Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Жазгы айдап себүү иштери кызуу башталып жаткан чакта чакан насыя берүүчү ишканалардын да иши кызыйт. 22-35% чейинки үстөк менен бир жылдык мөөнөткө берилип жаткан насыядан малчы менен дыйкан пайда көрө алабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Антикризис” борборунун жетекчиси, экономист Эркин Абдыразаков жана “Ош-Капитал” кредиттик бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Үрүлбай Нурмаматов катышты.

“Азаттык”: Чакан насыя берүүчү ишканалар тарабынан 22-35% чейинки үстөк менен бир жылдык мөөнөткө берилип жаткан насыядан малчы менен дыйкан пайда көрө алабы?

Абдразаков: Кыргызстан агрардык өлкө. Быйыл кыш катаал болгонуна, узакка созулганына байланыштуу азыр дыйкандар менен малчылар мүңкүрөп турат. Өкмөттүн 7% үстөк менен берилип жаткан 1 млрд. сомдун 50% гана берилип бүттү. Ал эми чакан насыя берүүчү ишканалар эң төмөнкүсү 18 пайыздан тартып акча берип жатышат, бирок бул үстөк өтө эле көп.

Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан үстөк пайыздары өтө эле жогору болгон мамлекеттердин катарына кирет. Ал эми экономикалык дараметибиз болсо өтө эле чабал, ошондуктан мындай үстөк пайыздар менен элибиздин бутуна турушуна эмес, жакырланышына шарт түзүп берип жатабыз.

Нурмаматов: Кредиттик союздар элет жерлеринде айыл чарбасын каржылоо максатында түзүлгөн. Кредиттик союздардын үстөгү эң төмөнкү үстөк пайыз болуп эсептелет, жылдык пайыздык үстөгү 18-20% түзөт. Эмне үчүн үстөк бийик болуп атат? Мунун баары сырттан келип жаткан насыяларга байланыштуу.

Мисалы, Азия өнүктүрүү банкынан мамлекеттин кепилдиги менен 1% үстөк пайыз менен акча алынат, ал эми бизге келип жеткиче 13%-18% чейин келип тиет. Ошондон улам биз ага бир аз үстөк кошуп берүүгө аргасыз болобуз. Бул жерде мамлекеттик саясат жатат.

“Азаттык”: Эгер мамлекет Азия өнүктүрүү банкынан насыяны 1% үстөк менен атайын кепилдик берип, алып жатса, аны кайра кредиттик союздарга 13-14% үстөк менен берет экен, ортодогу пайданы ким көрөт?

Абдразаков: Кептин баары ошол пайданы ким көрөөрүндө болуп атпайбы. Мамлекет сырттан келген насыяны эмес, элдин өз акчасын – мамлекеттик бюджеттеги акчаны кайра элге үстөк пайыз менен берип атпайбы. Бюджеттин акчасын элдин өнүгүүсүнө пайызсыз эле берсе болот, мына ошондо элде өнүгүү болот эле. Биз алды-сатты менен гана жүрөбүз, реалдуу пайда жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Үрүлбай мырза, чакан насыя берүүчү ишканалардын дарегине карата: талаптары катаал, үстөк пайыздары көп, берген мөөнөтү аз деген дооматтар айтылып келет. Бул дооматтар канчалык негиздүү деп эсептейсиз?

Нурмаматов: Чакан насыя берүүчү союздар менен компаниялардын айырмасы чоң. Чакан насыя берүүчү компания жеке адамдын кызыкчылыгына да иштеши мүмкүн, ал киши өзү каалагандай саясат жүргүзөт.

Ал эми кредиттик союзга мүчө болуп кирген кишилер башкаруу органына түздөн-түз катышат. Башкаруу органы – жалпы чогулуш. Жалпы мүчөлөрдүн баары кредиттик саясатты жүргүзүүдө толук катышат. Бүгүнкү күнү кредиттик союздар дээрлик ар бир айылда ачылган, азыр насыя алууну каалагандар ар кайсы компаниялар, банктарга да эмес, кредиттик союздарга кайрылып жатышат.

Абдразаков: Насыя алып, аны кайра төлөй албай, күрөөгө коюлган үй-жайынан ажырап калгандар да көп болуп жатат. Насыя берүүчү ишканалар элдин экономикалык сабатсыздыгынан пайдаланып жатканын да ушул жерден белгилей кетүүбүз керек. Ушундан улам банк жөнүндөгү мыйзамдарды катуулатып, мамлекеттик бюджеттеги каражаттарды үстөк пайыз менен элге берүүнү токтотуу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG