Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Кыргыз өкмөтү быйыл бюджеттин чыгымын кирешесинен ашырбоого убада берип, сырттан карыз алуу да азаярын билдирүүдө.

Бирок эксперттер бюджет тартыштыгы менен мамлекеттик чыгымдар дале көп өлчөмдө деп сынга алышууда.

2012-жылы кыргыз өкмөтү сырттан карыз алууну азайтып, колдо бар киреше менен жан сактайм деп жатат. Мындан улам быйыл күтүлбөгөн, же ашыкча чыгымдарга жол берилбейт. Пенсионерлерден башкалардын жөлөк пул, же айлык акылары дээрлик көтөрүлбөйт.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл социалдык тармактарга көбүрөөк акча бөлүнөт. Ага каражат кыскартуулардын эсебинен табылат:

- Жалпы жонунан башкарууга кетип жаткан чыгымдардын ичинен 2 миллиард сомдой каражат кыскарып жатат. Ушунун баары билим берүү тармагына, саламаттыкты сактоого жана социалдык коргоого жумшалат. Бюджетке кошумча кирешелерди таптык. 7 миллиард 300 миллион сомдун тегерегинде кошумча акча издеп таап киргизип жатабыз.

Адаттагыдай эле быйылкы бюджет салыктар менен бажы төлөмдөрүнөн куралат. Бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 79 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 10 миллиардга көптүк кылат. Ошол эле учурда чыгымдардын да көлөмү өсүүдө.

Маселен, 2011-жылы чыгымдар 86 миллиард сом болсо, быйыл 95,4 миллиард сомду түзүүдө. Натыйжада бюджеттин таңсыктыгы 16 миллиард сом деп эсептелип жатат.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, быйыл тартыштыкты алдын ала эле жоюу сунушталууда:

- Тартыштыкты көбөйтүп коюп эле, кийин бюджет аткарылбай, жылдын аягында тактоого туура келип калып жатат. Быйыл дефицити жок киргизгенге аракет кылабыз. Эгер кошумча каражат табылган болсо, аны парламент өзгөртүү киргизип берип, бюджетке кошсо болот.

Ошентсе да, быйылкы бюджеттин долбооруна ичи чыкпагандар да арбын. Маселен, 17-февралда өткөн парламенттик угууда бир катар бейөкмөт уюмдар социалдык өнүктүрүү тармактарына акча бөлүнбөй калганын сынга алышты

Бир катар эксперттер жаңы долбоор реформалык аракеттерге жана өкмөттүн жүз күндүк программасына туура келбейт деп айтып чыгышты. Маселен, каржы министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы, эксперт Азамат Акелеевдин пикиринде, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу демилгеси толук ишке ашпай калган. Натыйжада бюджеттин басымдуу бөлүгү мамлекеттик чыгымдарга жумшалып жатат:

- Мисалы, 2009-жылы бүткүл мамлекеттик чыгымдар ички дүң жыйымдын 25 пайызына тете акчаны түзсө, акыркы эки жылда 40 пайызды түзүп жатат. Бул деген мамлекет өлкөнүн экономикасына чоң салмак, жүк болуп жатканын көрсөтөт.

Бир катар адистер бюджет тартыштыгы менен тышкы карыз маселеси көз жаздымда калып жатканын айтууда. Көз карандысыз экперт Бакыт Сатыбеков Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү ички дүң жыйымдын 60 пайызына чейин өсүп жеткенин айтып, бюджет тартыштыгын жоюу үчүн тыштан карыз алууну токтотууга чакырды.

- Эң башкысы - чыгымдар. Башында чыгымдар 90 миллион сомдун тегерегинде деп белгиленген. Азыркы долбоор боюнча чыгымдар 95 миллионго өсүптүр. Мунун логикасы түшүнүксүз болуп жатат. Эгер 16 миллиард сомдук дефицитибиз турса, эмнеге чыгымдарды көбөйтөбүз? 5 миллиард сом карыз сурабасак, тышкы карыз да азаймак.

2012-жылкы бюджеттин дагы бир өзгөчөлүгү эки тепкичтүү бюджеттин киргизилип жатканында. Быйыл салыктан, кирешелерден түшкөн каражаттын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бийликтин казынасында калат. Мындан тышкары министрликтерге бир жылдык иш планы такталгандан кийин гана ага жараша акча бөлүнөт. Каржы министрлиги бюджетти бөлүштүрүү жана аны аткаруу ачык жүргүзүлүп, бардык маалыматтар интернет сайтка жайгаштырылып тураарын айтууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG