Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен уюлдук байланыш компанияларынын байланыш баасы көтөрүлмөй болду.

Бул кадамды жарандык уюмдар Курманбек Бакиевдин бийлиги учурундагы 60 тыйындык кымбаттоону кайрадан киргизгени жатат деп сындап жатышат. Өкмөт болсо салыктын көбөйүшү байланыш баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизбейт деп ишендирүүдө.

Уюлдук байланыштын баасынын көтөрүлүшүн байланыш компаниялары бул тармактагы өкмөттүн салык саясатына байлап жатышат. Курамында 21 байланыш оператору кирген Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Бакановдун айтымында, өкмөт акыркы айларда эле бир нече салыкты байланыш операторлорунун мойнуна илген:

- Өкмөт март айында уюлдук компаниялардан сатуудан түшкөн салыкты 2-5 пайызга көтөрүү боюнча токтом кабыл алды. Мындан тышкары чет өлкөдөгү кардарлардын байланышын камсыз кылган роуминг жана интерконнектинг кызматтарына кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Буга кошумча болуп, номер берүүдө жана радиожыштыкты колдонуу акысын көтөрүү боюнча пландары бар экени тууралуу маалымат угуп жатабыз.

Өкмөттүн мына ушул кошумча каржы талап кылышы уюлдук операторлорду байланыштын баасын көтөрүүгө мажбур кылат дейт Баканов. Алдын ала эсептөөлөр боюнча телефон чалуулардын акысы 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн.

Буга чейин өкмөт уюлдук компаниялардын сатуудан түшкөн салыгы боюнча токтомду 23-мартта кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тартып ар бир сатуудан түшкөн салык 5 пайызга көтөрүлөт. Бул салыкты көбөйтөөр алдында өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттиги муну уюлдук компаниялар менен акылдашып, алар буга макул болгонун айтып чыккан. Атүгүл, салыктын көбөйүшүнө карабай, тарифтерди көтөрбөөгө өлкөдөгү ири байланыш компаниялары убада бергени жөнүндө да сөз болгон.

Эми уюлдук операторлордун өкүлдөрү бул жөнүндө жолугушуу болгону менен, тарифтерди кымбаттатпоо убадасы берилгенин төгүнгө чыгарышууда. Бул тууралуу уюлдук операторлордун кызыкчылыгын коргоп чыккан "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева мындай дейт:

- Өкмөт уюлдук операторлор тарифти көтөрбөөгө убада берди деп жарыя кылышпады беле. Ал калп. Айла жок тарифти көтөрүүгө мажбур болобуз. Себеби салыкты төлөшүбүз керек да. Негизи салыкты көтөрүүдөн мурун Салык кодекси боюнча бизге 1 жыл бериши керек эле. Бирок ага карабай 3 ай гана берип койду. Буга жараша уюлдук компаниялар пландарын өзгөртүп, өз бюджетин карап чыгууга жетишпей калышты. Анан бул акчаны табуу үчүн тарифти көтөрүүгө мажбур болобуз. Бул 2010-жылдагы 60 тыйындык кымбаттоонун башкача эле формасы болуп калды.

Ошентип уюлдук операторлор 2010-жылы ар бир телефондук чалуудан 60 тыйын алуу менен пайда табуу ыкмасы бул ирет өкмөттүн мажбурлоосу менен аткарылаарын айтышууда. Ошондой эле алар салыктардын көтөрүлүшү жаңыдан бутуна туруп келаткан компаниялардын банкротуна алып келээрин эскертип жатышат.

Калың капчыкка күч келбейт дешет

Анткен менен өкмөт уюлдук операторлордун мындай жүйөсүн негизсиз деп баалап жатат. Уюлдук компанияларга салык көтөрүүнү демилгелеген Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев:

- 2 пайыздан 5 пайызга чейин салыктын көтөрүлүшү тарифтердин көтөрүлүшүнө негиз боло албайт. Мисалы, уюлдук компаниялар былтыркы жылы 357 миллион сом салык төлөсө, 5 пайызга чейин көтөрүлгөндөн кийин 342 миллион сомдон 546 миллион сомго чейин төлөп калаары эсептелди. Ал эми роуминг боюнча кошумча нарк салыгынын киргизилиши менен бул тармактагы бардык компаниялар биригип, 25 миллион сом кошумча төлөшү мүмкүн. Бул алар үчүн анча деле көп каражат эмес. Анын үстүнө алардын алып жаткан жогорку кирешесине мамлекет тарабынан көзөмөл анча деле көп эмес.

Көз карандысыз эксперттер уюлдук компаниялар менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн кырдаалды ар түрдүүчө баалап жатышат. Айрымдар муну өкмөттүн казынадагы тартыштыкты толтуруу үчүн айласыз кадамы катары бааласа, бир даары жеке секторго мамлекеттин кийгилишүүсү деп аташууда.

Экономикалык эксперт Азиз Абакировдун пикиринде, жаңы технологиялардын тармагына өкмөт жөнү жок кийлигишип, колундагы каражатын талашпай, атаандаштыктын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүшү абзел:

- Бул өкмөттүн базар шартына жараша жасаган мамилеси болбой, кийлигишүүсү болуп калды. Мисалы, базардын шартына ылайык, жаңы компаниялардын иштешине шарт түзүп, атаандаштыкты жарата алса, бул тармактын өнүгүшү үчүн да, мамлекеттин казынасына да оң жыйынтыгын бермек. Болбосо, өкмөттүн азыркы кадамы ишкер чөйрөгө адилетсиз мамиле кылаарын гана тастыктап жатат.

Кыргызстанда 20дан ашык байланыш оператору бар. Алардын арасынан 6 ири компания уюлдук байланыш багытында иш алып барат. 2010-жылдын башында булардын баары эч себепсиз, ар бир телефон чалууну 60 тыйынга көбөйткөн эле. Бул элдин жапырт нааразылыгын жаратып, Апрел ыңкылабында олуттуу себептердин бири болгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG