Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Кызылчачылар митингге чыкты


Кызылчачылардын митинги. Бишкек, 27-апрель.
Кызылчачылардын митинги. Бишкек, 27-апрель.

Чүй менен Таластан келген миңден ашуун кызылчачылар сырттан ташылган шекерге бажы төлөмүн алып салган өкмөт чечимине каршы нааразылыкка чыкты.

Алар бийлик өкүлдөрүнөн атамекендик өндүрүштүн корголушун талап кылууда. Ал эми айыл чарба министрлиги базардагы бааларды түшүрүү максатында бажы төлөмү алынганын билдирди. Азыр дыйкандар өкүлдөрү менен депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү орток чечим табуу жолдорун сүйлөшүп жатат.

Дыйкандар талабы

27-апрелде Ак үй алдына митингге чыккан миңден ашуун дыйкандар депутаттарды жолугууга чакырып, пикирин угууну талап кылышты. Чогулгандардын басымдуу көпчүлүгүн кызылчачылар түзөт. Алар сырттан ташылган кумшекерге бажы төлөмүн алып салуу боюнча өкмөттүн демилгесине катуу нааразы.
Кызылчачылардын митинги, 27-апрель.

Чүйдүн Жайыл районунун тургуну Калысбек Дүйшөнкулов аксакал быйыл 15 гектар жерге кызылча айдаптыр. Ал сапаттуу үрөн үчүн насыя алган:

- Бажы төлөмдү алса, биздин өндүргөн азык эмне болот? Анда арзан баада Кытайдыкы келет. Эл насыя алды, жалгыз уюн сатып урук алды. Жерине, техникасына акча төлөп берип атат. Эми ошону эмнеге алып таштайт? Элдин баарын жакшы болот деп септирип алып эми ушинтип атат. Эми алган насыяны кантип төлөйбүз?

Дагы бир дыйкан Жылдыз Базарбаева талаасын, үйдө балдарын таштап митингге келгенге мажбур болуптур:

- Өзүбүздүн продукцияны өзүбүз өндүрүп, иштетип жешибиз керек. Сырттан келген шекердин эмне кереги бар бизге? Алар бир депутаттардын шекери да, ошолордун чөнтөгүнө түшөт. Насыя алып иштеткенибиз өзүн актабай жатат. Талаанын баары калып, куурап атат. Элдин баары ушул жерде жүрөт. Бизге чыгып жооп берип коюшса болмок.
Кызылчачылар Чүй көчөсүн бир саамга жаап коюшту, 27-апрель.

Ал арада депуттардын жолугушууга чыкпай жатканына нааразы болгон дыйкандар машиналарды өткөрбөй, Чүй көчөсүн бууганга жетишти.

Ал эми кызылча иштетүүчү “Кайыңды-кант” заводунун жетекчиси Дүйшөнкул Матеев быйыл калктын кантка болгон муктаждыгынын 50 пайызын камсыз кылуу пландалып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Бажы төлөмдүн алынып салынышынын кесепети дыйкандарга түздөн-түз тийет. Бышыкчылык маалда түшүмүн сата албай, сатса да арзан баада сатып калышат. Биз 2013-жылга чейин 100% кант менен камсыз кылалы деп жатканбыз.

Бажы төлөм бааларды арзандатуу үчүн алынды

Митингчилер менен жолугушууга айыл чарба министринин орун басары Кубат Касенов чыкты. Ал министрлик дыйкандар тарапта экенин, дыйкандарга кызылчанын үрөнү, күйүүчү май берилип жатканын билдирди. Касенов бажы төлөмдүн алынып салынышы базардагы бааларды түшүрүү максатында жасалып жатканына басым жасады. Ошондой эле ал митингдин артында бир гана дыйкандар эмес, башка күчтөр турушу ыктымалдыгын белгилөөдө:

- Элге баа арзан болсун деп өкмөттө чечим кабыл алынган. Биз деле дыйкандар тарабында болгондуктан бизден да “Кыргызстанда өндүрүлгөн кызылча калк талап кылган канттын 10% эле камсыз кылса, калган 90% эл ачка же кымбат баада сатып алсынбы” - деп сурап атышат. Анан айла жок кол көтөрүп атабыз. Эң негизгиси эле заводдун кызыкчылыгы болуп атат. Бул жерде жалаң эле дыйкандар эмес, башка күчтөрдүн да кызыкчылыгы бар окшойт. Мен ошону түшүнбөй калдым.
Кызылчачылардын митинги, 27-апрель.

Дыйкандардын жети адамдан турган өкүлүн “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров кабыл алды. Ал кызылчачылардын талаптарын бир-эки күндө карап чыгууну жана аларды өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолуктурууга убада кылды. Дыйкандар ушул аптанын жума күнүнө чейин бийликтен жооп күтөт. Эгер маселе оңуна чечилбесе кайра кеңейтилген нааразылык акцияларына чыгаарын эскертишти.

22-апрелде Жогорку Кеңеш азыктардын айрым түрлөрүнө бажы тарифинин ставкалык пайыздарын өзгөртүү боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун колдогон. Ага ылайык, эл керектөөчү товарлар этке (азыркы учурда ставкасы 10%), буудай унуна (10%), өсүмдүк майына (10%), күрүчкө (10%) жана шекерге болгон 30% бажы төлөмдү нөлгө түшүрүү сунушу жактырылган.

Маалыматка ылайык, былтыр 9 миң гектарга жакын аянтка кызылча айдалса, быйыл 12 миң гектарга айдалган. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жакшы түшүм болсо бул калктын шекерге болгон суроо-талабынын 15-20 пайызын камсыз кылат.

XS
SM
MD
LG