Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Ошто ишкерлердин бүгүнкү форумун утурлап, Ишкерликти жана укукту өнүктүрүү фондунун өкүлү Искендер Байназаров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Азыр Ош ишкерлер үчүн опурталдуу, кооптуу болбой калдыбы? Июнь коогасынан кийин бир топ бизнестер башка жакка алынып чыгып кетти деп айтылды эле.

Искендер Байназаров: Ошол окуялардан кийин биздин ишкерлердин шарты абдан начар болуп калган. Биз ушул долбоордун алкагында изилдөө жүргүзүп, миграция агымы көбөйүп кеткенин, колунан келе турган ишкерлер башка мамлекеттерге иштейбиз деп кеткенге аракет кылган тенденция көбөйүп жатканын аныктадык.

Бирок ушул окуядан кийин жабыр тарткан ишкерлер тынчтык болбосо бизнес өнүкпөйт экенин түшүнүп калды. Акча тынчтыкты жакшы көрөт деген принцип бар да. Бул окуялар бир четинен ишкерлерге бириккенге түрткү берди. Мисалы, буга чейин өз алдынча иштеп аракет кылып жаткан болчу. Азыр болсо Жалал-Абадда Базар-Коргон, Сузакта райондорунда ишкерлер ассоциация түзүп алып, "мамлекет кичине жардам берсин, биз да чогуу аракет кылалы" деп, жабыр таркан ишкерлер биригип, колдон келишинче бири-бирине жардам берип, кыйын абалдан чыгып кетели деп жатышат.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жатат, тынчтык куруу жараянында бизнес өнүксө, тынчтыкка негиз түзүлбөйт. Эгер бизнес өнүксө жумуш орундар түзүлөт. Продукция өндүрүлөт. Чыр-чатак болгон жерде социалдык инфраструктуранын оңдолушуна да шарт болот, бюджетке да салык кошулат.

Биздин бүгүнкү форумдун негизги максаты ушул ишкерлер тынчтык куруу жараянында ролун түшүндүрүү. Мамлекеттик органдар да ишкер чөйрөгө жардам бербесе, тынчтык курууга экономикалык негиз болбойт. Негизги материалдык байлыкты ушул бизнес алып келет.

“Азаттык”: Коогадан кийин инвестиция тартуу кандай болуп жатат. Ага чаралар жетиштүүбү?

Искендер Байназаров: Биздин жакыр мамлекетте колдон келишинче шарт түзүлүп жатат, бирок чаралар аз болуп жатат. Мына комиссиянын расмий маалыматы боюнча ишкерлер 2 миллиард сомго жакын зыян тартты. Анан бизнести дароо кайра калыбына келтирүү кыйын болду. Бизнес жүргүзүп жаткан имараттан да ажырап калышты.

Мамлекет колдон келишинче инвестиция тартып, жеңилдетилген насыяларды берели деп атат.

Коогадан кийин легалдуу эмес бизнес жасагандар өтө кыйын абалда калышты. Же документтери жок, же лицензиялары жок болгондуктан мамлекеттин жардамына жетпей калышты.

“Азаттык”: Азыр эми ошол ишкерлер мыйзамдашууга өтүп жатабы? Анткени мамлекет жардам берели десе, жабыр тарткан бизнесмендердин көбү буга чейин көмүскө иштеп келишкен экен.

Искендер Байназаров: Июнь окуясы бир четинен ишкерлерге оор сабак болду. Өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө документти убагында тактабаганы үчүн ишканасы өрттөнүп кеткендер азыр жардам алалбай жатат.

Бирок акыркы убакта ишкерлер кезекке да туруп документтештирүүгө аябай аракет кылып жатат. Анан мамлекет салык жагынан кичине жеңилдик берип жатат. Бул дагы көмүскөдөн чыгууга жардам болууда.
XS
SM
MD
LG