Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Социалдык фонд пенсиялык топтомдун каражаты кандай көлөмдө, кайсы банктарда жайгаштырылганын жашыруун сыр катары айтпай жатат.

Мындан улам банк жана каржы тармагындагы көз карандысыз эксперттер аталган каражат бийликтеги ири аткаминерлерге таандык коммерциялык банктардын пайдасына жең ичинен жайгаштырылган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.

Мындай шектенүү Социалдык фонддун каражаттарын өздөрүнө караштуу банктарга котортуп, андан пайда көргөн мурдагы Бакиевдин бийлигинин аракеттерин эске салды.

Аты аталбайт

Социалдык фонд пенсиялык топтомдун 120 миллион сомдук каражатын коммерциялык банктарга жайгаштыруу боюнча депозиттик аукцион өткөрүлгөнүн 3-августта жарыялаган. Анда бир жылдык мөөнөткө 12 пайыздын айланасындагы депозиттик үстөк сунуштаган эки банк жеңүүчү деп табылган.

Аукционго болгону эки банк катышып, сунушталган 120 миллиондун ичинен кырк миллион сом каражатты депозит катары өздөрүнө жайгаштырууга укук алышкан. Азыркы учурда Социалдык фонд аталган банктардын аталышын жашыруун сыр катары ачыкка чыгарган жок.

Социалдык фонддун мамлекеттик пенсиялык топтомдор башкармалыгынын башчысы Рахат Пирматов депозиттик аукциондорду өткөрүү боюнча өкмөт бекитип берген жобого ылайык, аукциондон уткан банктардын аталышы ачыкталбай турганын түшүндүрдү:

- Былтыр өкмөт депозиттик аукциондорду өткөрүүнүн тартибин бекитип берген. Мына ошонун негизинде биз коммерциялык банктар менен атайын келишим түзөбүз. Ошол келишимдин негизинде Социалдык фонд өзүнө бир топ милдеттемелерди алган. Ага ылайык, депозиттик аукциондон уткан банктын аты аталбайт. Анткени бул акысыз жарнама болуп калышы да мүмкүн. Биздин каражаттын көбү кандайдыр бир банкка жайгашканы белгилүү болуп калса, анда башка банктардын кардарлары “демек ошол банк ишенимдүү турбайбы” деп, ошол банкка барып алышы мүмкүн.

Көнгөн адат калабы?

Бирок жободо бекитилип каралды деген мындай тартипке коомчулуктагы банк жана каржы тармагындагы эксперттер макул эмес. Алардын айтымында, пенсиялык салымдар кайсы банкта сакталарын жарандар билүүгө укугу бар.

Ошондой эле эксперттер мындай маалыматтардын коомчулукка ачык болушу “Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамдын шарттарына да каршы келбей тургандыгын белгилешти.

Коомчулук өкүлдөрүнүн арасындагы мындай шектенүүлөр жөн жеринен чыккан жок. Анткени Бакиев бийлигинин тушунда анын уулунун кысымы менен “Өнөр жай жана курулуш" банкы жасалма жол менен банкротко учуратылган. Андан соң, Социалдык фонддун каражаты жең ичинен уюштурулган жасалма аукциондор аркылуу Максим Бакиевдин өнөктөшү Наделге таандык “Азия универсал" банкына жайгаштырыла баштаган.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мына ошондой өнөкөт кайрадан кайталанып жатат деп шекшийт:

- Соцфонддун акчасы кайда турганын жашырып, аны пайдаланып жатышса, демек бул жерде мыйзам бузуулар жана жеке кызыкчылыктар бар деп түшүнүш керек. Бакиевдин учурунда ушул фонддун жардамы менен каражатты АУБга которушуп, ал аз келгенсип каражаттын үстөк пайыздарын жарым жылдан ашуун өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Мына ошол коррупциялык схема эч качан бузулган эмес. Тескерисинче коркутуп-үркүтүү жана үстөмдүк аркылуу ошол схеманын күчөгөнү байкалат.

Социалдык фонддун каражаттары 2010-жылкы бийлик алмашуудан соң мурдагы “Азия универсал” (азыркы “Залкар" банк) менен “Манас” банктарына жайгаштырылбай калган.

2011-жылдын август айынан бери пенсиялык топтомдун каражаттары “Аман", “Айыл", “Азия", “Бакай", “Дос-кредо" жана “Кыргызстан" коммерциялык банкы сыяктуу алты банкта жайгаштырылып келатат. Бирок банктардын ар биринин аукциондон уткан учурдагы аталышы жана жайгыштырыла турган акчанын өлчөмү жашыруун сакталган.

Өгөйлөнгөн “өз балдар”

Социалдык фонд коммерциялык банктардын көпчүлүгү эмнегедир ыңгайлуу жана арзан шарттагы депозиттик аукционго белгисиз себептер менен катышпай коюшканын белгилөөдө. Бирок аталган аукционго катышпай калган коммерциялык банктын ысымын атабоону суранган бир өкүлү жарыя 1-августта берилип, кызыкдар тараптар ага катышууга үлгүрбөй калганына токтолду. Жогоруда аттары аталган банктардын ичинен жалгыз мамлекеттик менчиктеги “Айыл" банкы да 3-августтагы депозиттик аукционго катышкан эмес.

Аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Азаматбек Жоробеков мурдагы өткөрүлгөн депозиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча банкта Социалдык фонддун аз өлчөмдөгү гана каражаты жайгашканын белгиледи:

- Азыркы учурда бизде да Соцфонддун каражаты бар. Албетте мына ошол каражат көбүрөөк болсо жакшы болот эле. Биз мамлекеттик банк, мамлекеттик каржы ресурсу катары Социалдык фонддон акча алууга кызыкдарбыз. Бирок бизде азыр базар экономикасы. Үстөк пайызды көбүрөөк сунуштаган банк утат. Мисалы, биз 12 пайыз сунуштасак, башка бирөөлөр 13 пайыз сунушташы мүмкүн. Анан ошол каражатты жайгаштыруу мөөнөтү да алты айлык же бир жылдык болуп калат. Мындай шарт биздин “Айыл" банкы үчүн ыңгайсыз. Анткени биздин кардарлар дыйкандар менен фермерлер болгондуктан биз насыялоону көбүрөөк мөөнөткө беришибиз керек.

Социалдык фонддун каражаты мамлекеттик каржы ресурсу катары каралгандыктан эксперттер эмне себептен өкмөт аны мамлекеттик банктарга берүүгө артыкчылык бербейт деген суроону кабыргасынан коюшууда. Анткени мында бийликтеги ири аткаминерлердин жеке кызыкчылыгы бар деп шекшиген айрым көз карандысыз финансисттер аларга таандык коммерциялык банктар пенсиялык топтомго чогулган каражатты айландырып, киреше табууга ыңгайланышканын мисал келтиришти.

Көз карандысыз финансист Улан Турдалиев мында мамлекеттик банктарга артыкчылык берилбегенин өкмөттөгү таасирдүү күчтөрдүн үстөмдүгү менен байланыштырды:

- Мамлекеттик үлүшү бар каржы уюмдарына, банктарга артыкчылык берилсе жакшы болмок. Мисалы, “Айыл", РСК банктары сыяктууларга. Аларга өкмөт шарт коюп, айыл тургундарына арзан пайыздык үстөк менен насыя берүүнү милдеттендирсе болмок. Ошондо пайдалуу иш жасалмак. Аукцион өткөрмүш болуп, коммерциялык банктарды тандап, кожоюну ким экендигине карап, аларга артыкчылык берүү Социалдык фонддун үйрөнүп калган иши. Бул баягы эски адат боюнча бийликте ким турса, мына ошол адамдардын кызыкчылыгына карата каржы агымын буруунун аягы жакшылыкка алып келбей турганын көрбөдүкпү.

Көмүскө иштердин изи калбайт

Бирок ошол эле кезде Социалдык фонддун пенсиялык топтомдогу каражаттарын жайгаштыруу укугуна ээ болгон банктардын ичинен кимисине көмүскө артыкчылык берилгени белгисиз.

Аукциондун жүрүшү коомчулукка маалымат каражаттары аркылуу ачык көрсөтүлбөгөндүктөн андагы айрым бир көмүскө жагдайларды ачык белгилеп, далилдөө кыйынчылыкты туудурат дешет талдоочулар. Бирок расмий маалыматка ылайык, аукциондун шарты боюнча эң көп пайыздык үстөктү сунуштай алган аталышы белгисиз эки банк гана утушка ээ болгон.
Аукцион өткөрмүш болуп, коммерциялык банктарды тандап, кожоюну ким экендигине карап, аларга артыкчылык берүү Социалдык фонддун үйрөнүп калган иши.

Социалдык фонддун мамлекеттик пенсиялык топтомдор башкармалыгынын башчысы Рахат Пирматов депозиттик аукционду өткөрүүнүн шарттары кайсы бир банктын пайдасына көмүскө иштерди жүргүзүүгө жол бербейт деп эсептейт:

- Бизде эч кандай тоскоолдук жок. Каалаган коммерциялык банк келип кийинки аукциондорго катыша берсин. Бирок бизде банктар көп катышпай жатпайбы. Аукционго катышууга эки банктан кем эмес банк жолдомо берүүгө тийиш. Эгерде бир эле банк болуп калса, биз аукцион болгон жок деп табабыз.

Социалдык фонддун пенсиялык топтомундагы каражаттын суммасы учурда 730 миллион сомду түзөт. Аталган сумма депозиттик аукциондордун жыйынтыгы боюнча мындан мурун эле утушка ээ болгон жогоруда аталган алты банкка жайгаштырылганы белгиленди. Бирок фонддун жетекчилиги мына ошол жайгаштырылган каражаттын кандай өлчөмдөгү бөлүгү кайсы банктарга жайгаштырылганы боюнча маалыматты сыр катары жашырууда.

Каржы жана банк иштери боюнча көз карандысыз эксперттер мына ушул маалымат ачыкка чыкса, бийликтеги ири аткаминерлерге таандык кайсы банкка Социалдык фонд көмүскө артыкчылык бергендиги аныкталмак деп эсептешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG