Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Өзбекстандагы шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

9-декабрда Өзбекстандын БШКсы 4-декабрда болуп өткөн президенттик шайлоого дээрлик 18 млн шайлоочу катышып, добуш бергенин маалымдады. Ага ылайык, шайлоочулардын 87,73% добуш берүүгө катышкан. Алардын ичинен 15,906 млн шайлоочу добушун Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёевди колдоп берген.

Натыйжада 88,61% добуш менен Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болуп табылып, Боршайком аны Өзбекстандын президенти кызматына шайланды деп эсептөө тууралуу токтом кабыл алды.

Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

4-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөн. Ага төрт саясий партиядан төрт талапкер катышкан.

XS
SM
MD
LG