Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Бюджет насыя менен грантка зар


Жогорку Кеңеште келерки жылдын бюджети каралууда. Өкмөт бул арада быйылкы жылдын бюджетин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып келди.

2013-жыл соңуна чыгууда. Мамлекеттин бюджетин аткарууда чечүүчү мезгил келди. Бирок өкмөт быйылкы жылдын бюджетин аткара албай, аны кыскартууга барууга аргасыз болду. Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын бюджетинин чыгашасы 110 млрд. сомго жакын деп белгиленген. Өкмөт мына ошол сумманы дээрлик 10 млрд. сомго кыскартууда. Кыскартуудан кийин да бюджет тартыштыгы 7 млрд. сомго жакын бойдон калууда.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров экономика өсүп жатат деген өкмөттүн кыскартууга барганы түшүнүксүз дейт:

- Мындай өнүгүү болуп атат, бизде мындай жакшылыктар болуп атат деген учурда мындай кескин түрдө секвестрге барбаш керек эле. Булар эми өзгөртүү жана толуктоолорго баратышат. Бюджетти былтыр да аткара албай калышкан. Кескилөөлөр болгон. Секвестр дешкен. Бирок ошентип коюп өздөрү каалаган министрлерге, тармактарга акчаны кайра көбөйтүп беришкен. Быйыл да ошондой болуп атат.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, бюджеттин чыгаша бөлүгүн кардиналдуу түрдө реформалоо керек. Социалдык жардамдар даректүү түрдө гана берилип, өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылык берген тармактарын так аныктап, каржылоо зарыл.

Парламенттеги бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев бул кыскартуулар менен бюджет реалдуу абалга келип жатат дейт:

- Каржы министрилиги оптимизацияга барган экен. Бул мыйзамдуу нерсе. Секвестрлөөгө барган эмес. Бюджеттин ичинде министрликтердин ашыкча чыгашаларын алып, жетишпей жаткандарга бөлүштүргөн. Ошондуктан быйылкы жылдын бюджети реалдуураак болуп жатат.

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга Орусиядан бөлүнгөн 50 млн. доллар жардам, ошондой эле Дүйнөлүк банктын 25 млн. доллары, Европа Биримдигинин 30 млн. евросу да чоң роль ойнойт. Орусиянын жардамы кечигип болсо да келди. Ал эми Дүйнөлүк банк жана Европа биримдигинин насыяларын алуу үчүн азыркы мезгилде да күрөш жүрүп жатат.

Жогорку Кеңеште быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү эмес, келерки жылдын бюджет долбоору да каралып жаткан учур. Бюджет жана финансы комитетинин маалыматына караганда, долбоор дүйшөмбү күнү комитетте өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен талкууланат.

Келерки жылдын бюджетин толтурууда да проблемалар бар. Маселен, эмки жылга "Манастагы" Транзиттик борбордон түшө турган каражат кескин азаят. Бул тараптан бюджетке түшүп жаткан каражаттын өлчөмү 160 млн. долларга жакын экени маалым.
Келерки жылдын бюджетинин кирешеси болсо 109 млрд. сомго жакын, чыгашасы 127 млрд. сомдон ашуун деп белгиленген. Тартыштык дагы эле 18 млрд. сомдон ашуун болуп чыгууда.

Каржы министрлигинин негиздемесине караганда, бюджеттеги көп тартыштык анын кризистик абалга жакындап калганын көрсөтөт. Азыркы кезде Каржы министрлигинин Транзиттик борбордун чыгышы менен түшпөй кала турган каражаттын ордун толтуруу, Социалдык фондго көрсөтүлө турган жардамдын 3 млрд. сомго көбөйүшү, мамлекеттик аппаратка чыгымдардын тынымсыз өсүүсү, айлык акыларды көтөрүү боюнча талаптар жана мамлекеттик карыздын тынымсыз өсүүсү баш ооруткан маселе.

Өлкөнүн тышкы карызы азыркы мезгилге карай 3 млрд. 200 млн. долларга жакындаганы маалым. Ал эми келерки жылы карыздарды төлөөгө бюджеттен 16 млрд. сомго жакын каражат каралууда. Анын ичинен ички карызга 11 млрд. сом, калганы тышкы карызды төлөөгө жумшалмакчы.

Келерки жылы өнүктүрүрүүгө бюджеттен болгону 5 млрд. сомго жакын гана каражат каралган. "Ал эми бюджеттин 68% мамлекеттик органдарга жумшалат"- дейт Курманбек Дыйканбаев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG