Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Насыя дыйкандарга жетип атабы?


Кыргызстанда айыл чарбаны өнүктүрүүгө бир млрд. сом насыя таратыла баштады.

7 пайыз үстөк менен берилчү насыя максаттуу жумшалаарына ким кепилдик берет? Айыл чарба үчүн делген насыя дыйкан менен малчынын колуна тиет деп ишенесизби? "Арай көз чарай" талкуусуна каржы министри Акылбек Жапаров жана Ноокендеги "Кенч" айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев катышты.

"Азаттык": Биздин бүгүнкү талкуубуз айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн берилүүчү 1 миллиард сом насыя акча тууралуу болот. Бул акчаны ким, качан, кандай шарттар менен ала алат?

Жапаров: Биринчиден, бул акчаны кыргыз өкмөтү РСК жана “Айыл банкка” бюджеттик ссуда катары 0% менен берип атабыз. Бирок бул насыя акчаны элге таратууда банктын чыгымдары болот, ошондуктан элге 7% үстөк менен жеткирүү милдетин ушул эки банкка жүктөдүк.

Тилекке каршы былтыр 1 млрд. сомдун жарымы элдин колуна тийбей калган, ушул мүчүлүштүктөрдү эске алып, насыя акчаны дыйканчылыкка эмес, мал чарбасында да бөлдүк. 500 млн. сому мал чарбага, 500 млн. сому дыйкандарга бөлүндү. 1-февралдан тарта бериле баштады. Элден суроо-талаптарды жер-жерлерде ар бир банктын өкүлдөрү кабыл ала баштады.

Быйыл элден суроо-талап көп, өзгөчө мал чарбачылыгына акча алууну каалагандар көп. Ошондуктан ар кандай түшүнбөстүктөр болсо, маалымат каражаттарына, менин кабылдамама байланышып билдиришсе, биз тиешелүү чараларды көрөбүз.

"Азаттык": Өкмөт аз үстөк пайыз менен берип жаткан акча дыйкандардын колуна тийип атабы?

Сооронбаев: “Айыл банк” жана РСК банктарынан мурда насыя алып, жолун билгендер бул акчаны алып жатышат. Мен айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн берилип жаткан акча жалаң эле дыйкан менен малчыларга берилип жатат деп айта албайм. Азыр банктарда тааныштары барлар соода үчүн да алып жатышат. Ошондуктан өкмөт акчанын максаттуу жумшалып жатканына катуу көзөмөл кылуусу керек.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 7% үстөк менен берилүүчү акча максаттуу жумшаларына ким кепилдик берет? Айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн берилип жаткан каражат дыйкан менен малчынын колуна тиет деп ишенсек болобу?

Жапаров: Болот. Өкмөт көзөмөл кылат. Ошондой эле банктарга акчаны биз берип жаткан соң, үстөк пайыздын жогорулатылбай берилишине да кепилдик бере алам. Ал эми акчаны күзүндө кайтаруу банктарга жүктөлүп аткандан кийин аларды азырынча “мындай тартип менен бер” деп биз көрсөтмө бере албайбыз.

Сооронбаев: Айыл чарбаны көтөрүүгө комплекстүү программа керек. Бул берилип жаткан насыя да жакшы, бирок мындай насыялардын суммасын дагы көбөйтүү жагын өкмөт карап көрүшү керек. Анткени бул акча өтө эле аз фермерге гана жетет, көпчүлүгү кала берет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG