Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Адистер быйыл Кыргызстанда каржы кризиси болоорун божомолдой баштады. Буга Салык жана Бажы кызматтарында каражаттар 900 миллион сомго аз жыйналганы негиз болууда.

Көз карандысыз экономист, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мындай божомолго кошулбай турганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Каржы министри Ольга Лаврова Салык менен Бажы кызматтары каражатты 900 миллион сомго аз жыйнаганын шардана калды. Ансыз да бюждетте 17 миллиард сом тартыштык бар эмеспи. Айрымдар өлкөнү каржы кризиси күтүп жатканын да божомолдой баштады...

- Мындай сөздөр жыл сайын эле чыгат. Бюджетте бир аз тартыштык байкалса эле, кризис болот деп кыйкырышат. Эгемендик алгандан бери биздин өлкөдө каржы жана бюджет саясаты жок экени белгилүү. Ошол 22 жыл мурун кабылган каржылык кризистен чыга элекпиз. Азыркы темп менен кетсек, андан чыгышыбыз да мүмкүн эмес. Ошондуктан каржы кризисине кабылып калат экенбиз деп коркуунун кереги жок.

Эгер бул маселени “Кумтөргө” байланыштыра турган болсок, 2010-жылга чейин аталган ишкананын маалыматтары жабык болчу. Анын көрсөткүчтөрү болгону ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүнө гана кошулуп калчу. Ошондо деле жашообуз уланбадыбы.

Азыр деле бюджеттик көрсөткүчтүн киреше-чыгашасы анык айтылбайт. Эсеп палатасынын маалыматына таянсак, бюджеттин аткарылышында да жүздөгөн миллион сомдук эсептер туура эмес көрсөтүлгөн. Элге айтылбаган, жабык сандар дагы эле бар.

- Бюджет саясаты туура эмес тандалган деген ойду айтып жатасыз. Каржылык мыйзамдар аткарылбайт деген сөздөр да бар. Аны аткаруу үчүн бүгүн кыргызстандыктардан эмне талап кылынат?

- Кыргызстандыктар өзүбүз каражатты туура эмес сарптоого жол коюп атпайбызбы. Тигинин юбилейин өткөрөбүз, мунун эстелигин тургузабыз деп. Анысы аз келгенсип, депутаттардын чыгымычы? Жакшы машине минбесек, элге уят болобуз дегендей жүрүшпөйбү. Каржылык ысырапкорчулукка депутаттар өздөрү түрткү болуп атат.

Бүгүнкү күндүн эле проблемасын чечем деп жан талашпай, эртеңки күндү да ойлонуш керек. Бюджетте жетишсиздик болуп жатат деп маселени бүгүн эле чечип коюуга аракет кылуу туура эмес. Ушул нерсе экономикалык кылмыштарга түрткү берип атпайбы.

- Экономикалык кылмыштар тууралуу сөз козгоп калдыңыз. Өлкөдө бул жаатта жүргүзүлүп жаткан аракеттерге көңүлүңүз толобу? Бизде экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кандай кетип жатат?

- Экономикалык кылмыш “Кумтөрдөн” башталат. Парламенттин талкуусуна чыкканы бул – экономикалык кылмыш экенин көрсөтүп турат. Туура эмес документтер үчүн бийлик башындагылар жооптуу. Оор энергетикалык кылмыштар да бар. Маселени көтөрүп атышканы менен көйгөйлөр чечилбей жатат.

Экономикалык кылмышка байланыштырылып дарыгер, окутуучулар кармалууда. Ал экономикалык кылмыш эмес. Паракорлук менен экономикалык кылмыштын айырмасын билбей туруп, маселесин чечүүгө болбойт. Бул саясатты түп тамырынан бери башкача мүнөздө жүргүзүш үчүн мыйзамдарды оңдоп-түздөө керек. Өкмөт бекеринен ыйлап жаткан жок. Биздин мыйзамдардын басымдуу бөлүгү коррупцияга жол берет. “Кумтөргө” байланыштуу документтерде да ушул абал...

Талашып, тартышып, бюджетти бетке кармануу - азыркы кезде ач турган курсагымды тойгузуп алайын дегенге тете.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG