Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Насыя алган адамдар да "банкрот" болобу?


Банкка карызы бар адамдардын митингинен тартылган сүрөт. 2-март, 2012-жыл

Банкка карызы бар адамдардын митингинен тартылган сүрөт. 2-март, 2012-жыл

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы дүйнөлүк жана регионалдык уюмдардын башчыларына кредиттик мунапыс берүү сунушу менен кайрылды. Бул насыя алып төлөй албай калган жеке адамдардын кудуретсиздигин жарыялоого жол ачат. Бирок мындай сунушка адистер кайчы пикирин айтууда.

Кыргызстанда жеке насыялар өтө кымбат үстөк менен берилет. Ага карабай былтыр микрокредиттик уюмдардан карыз алгандардын саны жарым миллиондон ашкан.

Атын атагысы келбеген адам "Азаттык" радиосуна буга чейин беш жерден кредит алып төлөй албай, учурда алтынчы насыяны алууга документ топтоп жүргөнүн айтты:

- Өз наамыбызда үч кредитибиз бар. Аны жабуу үчүн туугандардын атына насыя алганбыз. Ошону менен учурда беш жерде насыябыз бар. Азыр ошондой кредиттер чыгыптыр - ага чейин алган кредиттерди жабат экен. Эми ошону алалы дедим эле.

Чакан насыя алып, аны төлөй албай калгандардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Бишкек. 2012-жыл

Чакан насыя алып, аны төлөй албай калгандардын нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Бишкек. 2012-жыл

Насыясын убагында бере албай, анын айынан банктардын жана чакан насыя берүүчү уюм кызматкерлеринин тынымсыз коркутууларына кирептер болуп жашап, алардан кутулам деп төртүнчү, бешинчи кредит алган адамдар өлкө аймагында миңдеп саналат.

Пайызы кымбат насыялар карызкорлордун ден соолугуна, тагдырына да залакасын тийгизип, карыздын айынан ажырашкандар, жүрөк ооруга туш болгондор, соттолуп кеткендер көп.

Ушул өңдүү далилдерди келтирген экономист Кубан Чороев мындай абалдан чыгуунун жалгыз жолу катары алардын карызын кечүүдөн көрөт:

- Көп эле өлкөлөрдө ушундай мыйзамдар бар. Ал эмне үчүн жазылат? Эң башкысы акча берүүдө банктарды жоопкерчиликке чакырат. Эгер бизде да ошондой мыйзамдар болсо анда биздеги микрокредиттик компаниялар, банктар элге акчаны жеңил таратканды токтотмок. “Кардар алган карызын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү барбы, жокпу, аны качан, кантип төлөй алат” деген суроолор коюлмак. Бизде учурда ошондой мыйзам жоктугунан банктар элдин сабатсыздыгынан пайдаланып, үстөгү кымбат насыяларды таратып, айылдын токсон пайызын карызга батырып салды.

Чакан кредиттик мекемелерден насыя алгандардын укугун коргоп жүрүп бул тармакты жакындан билип калган “Укуктук мейкиндик” коомдук фондунун жетекчиси Сулайман Үсөнов жеке адамдардын кудуретсиздигин таануу мыйзамын чыгаруу пикирине кошулбайт:

- Бул маселе насыя алып, аны төлөй албай калгандарга тиешелүү да, туурабы? Андай болсо мындай мыйзам бюрократияны көбөйтөт. Экинчиден, карыз алуучулардын жоопкерчилигин жоготот. Алар өздөрү кабылган көйгөйгө ыктап, бул жеңилдикти өз пайдасы үчүн иштете баштайт. Мындай жеңилдик проблеманы чечпейт, тескерисинче, көйгөй жаратат.

Сулайман Үсөнов андан көрө насыясын төлөй албай калган адамдардын маселесин өкмөт өз моюнуна алып, карызын жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыкса болорун кошумчалады. “Мисалы, жок дегенде алган акчасынын пайызын токтотуп, карызынан кутула албай калган адамды үй-жайынан айрылып, талаада калуудан коргоп калса болот”, - дейт Үсөнов.

"Насыя алуу маданияты жок"

Насыясын төлөй албай калган жеке адамдарды банкрот деп таануу боюнча маселе былтыр да көтөрүлгөн. Ал кезде бул демилгени Кыргызстандагы микрокредиттик ассоциация көтөрүп чыгып, адистер арасында талкууланган. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Аталган мекеменин аткаруучу директору Алишер Акбаралиев азыр деле бул пикирге каршы эмес:

- Эгер Кыргызстанда ошондой мыйзам кабыл алынса, анда ал насыясын төлөй албай калгандарга сөзсүз түрдө жардам берет. Кандайдыр бир жеңилдик болот. Бирок кардарлардын насыя алышын чектеп коёт.

Алишер Акбаралиев учурда бул маселе Орусияда да коомдук талкууда экенин кошумчалай кетти.

Банктар элдин сабатсыздыгынан пайдаланып, үстөгү кымбат насыяларды таратып, айылдын токсон пайызын карызга батырып салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов да насыя алып, кайра кайтарганга мүмкүнчүлүгү жетпей калган адамдардын кудуретсиздигин расмий таануу сунушун колдойт. Бирок бул мыйзам карыз алуу жана берүү маданиятын толук өздөштүрө элек азыркы коом үчүн камчы салдырбай иштеп кетерине ишенбейт:

- Ооба, негизи дүйнөдө ушундай тажрыйба бар. Киши өзүн банкрот катары жарыялап, расмий далилдесе бул туура эле көрүнүш. Бизде деле кабыл алса болот. Бирок бул жерде маселе көп. Мисалы, айрымдар атайын эле кредит алып, анан “мен банкрот болдум" деп жарыяласа кандай болот? Ага башкалары атаандашпайт деп ким кепил боло алат? Анда биздеги банктар, микрокредиттик компаниялар иштей албай калат.

Бекешов ушундай себептерден улам мындай мыйзамдын кабыл алынышы азырынча эртелик кылат деген ойдо.

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарга ылайык, 2016-жылдын 1-январына карата 536 миң активдүү насыя алуучу бар. Насыя алгандардын ар бир бешинчиси кредитин төлөй албай кечиктирип жүрөт. Алардын саны 2016-жылдын 1-январына 113 226 адамды түзгөн. Булардын 70 пайыздан көбү аялдар, 60 пайыздан ашыгы жаш үй-бүлөлөр.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG