдын ала алынган маалыматтар боюнча коммерциялык банктардын юридикалык жактардан жана жеке адамдардан алган депозиттеринин көлөмү 32,6 миллиард сомду түздү. Бул жыл башы менен салыштырганда 18 пайыздык жогорулоону көрсөтөт. Былтыркы тогуз айда, тескерисинче депозиттер көлөмү 19 пайызга кыскарган.

Улуттук банктын өкүлү быйылкы өсүштү экономиканын, атап айтканда Улуттук дүң өндүрүштүн жогорулашынын, банк секторуна карата ишеним кайра жарала баштаганынын таасири деп түшүндүрдү. Улуттук Статкомитеттин эсебинде тогуз айда Улуттук дүң өндүрүш 8,7 пайызга жогорулаган.

Алдыдагы сандар көрсөткөндөй, калк жана юридикалык тараптар банктарга салган аманат акчанын көлөмү долларга айлантканда бир миллиардга жетпейт, 750 миллиондун тегерегинде.

Ишеним жана инфляция

Кыргызстандын Банктар союзунун маалыматына караганда, былтыр жыл аягында коммерциялык банктарда чогулган аманат акчанын жарымынан азы жеке адамдарга, калганы юридикалык жактар, коммерциялык уюмдар менен мамлекеттик органдарга тиешелүү болгон.

Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, быйыл тогуз айдын жыйынтыгында жеке адамдардын депозитинде өсүш байкалганы дурус жышаан:

- Быйылкы жылы үмүттөндүргөн факт - калктын депозити он эки пайыздан ашуунга өскөнү. Бул абдан жакшы нерсе. Өлкө саясий тополоңдордон, бир катар банктар боюнча көрүлгөн чаралардан улам жалпы банк сектору сокку алдында калгандан кийин да эл банк системасына ишенбей калган жок. Жогорудагы көрсөткүч мунун далили жана бул элдин банк системасына ишенимин көрсөтүүдө.

Ал эми Кыргызстан Ишкерлер биримдигинин мурдагы аткаруучу директору Нуржигит Кадырбеков коммерциялык банктарда депозиттер көлөмү көбөйүшүн табигый эле жараян жана мында инфляция ыргагынын да таасири бар деп эсептейт:

- Бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Менимче инфляция болгон сайын, акча массасы көбөйгөн сайын адамдардын өз каражатынын кайсы бир бөлүгүн салышы мыйзам ченемдүү эле нерсе. Муну позитивдүү көрүнүш катары баалоо эртелик кылат.

Инфляция ыргагы былтыр расмий эсепте 19,5% болсо, быйыл жарым жылда 7,2% болсо, тогуз айда 4,4 пайызды түзгөн.

Ачылбай жаткан мүмкүнчүлүк

Ишкерлер союзунун мурдагы аткаруучу директору Нуржигит Кадырбеков эгер банктардагы аманат акчанын жарымы жеке адамдардыкы болгон күндө деле бул 350-400 миллион доллар, чоң каражат эмес.

Ал эми Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев ушул тапта ички инвесторлордун мүмкүнчүлүгү толук ачылды деп айтыш эртелик кылат:

- Мен ишенем, бизде ички инвесторлордун, биздин жарандардын, ишкерлердин рынокту жандандыргыдай потенциалы абдан чоң. Бул толугу менен ачыла элек. Өзгөрүүлөр саясий окуялардан (президенттик шайлоодон) кийин болот деп үмүттөнөм. Олуттуурак жандануу келерки жылдын башталышында, жаз айларында болот деп ишенем.

Ички инвесторлорду банктарга тартуу үчүн 1990-жылдары жогорулатылган үстөк пайыздар сунуш кылынчу. Бирок ал учурларда орун алган көз бойомочулуктар, банкрот болгон банктардан депозиттерди төлөө жагынан чыккан көйгөйлөр кардарларды этияттыкка үйрөттү.

Депозиттерди коргоого кийин мамлекет да кийлигишип, учурдагы мыйзам боюнча эгер кайсы бир кардардын акчасы банкта күйүп кете турган болсо, анын жүз миңге чейинки каражатын мамлекет төлөп берүү милдетин алган. Андыктан азыр ички инвесторлорду банкка тартууда кайра эле ишеним фактору алдыңкы орунда турат.

Быйылкы жылдын октябрь айына карата Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар. Улуттук банктын чечимине ылайык, алардын үчөөөсүндө (“Манас”, “Кыргыз кредит”, “Акылинвестбанк”) консервация режими өкүм сүрүүдө.

Мындан башка дагы бир банк – “ФинансКредитБанкта” тикелей банктык көзөмөл орнотулуп, анын акцияларын быйыл майда сатып алган ирандык ээлеринин каражатынын легалдуулугун, банк ээлеринин БУУнун Иранга каршы санкцияларында көрсөтүлгөн юридикалык жактар жана жеке адамдар менен байланышы жоктугун күбөлөндүргөн документтер тапшырылмайынча элден депозиттерди алуусуна учурда чектөө киргизилген.

Чет элдик капитал азайды

Беш-алты жыл мурун Кыргызстанда коңшу Казакстандын банктары биринен сала экинчиси ачыла баштаганда бул өлкөнүн коопсуздугуна терс таасир бербейби деген талкуулар жүргөн эле.

Кыргызстан Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин айтымында, банк секторуна чет элдик капиталдын келишине учурунда кыргыз мыйзамдарынын либералдуулугу көмөктөшкөн. Либералдуулук азыр деле сакталып жатканы менен былтыркы окуялар банк чөйрөсүндөгү чет элдик капиталды азайтты:

- Былтыркы жылга чейин банктардын 50 пайыздан ашуунунда чет элдик капитал 100 пайызга чейин болчу. Бүгүн бир катар объективдүү жана субъективдүү себептерден улам азайды. Учурда 100 пайызга чейинки чет элдик капитал банктардын 30 пайызында. Оюндун, иштин шарттарын, мамлекет койгон талаптар жагын алсак, менимче, либералдуулук али сакталууда.

Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев мыйзамдар либералдуу болгону менен, банктык технологиялардын жайылышы жагынан кыргыз банктары эски совет аймагынын Орусия, Украина, Казакстан сыяктуу өлкөлөрүнөн артта калууда. Банк кызматынын элге жайылуу көрсөткүчү төмөндүгүнүн бир себеби ушунда:

- Банк кызматынын жайылуусу 5,5 пайыздын тегерегинде, башкача айтканда банктардан бүткүл калктын 5,5 пайызы эле тейленүүдө. Бул жактан ишмердүүлүк мейкиндиги абдан кенен. Андыктан, менимче, жаңы технологияларды мына ушул жаатта пайдалануу зарыл. Мисалы, мобилдик банкингди колдонуу. Бул банк секторунун филиалдары жетишсиз Кыргызстан сыяктуу өлкө үчүн абдан пайдалуу болмок. Менимче, ушул технология, мобилдик банкинг банк системасы анча өнүкпөгөн Кыргызстан үчүн элдин каржы институттарынан тейленишин кеңейтүүнүн жолу.

“Арзан” жана “узун” акча качан келет?

Адатта Кыргызстанда банктардын кредиттеринин үстөк пайызы жогору болгонуна нааразылардын үнү көп угулат. Бирок ошол эле учурда калк үстөгү банктардыкына салыштырмалуу бийик болгону менен кредитти алуу шарты жеңилирээк микрокаржы уюмдарынан насыяны көбүрөөк алууда. Банкирлер үстөк пайыздын ылдыйлабай жатышын объективдүү себептер менен түшүндүрүшөт.

Кыргызстан Ишкерлер союзунунун мурдагы аткаруучу директору Нуржигит Кадырбековдун пикиринде, мында кайра эле ишеним факторунун үлүшү бар:

- Кыргызстандын банктарына ишеним жетишпейт. Депозит салгандар болобу, кредит бергендер болобу. Өзгөчө кредит бергенде анын кайтарымы кандай болот же кредит алган киши качып кетип калбайбы, акчаны төлөбөй койобу деген санаа көп. Ошол тобокелчилик абдан жогору болгондуктан булардын пайыздык ченеми жогору бойдон калып жатат.

Учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов жакында "Азаттыктын" окурмандары менен түз байланышта үстөк пайыздарды түшүрүүнүн бир аргасы катары банктардын каржылык ресурсун көбөйтүүнү, анын ичинде чет элдик ири банктардын киришине жол ачууну атады:

- Экономикабыздагы тоскоолдуктардын бири – банктардын ресурсу жетишпей жаткандыгы. Үстөк пайыздардын өлчөмүн азайтуу, банк чөйрөсүндөгү атаандаштыкты күчөтүү жагын биз орто мөөнөткө эсептелген өнүгүү программабызда жазып жатабыз. Буга чейин Кыргызстанга чоң банктардын келишине бийлик жагынан тоскоолдук болуп келген. Биз бүгүн чоң банктардын келиши үчүн максималдуу шарт түзүп берип жатабыз.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кириши мүмкүн болгон чоң банктардын алгачкысы катары Орусиянын “Газпром” банкын мисалга тартты. Өкмөт улутташтырылган “АзияУниверсалбанктын” тышка чыгарылып кеткенден калган акча-мүлкүнүн ордуна уюшулган “Залкар” банкты, эгер сүйлөшүү оңунан чыкса, Орусия тарапка сатууну мерчемдөөдө.

Кыргызстан Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин пикиринде, банкирлер “узун” жана “арзан” деп атап койгон акчанын келиши үстөк пайыздар маселесин чечмек. Бирок ал Кыргызстан кредиттик рейтинг алмайынча андай акчаны тартуу оор маселе экендигин белгилейт:

- Тилекке каршы бүт өлкө сыяктуу эле бир дагы банктын рейтинги жок. Буга байланыштуу Кыргызстандын банктарына карата чет элдик инвесторлордон, инвестициялык фонддордон, чет элдик банктардан ишеним артылбайт. Андыктан мындай ишенимдин жоктугу кредиттик ресурстардын узактыгы, үстөк пайыздарды төмөндөтүү жана башка маселелер жагынан олуттуу роль ойноодо. Өлкө эл аралык абройлуу рейтинг агенттиктери берүүчү кредиттик рейтингди алмайынча, бир дагы комерциялык банк рейтинг ала албайт, алса да биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүүдө белгилүү бир роль ойноочу “узун жана арзан” каражатты тартуу багытында иш жүргүзө албайт.

Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев өлкө кандайдыр бир кредиттик рейтинг алышы үчүн ириде саясий туруктуулук керектигин жана бул багытта иш жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG