Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:19

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек эркин экономикалык зонасындагы ишканаларды салык жеңилдиктеринен мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

Анда экономикалык зонага жамынып алып, мыйзамсыз ишкердиктен киреше табууну көздөгөн коррупциялык байланыштардын жыйынтыгында мамлекетке 56 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгендиги көрсөтүлгөн. Бирок алты айга жакын убакытка созулган ал кылмыш ишине чекит коюла элек.

Бишкек эркин экономикалык зонасынын генералдык дирекциясы аталган кылмыш ишин мыйзамды эки ача талдоодон келип чыккан түшүнбөстүк катары бааласа, Бажы кызматы анын негиздүүлүгүнөн күмөн саноодо.

Алмашуулар жана өзгөрүүлөр

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөш кызматы быйыл апрель айынын башында Бишкек эркин экономикалык зонасындагы ишканаларга мыйзамсыз каржылык жеңилдиктер берилген фактылардын бетин ачкан.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде “Энесай”, “Акылман”, “Корона” жана “Сталкер” компаниялары өндүргөн товарлардан кошумча нарк салыгы алынбагандыгы аныкталган.

Тергөө жаңы инвесторлор эски компаниялардын эсебинен каттоого туруп, “Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү" мыйзамды бурмалоо жолу менен тиешелүү жеңилдиктерден мыйзамсыз пайдаланышкан деп эсептейт.

Мисалы, башында “Дин Щин” деген пластмасса буюмдарын ички рынокко чыгарган компания 2010-жылга чейин кошумча нарк салыгын кыйшайуусуз төлөп келген. Бирок ал чет элдик компаниянын кожоюну 1996-жылы катталып, азык-түлүк чыгарууга багытталган “Энесай ЛТД” компаниясын кайра каттатып, ал аркылуу мурдагы профилдеги өндүрүш товарларын чыгара баштаган. Бирок 2000-жылга чейин катталган фирма катары салык төлөөдөн кутулуп, ал учурдагы жеңилдиктен пайдаланууга укук алган. Анткени өзгөртүлгөн мыйзам 2000-жылга чейин катталган компанияларга жеңилдиктерди сактоону карайт.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Улукбек Кочкоров мурда катталган компаниялардын кожоюндары алмашкан жана өндүрүш тармагы өзгөргөн учурда алар жеңилдиктерден пайдаланууга акысы жок болчу деп эсептейт:

- Мына ошол 2000-жылга чейин эркин экономикалык зонанын ичинде кандай жеңилдиктер каралса, ошол кезде катталган компаниялар андан пайдалана берет. Бул эми укук таанууда мурдагы мыйзам кийин киргизилген өзгөртүүлөргө карабастан күчүн жоготпойт деген түшүнүк менен байланыштуу. Бирок ал ошол компаниянын алгачкы катталган кожоюну, жобосу жана өндүрүш тармагы өзгөрбөгөн учурда. Мында, бирок, эркин экономикалык зонада 2000-жылдан кийин келип иштеп, 2010-жылга чейин салыгын төлөп келип эле анан 96-жылы катталган фирманын атын жамына коюп эле жеңилдик алып атышса, ага кандай чара көрүш керек? Албетте мында иш козгоого негиз бере турган чоң жагдай бар.

Эки ача талдоо

Бирок Бишкек эркин экономикалык зонасынын генералдык дирекциясы коюлган дооматты четке кагып, кылмыш иши негизсиз козголгон деген позицияда. Анткени мындай чаралар аркылуу инвесторлорду үркүтүп алуу коркунучу бар экендигин жүйө келтирген дирекция жетекчилиги маселенин өзөгүн 2000-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн чийкилигинен көрөт.

Бишкек эркин экономикалык зонасынын генералдык дирекциясынын башкы юристи Эркин Айдаралиев мыйзамдын талаптары эки ача талдоого алынгандыктан түшүнбөстүк чыкты деп эсептейт:

- Чындыгында мына ошол 2000-жылы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген учурда бир катар так эместиктер кеткен. Мыйзамдын талабы эки ача талдоого алууга шарт түзүп койгон. Ошондуктан тергөө органдары аны башкача талдап, мыйзам бузулду дешсе, биз мында эч кандай мыйзам бузуу жок экендигине жүйө келтирип жатабыз. Эски компанияны кайрадан каттоодон өткөрүп, ага ээлик кылууга башка юридикалык жактарга мыйзам жол берет. Бирок ошол эле кезде ал компания биринчи жолу кандай катталса, ошол мезгилде бекитилген жободогу укуктарын сактап калат. Анын мындай укуктарынан – демек жанагы айтылган жеңилдиктерден ажыратууга эч кимдин укугу жок. Бул маселеге, менимче, сот гана чекит коюш керек. Эки ача түшүнүктөн улам эки анжы абалда калып отурабыз.

Бирок атайын кызматтын тергөө органдары мыйзамдын талабын түрдүүчө талдоого алууну жоопкерчиликтен качуунун амалы катары мүнөздөшөт. Мында бир жана бир нече топтун документтерди өзгөртүү аркылуу мыйзамсыз жеңилдик алып, мамлекетке зыян келтирүү фактысын жашырып калууга мүмкүн эмес дешет алар.

Из кубарлардын баамында, жеңилдиктер мыйзамсыз берилген төрт компания көмүскө ишкердиктин үстүңкү гана бети. Анткени Бажы кызматы, эркин экономикалык зонанын дирекциясы жана ишкана ээлеринин коррупциялык байланышы аркылуу калыптанган көмүскө экономиканын көлөмү мындан 3-4 эсе көп болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Анткени экспортко чыгарылат деген шылтоо менен жеңилдик алып, бирок ошол эле компаниялардын товарларынын көбүн ички рынокко чыгарган фактылар аныкталган. Бул деген миллиондогон сом каражат мамлекеттин казынасына түшпөй, "сол чөнтөккө" солонуп жатат дегенди түшүндүрөт.

Соода, өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеевдин айтымында, маселе мыйзамдын алешемдигинде эмес, аны аткаруудагы көз боёмочулукта болууда:

- Мыйзамда эч кандай кемчилик жок. Мыйзамды ары-бери ар ким каалагандай талдаганга акысы жок. Менимче мында анын шарттарын аткаруунун өзгөчөлүгүн ар ким өз кызыкчылыгына жараша колдонгусу келип турат. Негизи мыйзамда ал жакта өндүрүлгөн товардын жүздөн жыйырма беш бөлүгүн Кыргызстандын ичинде сатууга болот. Бирок ага салык төлөш керек. Мында жеңилдик берилген менен товардын көп бөлүгү ички рыноктун муктаждыгын камсыздоого кетип жатпайбы. Эмне үчүн? Бул жерде мына ошол тескөө органдары каякты карап отурат? Албетте алар билет. Бирок менимче алар келишип алып иштегендиктен ушундай жагдай болуп жатат. Негизи эркин экономикалык зоналар экспортко гана иштеш керек. Бирок жыйынтыгында андай болбой жатпайбы.

Көзөмөлсүз ишкерлер

Бишкек эркин экономикалык зонасынын алдында андагы экономикалык мыйзамсыздыктарды алдын алуу үчүн атайын бажы көзөмөлү киргизилген. Ал мыйзамдын талабы боюнча экспортко чыгарылчу жана ички рынокко кире турган товарлардын агымын текшерип турууга тийиш.

Ал эми 1995-жылдан 2000-жылга чейин катталып, бирок иштебей турган фирмаларды өзүнө каттатуу аркылуу эркин экономикалык зонанын ошол кезде ыйгарылган жеңилдиктеринен учурда пайдаланып жаткан ишканалардын иши көзөмөлгө алынбай калышын бажы кызматы кемчилик катары эсептебейт.

Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев кылмыш ишин козгоого негиз жок экендигин айтып, мындай иштер ачылып-жабыла берип, өнөкөткө айлангандыгын белгиледи:

- Мында ошол компаниялар кошумча нарк салыгынан мыйзамга ылайык бошотулгандыктан төлөбөй келишкен. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Болгону мына ошол мыйзамдын талаптарын тергөө органдары өздөрү каалагандай бурмалап, талдоонун натыйжасында иш козгошкон. Барып-барып бул иш күчөп кетсе, биздин Бажы кызматынын кызматкерлерине карата да иш козголушу мүмкүн. Бирок бул иш сотко жетсе, ал бузулат. Анткени иш козгоого негиз бере турган одоно мыйзам бузууну алар далилдеген жери жок. Негизи буга окшогон иштер биринчи жолу козголуп отурган жок. Алар көп эле ишти козгоп, бирок сотко жетпей, андан ары ишти жылдырууга негиз жок болгондуктан иш тергөөдө кыскарган учурлар көп эле.

Бишкек эркин экономикалык зонасы 1995-жылы түзүлүп, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун аймагындагы үч тилкеден турган беш жүз гектар аянтты ээлейт. Анда дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген инвесторлор ишкердик менен алектенет. Ага өлкөдөгү салык базасынын туруктуулугун камсыздаган жалпы өндүрүштүк профилдеги башка ишканалар кирүүгө укугу жок.

Алсыраткан атаандаштык

Бирок коррупциялык схемалардын негизинде жеңилдиктерден пайдаланып жаткан ал зонанын аймагындагы ишканалардын мамлекетке келтирген зыянынан сырткары ишкер чөйрөдө атаандаштыктын шартын бузган учурлар байкалган. Депутат Улукбек Кочкоров бул боюнча ЭЭЗге кирбеген башка ишкерлерден арыз-даттануулар түшкөндүгүн белгиледи:

- Азыркы учурда бизге башка ишкерлер кайрылуу жөнөтүп, андай эркин экономикалык зонага кирип алган ишканалар салык төлөбөй эле, бирок алардыкындай товарларды арзан баада ички рынокко чыгарып жаткандыктан алар мындай катаал атаандаштыкка чыдабай жатышкандыгына даттанышууда. Ошондуктан биз бул маселенин ал жагын да карап, ишкердикке тең укуктуу шарттарды камсыздаш керек. Болбосо бирөөлөр эркин экономикалык зонанын ичине кирип алып, жеңилдик менен ишкердик кылса, экинчиси түйшүк тартып, салыгын төлөп иштеп жатат. Биз мына ушул жагдайды тактап туруп, чынында эле экспортко гана иштей турган компаниялардын жеңилдигин калтырып туруп, калгандарын тартипке келтирүүгө убакыт келип жетти.

“Эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамга 2000-жылы киргизилген өзгөртүүлөр мурдагы берилген жеңилдиктерге чектөө киргизилген. Ага ылайык, эркин экономикалык зонанын ичинде өндүрүлүп, бирок өлкөнүн ички рыногуна чыгарылган товардан кошумча нарк салыгын алуу жагы каралган. Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган андагы ишканалар жеңилдиктерди сактап калышкан. Мындай укуктук жылчыкчаларды байкаган айрым инвесторлор салык төлөгөндөн көрө анын жарымын тиешелүү бийлик органдары менен бөлүшүүнү туура көргөн.

Бишкек эркин экономикалык зонасындагы инвесторлор бирлигинин төрагасы Эркин Жумабаев бул маселеде андагы инвесторлордон мурун тескөөчү бийлик органдарынын жоопкерчилиги көп деп эсептейт:

- Негизи бул жерде бардыгындай эле айып бар. Бирок көбүнчө мындагы инвесторлорго караганда мына ошол эркин экономикалык зонанын дирекциясы менен бажыканада көбүрөөк жоопкерчилик бар. Алар учурунда мына ошол салык төлөөлөрдү көзөмөлдөп, тартипке салышканда мындай мыйзам бузуулар болмок эмес.

Ошол эле учурда аталган фактылар боюнча козголгон кылмыш иши алты айдан бери тергелүүдө. Буга аталган фактыларга карата кылмыш укугунун алкагында укуктук баа берүүнүн татаалдыгы жана анын арты менен жыйынтыктуу айып угузуунун негиздүүлүгү боюнча маселе себеп болууда дейт эркин экономикалык зона дирекциясынын башкы юристи.

Мындан улам курамына Экономика жана монополияга каршы күрөш саясаты министрлигинин, атайын кызматтын, Бишкек эркин экономикалык зонасынын өкүлдөрү кирген комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булактар негизги фигуранттардын айыбын угузуп, ишти сотко өткөрүп, тергөө ишин жакында жыйынтыктаганга толук өбөлгөлөр бар экендигин белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG