Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Бишкекте жашыруун иштеген казинолор ачыкка чыгууда, бирок алар чындыгында көп экени айтылат.

Жакынкы күндөрү табылган казинону уюштурганы үчүн шектелип жаткан киши жылдын жазында эле ушундай себеп менен кармалган. Казинолордун жабылганынан көп өтпөй аларды кайра ачуу керек дегендер пайда болду.

Казинолорду мыйзамдаштыруу керек дегендер бюджетке жылына 1,5 млрд. сом киреше түшүп турмак дешет. Ал эми кумар оюндарына тыюу салган мыйзамдын авторлору мыйзам кабыл алынгандан бери кумардан жабыркаган үй-бүлөлөр азайды деген пикирде.

Батирде иштеген казино

Ашкере болгон казино Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасы тараптагы жаңы курулган батирлердин биринде уюштурулган. Кармалган учурда 15тей оюнчу болгон, дээрлик баары Кытай жарандары. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын тергөөчүсү Урмат Ташибеков билдирди:

- Биз кирип барганда 5 стол иштеп жаткан. Эки стол покердики, бирөө рулетка үчүн жана башкалар болгон. Оюн фишкалары, карталар алынды. Он чакты кызматкер иштеп жаткан, алардын баары кыргызстандыктар. “Админ” деп койот, сурак учурунда акчанын баары ага берилгенин айтышты. Оюнчулардын чөнтөгүндөгү акчаны эсептеп кайра бердик, анткени алардын акчасы. Буга чейин тараган маалыматтардагы сумма ушуга негизделип айтылганбы, билбейм. Иш жүзүндө биз казинонун акчасын тапкан жокпуз. Касса улам жаңыланып турат.

Коррупцияга каршы кызматы бул жерден 300 миң сомдой каражат табылганын кабарлаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

Кумарканалардын жабылышына каршы митингден бир көрүнүш, 13-февраль, 2012-жыл

Кумарканалардын жабылышына каршы митингден бир көрүнүш, 13-февраль, 2012-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул казинону уюштурууга шектүү делген Зазазиев аттуу жаран май айында шаардын башка жериндеги казиносу менен кармалган. Анын “Мега Астрал” деген казиносунан акчадан сырткары ок атуучу курал чыккан. Коопсуздук комитеттен бул боюнча кылмыш иши тергелип жатканын айтышты. Зазазиев курал боюнча иш козготпоо максатында Коррупцияга каршы кызматынын өкүлүнө пара сунуштаганы үчүн күзүндө сот аны күнөөлүү деп тапкан. Ал 2 миллион айып пулга жыгылган. Баш-аягы бул жарандын аты үч кылмыш ишинде аталып жатат.

Көздөн учкан каражат

Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы жыл башынан бери 4 көмүскө казинону тапса, өткөн жылы бул боюнча 7 кылмыш ишин козгогон. Ал эми Ички иштер министрлиги Кыргызстан боюнча бешөөнү ачыкка чыгарган.

Казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Гусаров Бишкекте жок эле дегенде 15 казино иштеп жатканын айтты. Депутат аларды көзөмөлдөө мүмкүн болбогондуктан расмий уруксат берип, салык алыш керек деген пикирин айтып келүүдө.

- Жашыруун казинолордо жок эле дегенде 3-4 миллиард сом айланат. Аны оңой эле эсептеп чыкса болот: кечээги окуяда 300 миңдей сом табылды, бул бир эле күндүгү болуп атпайбы. Жылына 1,5 миллиард сомдой бюджетке келсе, социалдык тармакка жардам болот эле. Айталы, Бишкектин бюджетине жылына ушунча каражат кошулса, ага 10 мектеп салуу мүмкүн. Көмүскөнү ачыкка чыгаруунун бир гана жолу – мыйзамдаштыруу. Күч түзүмдөрүнүн ишине шек келтиргим келбейт, бирок бир тарабынан алар, экинчи тарабынан бандиттер казинолорду калкалаганын баарыбыз билебиз.

Ички иштер министрлиги аймактарда казино өңдүү кумарканаларды табышкан. Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун билдиришинче, айтылып жаткандай көп казино жок.

- Жыл ичинде үчөөнү Бишкекте, экөөнү аймактарда таптык. Бирөө Ошто иштеп жаткан, экинчиси Тажикстан менен чектеш тарапта. Ал жерге көбүнчө коңшу мамлекеттердин жарандары келип ойнойт экен. Саясатчылар же башкалар көмүскө казинолор көп экенин айтууда. Бирок биз ага кошулбайбыз, анткени министрлик дайыма операцияларды жүргүзүп, болгонун таап жатат.

Эл өкүлү Игорь Гусаровдун жана аны жактагандардын айтымында, казинодон түшчү салыктын өлчөмүндөй бюджетке эч бир тармактан каражат келбейт. Гусаров мамлекеттик казына такыр бөксөргөндө өкмөт ушул чарага бараарын айткан.

"Мыйзам иштей баштады"

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев казинону чет жердик жарандар үчүн ачса болот деген оюн билдирген. Оторбаев “бирок бюджет тартыш болгондо да бул жолго баруу өкмөттүн эмес, парламенттин иши”,- деди “Азаттыкка”.

- Мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алган. Аны өзгөртүүнү кааласа да алар гана өзгөртө алат. Бирок көпчүлүк жергиликтүүлөрдүн жабыркаганын айтыш керек. Ошондуктан кыргызстандыктарга тыюу салыш керек.

Бакыт Жетигенов

Бакыт Жетигенов

Кумар оюндарына тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышына учурунда кумар оюндарын берилгендердин жакындары, жабыркаган үй-бүлөлөр негиз болгон. Мыйзамдын демилгечиси, депутат Бакыт Жетигенов мыйзам жемиштүү иштеп жатат дейт.

- Баягыдай көчөдө баратып азгырылмай жок, жакшы эле жардам болуп жатат. Жашыруун жайларга белгилүү гана өзүнүн кардарлары барат. Казинону чет өлкөлүктөр гана ойнойт деген туура эмес. Биздин жигиттер деле бар экен. Көпчүлүк абал жакшырып калганын айтууда. Ошондуктан мыйзам максатына жетти десек болот. Ал жакта көп каражат айланып жатканы куру кеп, аны ким эсептеп чыгыптыр?

Ошентип кумар оюндарына тыюу салган мыйзам 2012-жылдын башынан бери иштеп жатат. Ага ылайык, букмекерлик, тотализаторлордук мекемелерден башкасы иш жүргүзө албайт. Казинону мыйзамдаштырууну жактагандар көз каранды оюнчуларды, 21 жашка чейинкилерди киргизбей тургандай кылып, өтө байлар үчүн гана шаарга саналуу казино ачууну сунушташууда. Ал эми экинчи тарап кумар оюндарынан эсепсиз үй-бүлө жабыр тартканын айтып каршы чыгууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG