Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Бозумчак кени ишке кирмей болду


Сүрөт интернеттен алынды
Сүрөт интернеттен алынды

Жол тосуулар менен коштолуп, элдин нааразычылыгын жараткан Ала-Бука районундагы Бозумчак кени 1-августта премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда ишке берилди.

Компания кийинки жылы толук кубаттуулукта иштеп, мамлекетке 400 млн. сом киреше алып келип, жумушчулардын саны миңге көбөйөт.

"Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы иштеткен Бозумчак кени эки жыл мурда ачылары пландаштырылып келген. Ачылыш аземине катышкан Темир Сариев Бозумчак өлкө экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул сыяктуу бир катар ишкана, комбинаттарды ишке киргизүү улантыла берерин билдирди.

"Кийинки жылы Бозумчак толук кубаттуулукта иштеп, жылына 400 млн. сом салык төлөй баштайт" деди Темир Сариев.

- Бозумчак сентябрь айынан тартып продукция өндүрө баштайт. Быйыл компания өлкө казынасына 250 млн. сом салык төлөйт. Анын 50 млн. сому жергиликтүү бийликте калат. Ушул компания иштей баштагандан тартып Ала-Бука районундагы эки айыл өкмөт дотациядан чыкты. Алдыда дагы бир топ пландар бар. Ушул жетишкендиктерди билип туруп, кээ бир жарандар өз кызыкчылыгын артык көрүп, компаниянын ишине нааразычылык билдирип, элди көтөрүүдө. Мен өткөндө жол тоскондорду катуу жазага тартууну тартип коргоо органдарына тапшыргам. Алар эл душманы катары таанылып, жазасыз калбаш керек. Биз мыйзам чегинде жашап, тартипти сактаганды да үйрөнүшүбүз керек.

Жол тоскондор
Жол тоскондор

24-июлда райондун Көк-Серек айылынын тургундары Бозумчакка кеткен жолду бууп салышкан. Алар компанияны элдин талабын аткарбай жатат деп айыптап, жергиликтүүлөрдүн 70 пайызын ишке алууну, жолго асфальт төшөөнү талап кылышкан.

Жол тосуудан кийин аны уюштурган төрт адам административдик жазага тартылып, 3 миң сомдон айып пул салынган. 28-июлда болсо компания эл менен жолугушуу өткөрүп, келерки жылдан тарта жолго асфальт төшөлө баштарын жана талаптар шартка жараша аткарыларын билдирген.

Башка кендердин абалына токтолгон Темир Сариев кээ бир адамдар саясатка айландырып, кендин ишине кедергисин тийгизип жатканын айтты.

- Таластагы Жерүй кенин аукциондун негизинде сатып, 100 млн. доллар казынага түштү. Ал каражатка келерки жылы өлкөдө 100 жаңы мектеп курулат жана 100 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт. Жакында Талды-Булак-Сол жээк кенин пайдаланууга бердик. Ал жерден жылына 1 млрд. сом кирише түшүп турат. Бозумчак кени менен кошкондо кийинки жылы бул жерлерде эки миң жумушчу орун түзүлөт. Бул ийгиликтерди көрөп туруп кээ бирлери элдин башын айландырып жатпайбы. Талас районунун акими өзү эки жума мурда оорудум деп жумушка чыккан эмес. Өкмөт тараптан сын айтылса туура кабыл албай, ошол күндөрү жергиликтүү кеңештин депутаттары менен кошмо жыйын өткөрүптүр. Өкмөт ага "райондогу элди башкар" деп бийлик берип жатса, ал кайра туура эмес саясат жүргүзүп жатат. Булар эл душмандары деп айтар элем. 3-августта мен аны жумуштан алам жана жоопкерчиликке тартылат.

24-июль, 2015-жыл
24-июль, 2015-жыл

Нааразы болгон Көк-Серек айылынын тургундары ачылыш салтанатына катышкан жок. Айыл тургуну Абсатар Кабылов ачылыш аземине элеттиктер чакырылбаганын "Азаттыкка" мындайча билдирди:

- Бозумчактын ачылышына компания тандап туруп 3-4 аксакалды чакырыптыр. Элдин атынан эч ким катышкан жок. "Кээ бир адамдар элди үгүттөп жатат" деп айткан өкмөт башчынын сөзүнө кошула албайм. Айылга келип, жагдайды өз көзү менен көрүп, анан ошентип айтса болмок. Үйүндө нанга зар болуп отурган жакыр үй-бүлөлөр бар. 28-июлда өткөн коомдук угууда да эч нерсе чечилген жок. Дагы нааразычылык чыгышы мүмкүн.

Бирок ошол айылдын тургуну, кен казган компанияда айдоочу болуп иштеген Кылычбек Досбаев жердештеринин оюна кошула бербейт. Ал сындагандан качып, иштөөгө мезгил келгенин айтат.

- 2 жыл мурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып келип, компанияга жумушка орношком. Катардагы жарандар сыяктуу эле кезекке туруп, сынактан соң мени жумушка алышты. Учурда 15 күн иштеп, калган учурда дем алам. Ошол күндөр үчүн компания мага 20 миң сом айлык төлөйт. Бул жерде баары жакшы.

Анткен менен айыл жашоочусу Бекболсун Кутуев жергиликтүүлөрдүн талабын "Азаттыкка" мындайча билдирген эле:

- 15 күн мурда компанияга талаптарды жазып кайрылганбыз. Алардан эч кандай жооп болгон жок. Айылдагы унаа өткөн көпүрөнү сел алып кетип, азыр машиналар сай аркылуу кыйналып каттап жатат. Аны да карап коюшкан жок. Башка аймактан жол салабыз деп эки жыл мурда айтышкан, ал да азыр аткарыла элек. Оор жүк ташуучу техникалары жолдон өтүп, кээ бир үйлөрдү жарактан чыгарууда. Ага эч кандай компенсация берген жери жок.

2007-жылы өз ишин баштаган компания продукция өндүрө элек болсо да ушул кезге чейин өлкөдөгү долбоорлорду аткарууга 32 млн. доллар инвестициялаган. Ошол эле учурда тоо бооруна комбинат жана шаарча курууга 250 млн. доллар каражат жумшалган.

Бозумчак мындан кийин да кыргыз өкмөтү менен тыгыз байланышта иштейт деп ишендирди "Казакмыс голд Кыргызстан" компаниясынын директору Ильяс Тулекеев.

- 2007-2015-жылдар аралыгында компания Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана милдеттүү салымдар үчүн 950 млн. сом төлөп берген. Ишкана 2029-жылга чейин иштесе, бюджетке которгон акча 9 млрд. сомго жетет. Мындан сырткары биз Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарындагы социалдык долбоорлор үчүн да жыл сайын 15 млн. сомго жакын каражат берип турабыз. Ошол эле учурда компанияда иштеген жарандардан сырткары айылда тигүү цехтерин, мал чарбасын жана фермердик чарбаларды уюштуруп, ал жердин продукцияларын түз сатып алуудабыз. Өзбекстан менен чектеш Көк-Таш айылына 6,8 млн. сом акча коротуп, жол салып берип, эми аталган айылдын тургундары Өзбекстан аркылуу өтпөй калышты. Компания туруктуу иштеп турса, ушул сыяктуу жумуштарды аткара берет деп ишенем.

Аймактагы айрым тургундар кен казган компаниялар экологиялык эрежелерди сактабай, жаратылыш бузулуп жатат деген дооматтарды коюшкан. Ошол себептүү эл арасында ар түрдүү пикирлер пайда болууда.

Иштамберди кени
Иштамберди кени

Геология жана жаратылыш ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев эми мамлекет экология маселесине олуттуу көнүл бурарына ишендирди.

- Жол тоскондор, нааразы болгондор экологиялык маселелерди көп көтөрүшөт, цианид боюнча айтышат. Карап көрсөк жылына Кыргызстанда 700дөн ашык адам жол кырсыгынан каза табат экен. Быйыл жарым жыл ичинде алардын саны 500гө жакын. Ал эми 20 жылдан ашык убакыттан бери бир да адам цианидден же экологиянын бузулушунан улам өлдү деп уга элекмин. Биз мындан ары компаниялардагы экологиялык эрежелердин сакталышына катуу көңүл бурабыз. Кенди иштетпесек, өндүрүш токтоп калса, анда өлкө кантип өнүгөт? Мал-кой багып, Африканын бир жериндеги жапайы адамдар сыяктуу жашап жүрө берелиби? Ошол үчүн компаниянын иштөөсүнө бут тоспой, түшүнүү менен кабыл алалы.

"Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы 260 гектар аянтты иштетүүгө 19 жылга лицензия алган. Компания 140 миң тонна жез, 23 тонна алтын жана 144 тонна күмүш кендерин чалгындаган.

Премьер-министр Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы "Иштамберди" компаниясынын иши менен да таанышып, аларга кенди ачууга 20-сентябрга чейин тапшырма берди. 50% техникасы алып келинип, калганы Кытайда жасалып жатканын айткан өкмөт башчысы сентябрь айында фабриканы ачууну тапшырды. Быйыл тоо-кен фабрикасы ишке берилсе, 100 млн. сом салык түшөрү, кийинки жылдан тартып жылына 226 млн. сом киреше берип турары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG