Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Акунов: “Центерра” 67 пайызга макул болсун


Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча өкмөттүн “Центерра Голд” менен жетишкен меморандумун Курман айт майрамынан соң талкууламай болду. Айрым саясий серепчилер депутаттардын бул кадамын туура эмес деп баалап жатышат.

Талдоочу Аалыбек Акунов ушул жаатта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бир топ күндөн бери кыргызстандыктардын көңүлү Кумтөр боюнча меморандумга бөлүнүп турганда, аны талкуулап, добуш берүүнү эки аптадан соң улантуу чечими канчалык туура болду?

- Акыркы чечимди ушул жолку талкууда эле кабыл алып коюшса болмок. Бул боюнча ой-пикирлердин баары айтылып бүткөн болчу.

Айрым фракциялардагы депутаттардын демилгеси менен токтотулганына караганда, өкмөт мурдагы бийликтердин тушундагыдай болуп, кээ бир депутаттарды өз тарабына тартуу аракетин көрүп жаткандай сезилет.

- "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чыгаруу аракети жүрүп жатпайбы. Буга жетише алабызбы? Бул канчалык реалдуу болушу мүмкүн? Адистер "Центерра" буга макул болбойт деп жатышат.

- Буга “Центерра” кош колдоп макул болот деп ойлойм. Анткени бул ишкана – аябай коррупциялашкан компания. Алар 268 тонна алтын өндүргөнүн айтып жатат. Текшере турган болсок алар 300 тоннадан ашуун өндүргөн болушу ыктымал.

Президент Атамбаев Нарынга барганда "компания Максим Бакиевге 1 миллиард доллар берген" деп айтпадыбы. Бул акча 25 тоннага жакын алтындын пулу. Аны “Центерра” кайдан алды? Ошондуктан 67 пайызга макул болуш керек. Эгер эл аралык укук боюнча жана биздин мыйзамдар менен коррупция далилденсе, компаниянын бүт мүлкү конфискацияланууга тийиш болуп калат.

- Эгер макул болбой койсочу? Анда депутаттар айткандай 2009-жылкы Кумтөр келишимин денонсациялоо талабы коюлат. Бул демек соттошуу жолу. Ушул жолду тандаганга кандай карайсыз?

- Бул эми убакыттын иши. “Центерра” 67 пайызга макул болгон учурда деле, Башкы прокуратура компаниянын ишинде коррупциянын элементтери бар болгонун айтып жатпайбы. Параны берген да күнөөлүү, алган да күнөөлүү. Ошондуктан убагы келгенде “Центерра” жоопкерчиликтен качышы да мүмкүн.

Экинчи жагынан алганда, кенде алтын деле калбады болуш керек. Жыйырма жылдын ичинде казып бүтөөрү айтылган. Көп болсо 5 жыл калгандыр. Бизге ууга толгон карьерлер эле калат, “Центерра” кете берет.

- Кумтөргө байланыштуу меморандумдан улам депутаттар өкмөттүн кетишин да талап кыла баштады. Бул канчалык туура талап болуп жатат?

- Бул туура эле маселе деп ойлойм. “Кумтөр” буга бир гана себеп болушу мүмкүн. Андан башка Батукаевдин иши боюнча жооптуу. Өкмөттүн, азыркы бийликтин ишинин маңызы Бакиевдин бийлигинен айырмасы деле жок болуп баратат. Сарууда митингге чыккандарды эл душманы катары сыпаттап жатышат. Садыр Жапаровго бардык кинени коюп атышпайбы. Бир кезде Бекназаровду ошентишкен болчу...
XS
SM
MD
LG