Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуудагы коррупциялык схемалардан улам өлкө казынасы 2,5 миллиард сомдой чыгым тартты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирүүдө. Адистер мамлекеттик сатып алуу тармагы башынан бери эле коррупциянын уюгуна айланып калганын белгилеп жатат.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат жакында эле мамлекеттик сатып алууда чоң суммадагы акча өөнөлгөнүн аныктап чыкканын атайын кызматтын маалымат катчысы Нурлан Токталиев "Азаттыкка" тастыктады:

- Анализ жана мониторингдин негизинде мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндө жылдык бюджетке 2,5 миллиард сом зыян келтирилгени эсептелип чыккан. Мисалы, Чыгыш электр ачык акционердик коому 2011-жылы электр эсептегичтерди сатып алууга тендер жарыялап, ишкана жетекчилери алдын ала сүйлөшүлгөн фирма аркылуу аткезчилик жол менен алынып келген продукцияны жогору баа менен сатып алууга аракет кылган. Мындан мамлекет үч миллион сом зыян тартмак.

Тендерди уюштуруп өткөрүү иштерин Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуу башкармалыгы жүргүзөт. Аталган башкармалыктын жетекчи орун басары Мелис Акжигит уулу атайын кызмат эсептеп чыккан сумма каяктан алынганын билбей турганын айтууда:

- Көптөрү тендерлерден 10 пайыз кармап калат деп курулай сөз менен айтып жатышат. Эми антейин десең, кайсынысы экенин да билбейсиң. Бизде баш-аягы жылына 20 миллиард сомго жакын тендер өтөт. Былтыр 16-17 миллиардга жакындаган. Ошонун он пайызын алып туруп эле 1 миллиард 700 миң сом деп алып жатабы, же кандай, айтор 2,5 миллиард сом дегенди каяктан алып жатканы такыр белгисиз. Чынын айтканда, тендерди мыйзамсыз өткөргөн кээ бир чоң уюмдар да бар. Акча бар жерде ар дайым ушундай мыйзам бузуулар болот.

Украинада тендердеги коррупция тууралуу карикатура.

Украинада тендердеги коррупция тууралуу карикатура.

Мелис Акжигит уулу ушул тушта мыйзамсыз тендерлер боюнча арыздар териштириле баштаганын кошумчалады. Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамды өзгөртүү, тендерди ачык-айкын жүргүзүү, тендер өткөргөн комиссиянын курамын башкача түзүү жактары каралып жатканын кеп салды:

- Бүгүнкү күндө 20дай арызды карадык. Анын ичинен онуна тендерди жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгардык. Анткени ал жерлерде чындап эле чоң зыян бар экен. Биз ушундай фактылардын негизинде айтып, сайтка жарыялап жатабыз. Ал эми атайын кызмат 2,5 миллиард деген сумманы каяктан алганын айта албайм. Бардыгы ачык болуш үчүн биз интернетке бекер илип койгонбуз. Ал жерге ким бир жылдын ичинде эмне алууну пландаштырып жатканы тууралуу жарыясы биздин баракта болот. Тендерди канча сумма менен ким утканы тууралуу протоколдор, түзүлгөн келишимдерге чейин жайгаштырылат.

Сунуштар бар, ким аткарат?

Тендерди ачык-айкын жүргүзүү, коррупциялык схемалардан арылтуу маселесин Жогорку Кеңеш да карап жатат. Парламенттеги коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков азыркы мыйзамдагы паракорчулукка жол ачкан жылчыктар көп, аларды бүтөө кыйын болот деген пикирде:

- Каржы министри Акылбек Жапаров адам менен адамдын байланышы аз болсун, баары электрондук жол менен өтсүн деп айтып жатпайбы. Ал деле болбогон оокат, биз аны да карап көрдүк. Тендер өткөрүүнү алып салалы десек, ал да болбойт, тендер мыйзамын өзгөртсөк деле жылчыкчаларды таап алышат. Кыскасы азыр “баш оорутма” мыйзам болуп жатат. Бирок кандай гана тендер болбосун баары бир “жейт”. Чыпалагы менен жейби, же сөөмөйү менен жейби, ал экинчи маселе. Чоңунан да, кичинесинен да акырын тамашалап, же билгизбей тымызын сурасаң дароо эле “ээ, анча-мынча чай-пулун берип койдук” деп айтып беришет.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова көз карандысыз эксперттер мамлекеттик сатып алуудагы коррупция тууралуу көптөн бери эле маалымат таратып келатканына токтолду. Ал тендер өткөрүүдөгү ачык-айкындык үчүн бир топ сунуштар берилгенин белгиледи:

- Биринчиден, тендер өткөргөн комиссиялардын мүчөлөрүн жана Каржы министрлигиндеги Мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн кызматкерлерин күчтөндүрүү керек. Ачык сынак жарыялап, мыйзамды билген жакшы адистерди тандоо керек. Экинчиден, мыйзамсыз тендерге катышкан ишкерлердин тизмесин ачык илип коюу зарыл. Үчүнчүдөн, мамлекеттик сатып алуу тууралуу мыйзамга жоопкерчилик деген жобону киргизиш керек. Ал жерге коррупция деген берене да болушу зарыл. Ошондо жаза берсе болот. Ошондо деген сатып алууга катышкан уюм жоопкерчилик тууралуу ойлой баштайт. Азыр болсо мындай жоопкерчилик жок. Азыр деле 10 пайыз “шапкасын” сурап атышат, аны бермейинче жолотпой жатат деп нааразы болгондор бар. Мындай нааразы болгондор айрыкча региондордо көп.

Кыргызстандын жаңы бийлиги коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Ири суммадага акча айланган мекемелер туташ текшерүүгө алынууда. Андай акча чуркаган чөйрө тендер өткөрүү мекемелери болуп саналат. Билермандардын айтымында, мамлекеттик сатып алуу али Совет доорунан бери эле акча кымыруу чөйрөсү болуп келген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG