Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Мамыров: Унаа салыгын үймө-үй да кыдырып чогултабыз


Kyrgy
Kyrgy

Бүгүн Бишкекте Салык кызматы Жол коопсуздугу башкармалыгы менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерине каршы рейд өткөрөт.

Иш-чараны утурлап, Салык кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамыровду кепке тарттык.

“Азаттык”: Негизи унаа салыгын 1-августка чейин эле төлөө керек болчу деп билдирип жатасыздар. Ушул күнгө карата салыктын канча пайызын чогулта алдыңыздар?

Акылбек Мамыров: Бул салык мүлк салыгынын 4-тобу. 1-августка, өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн убакыттагы техникалык кароого чейин төлөнүүчү салыктын түрү. Мөөнөтү 1-августта бүткөн. Мамлекеттик каттоонун маалыматы боюнча, республикабызда 441 миңдей машина бар. Анын 339 миңдейи маалыматтык эсептемелерин тапшырып, салык төлөшкөн.

Планда көрсөтүлгөн 455 миллион сомдун 425 миллиондойу казынага түштү. Эми калган 25 миллиондой сомду жыл аягына чейин түшүрүп алышыбыз керек.

Убагында техникалык кароодон өтпөгөн, салык кызматына маалымат эсептемелерди тапшырбаган жана салыгын төлөбөгөн кээ бир жарандарды салыкка тартуу боюнча Жол коопсуздугу башкы башкармалыгы менен чогуу иш пландарды кабыл алып, рейд жүргөнү жатат.

“Азаттык”: Рейд маалында салык төлөбөй кармалган унаа ээлерине кандай чара көрүлөт, айып пул салынабы?

Акылбек Мамыров: Салыгын төлөбөй, техникалык кароодон өтпөй жүргөндөр болсо Жол коопсуздугу башкы башкармалыгы өздөрүнүн чараларын колдонот. Биз болсо салык төлөө боюнча рейд болуп жаткан жерден протоколдорду толтуруп, акт жазып Административдик кодекстин негизинде атайын чараларды колдонобуз.

“Азаттык”: Мындай рейддер Бишкектен башка жерлерде да өткөрүлөбү?

Акылбек Мамыров: Ооба, бүткүл республика боюнча атайын иш-чаралар түзүлгөн. Баардык аймакта рейд өткөрүлөт. Жылдын аягына чейин планда көрсөтүлгөн 455 миллион сом эмес, андан да көп каражат чогултканга аракет кылышыбыз керек.

Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, унаа каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. Биз рейд жүргүзүп эле токтоп калбайбыз, андан сырткары салык кызматкерлери базада көрсөтүлгөн тизме боюнча салык төлөбөгөндөрдү үймө-үй кыдырып салык чогултуп жатат.

“Азаттык”: Унаа салыгы Кыргызстанга качан кирген? Эмнеге убагында төлөшпөйт? Бул жөн эле жалкоолукпу, шалаакылыкпы? Же төлөгүлө деп маалымат жеткире албай жатасыздарбы, же чаралар жетишсиз болуп жатабы? Себебин иликтедиңиздерби?

Акылбек Мамыров: Унаа салыгы мурунтадан эле бар. Эски Салык кодексинде унаалардан алынчу салык деп айтылчу. Муну биз техникалык кароого байлап, ошол кароодон өтүп жатканда төлөнүп жүрчү. Быйылкы жылы болсо мына өзүңүздөр билесиздер, маалымат каражаттарында техникалык кароону алып таштайт экен деген бир топ сөздөр чыгып кетип, салык төлөөчүлөр да акчаларын кармап турушту.

Ошол убакта биз анализ жасадык: ошол маалдарда салыктын көрсөткүчү түшүп кетти. Биз анан кайра ММКда салыктар төлөнүшү керек, техникалык кароодон өтпөсө да төлөнүшү керек деп кайра-кайра чыгып жаттык. Буюрса берилген тапшырманы жылдын аягына чейин аткарабыз жана биздин божомолубуз боюнча андан да ашыкча каражат түшүшү керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG