Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Алтын кендердин артындагы соттошуулар


Жерүй алтын кени. Талас, 20-август, 2012.
Жерүй алтын кени. Талас, 20-август, 2012.

Кыргызстандын тоо-кен тармагында келишпеген жагдайлар арбын. Кумтөрдөгү кылым чырын эске албаганда эле Жерүй, Калесай, Куттусай кендери боюнча соттук териштирүүлөр бар. Жакында эле британиялык дагы бир компания кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берүү ниетин билдирди.

Британиянын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Premier Gold Resources аттуу британ компаниясы инвесторлорду коргой албады деп кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берди. Коюлган доо 35 млн. доллар. Британиялык бул компания Панфилов районундагы Чолок-Кайыңды кенинде геологиялык-чалгындоо жүргүзүүгө 2012-жылы уруксат алып, бир катар иштерди жүргүзгөн. Бирок жергиликтүү калк быйыл февралда кенди иштетүүгө каршы чыккан. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев маселени чечүү үчүн жергиликтүү калк менен апрель айында жолугушкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Эми Premier Gold Resources компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылганы маалымдалууда. Зилалиев бул компанияда андай ниет бар экенин тастыктап, бирок азыркы кезде сотко кайрыла электигин айтты:

- Алар беребиз дегендей кылып жатышат. Бирок бере элек. Сотко чейин чечишүүгө жардам бергиле деп жатышат.

Чолок-Кайыңды жергесинде 7-8 тонна алтын болушу мүмкүндүгүн Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев белгилейт.

Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун маалымдоосуна караганда, кыргыз өкмөтүнө каршы берилген тогуз компаниянын арызы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Алардын ичинен эки иш боюнча чечим чыкты:

- Тогуз компания сотко берип, ишибиз сотто. Анын ичинен экөөсү боюнча чечим чыкты. “Систем мухендислик” боюнча 10 млн. доллар төлөйсүңөр деген чечим чыкты. Бул Пинара мейманканасына байланыштуу. Куттуу-Сай боюнча дагы чечим чыкканы турат. Мындан башка Жерүй 400 млн. доллар, Куттуу-Сай 300 млн. долларга доо арыз берген. Баш-аягы 2 млрд. доллардын тегерегинде доо арыз берилген.

Куттуу-Сай боюнча канадалык Stans Energy Corp компаниясы кыргыз өкмөтүн Москвадагы соода жана өнөр жай палатасындагы арбитражда 117 млн. долларга утуп алды. Соттон кийин канадалык компаниянын өкүлдөрү өткөн жумада Бишкекке келип, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитовдун билдирүүсүнө караганда, ал жолугушууда соттун чечими күчүнө киргенге чейин маселени чечүү сүйлөшүлдү:

- Сарпашев алар менен жолукту. Бирок маселе абдан оор болгондуктан эки тарап билдирүү жасабай туралы, өзүбүз ич ара сүйлөшөлү деди. Сүйлөшүүлөр дагы уланат. Ал эми соттун чечими күчүнө кире элек.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, канадалык Stans Energy Corp компаниясына каршы эл аралык арбитражга сотко берүүгө кыргыз өкмөтү да даярданууда. Ал эми канадалык компания кайрылган Москвадагы сот Бириккен улуттар уюму тааныган эл аралык сот эмес. Ошондуктан маселени эл аралык сотто териштирүүнү сунуштап жатабыз, деп кошумчалады Шыкмаматов.

Жерүй алтын кени боюнча кыргыз өкмөтүн Визор компаниясы Гаагадагы эл аралык арбитражга берген. Бул сот ишти кароого кирише элек. Учурда документтерди топтоо жана иликтөөнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.

Эл аралык арбитраждарда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн кыргыз өкмөтүнүн алдында соттук териштирүүлөр боюнча борбор түзүлгөн. Мына ошол борбор Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоону уюштурууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG