Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Акенеев: Өндүрүшкө көңүл бурчу мезгил келди


Бажы биримдигинин жаңы эрежеге өтүшү Кыргызстандын ички рыногуна кандай таасир тийгизет?

Бул маселе боюнча "Азаттыктын" суроолоруна Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси, экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев жооп берди.

- Бажы биримдиги 1-июлдан тарта жаңы эрежеге өтүшү менен бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн ички чек аралары жеңилдетилип, тышкы чек араларында тартиптер күчөтүлдү. Мындан Кыргызстандын ички рыногунда кандай өзгөрүүлөр болушу ыктымал, кандай таасир тийгизет?

- 1-июлдан тарта Бажы биримдигинин мыйзамдаштыруу жагы толук калыбына келди. Кыргыз өкмөтү да биримдикке киребиз деген чечимин май айында Минсктеги чогулушта айткан.

Кыргызстан ЕврАзЭШке да мүчө болгондуктан башка мамлекеттерге караганда экономикалык жактан терс таасир берчү, коркунучтуу эч нерсе жок. Азырынча бизге товарлар мурунку эле шартта өтүп атат.

Чындыгында Бажы биримдигинин жаңы эрежелери иштеп баштагандан кийин биримдикке кирген өлкөлөр арасынан айрым сунуштар айтыла баштады. Мисалы Казакстан Орусия менен Беларуска күйүүчү, майлоочу майга экспорттоо жагына тыюу салуу боюнча сунуш айтылган. Азырынча бул кабыл алына элек. Бирок бүгүнкү күндө Орусиядан мурунку сүйлөшүүлөр боюнча жеңилдетилген шарт менен күйүүчү, майлоочу май кирип турат.

- Азыр өлкөнүн түштүк тарабында күйүүчү, майлоочу майдын баасы өсүп, тартыш болуп жатканын жергиликтүү тургундар белгилешүүдө. Бажы биримдигинин күчүнө кириши менен бул багытта жагдай кандай өзгөрөт, май ташуулар да кыйындайбы?

- Жок, өлкө түштүгүндө баалардын кымбатыраак болуп жатканынын себеби башка. Анын Бажы биримдиги менен тиешеси жок. Биринчиси, Өзбекстан аркылуу май темир жол аркылуу өтө албай, тыюу салынып, токтотулуп, кармалып жатканына байланыштуу болгон көлөмдүн бардыгын нефтебазаларга алып келип атабыз. Анан түштүккө унаа менен ташыганга мажбур болуп атабыз. Ошондуктан кичине кымбат болуп атат.

Экинчиден, Тажикстанда күйүүчү, майлоочу майдын баасы бизге караганда 50-60% өйдө. Нефтетрейдерлерге эч тиешеси жок кээ бир адамдар Кыргызстандан ири көлөмдө майды Тажикстанга сатып атышат. Ошол себептүү Баткенде биздин ассоциацияга тиешеси жок май куюучу жайларда 3-5 сомго чейин кымбат сатып атат.

- Өзгөчө оруп-жыюу мезгилинде май тартыш, кымбат болуп калчу эле. Бул жактан абал кандай болууда?

- Өтө кымбаттабайт. Жакында эле 80-үлгүдөгү бензинге 50 тыйын кошулду. Ошол эле мезгилде солярканын баасы 50 тыйынга арзандады. Оруп-жыюу маселесин эске алып биз ушундай сунуш киргизгенбиз. Керектүү көлөмдө күйүүчү, майлоочу май Кыргызстанга келип турат. Мен буга кепилдик берем.

- Бажы биримдигинин жаңы эрежелерине байланыштуу Кыргызстанда товарлар кымбатташы мүмкүн деп эксперттер айтып атышат. Азыр эле бажы бекеттеринен товарларды бөлүп, өзүнчө ташып, ташыганга да өзүнчө адамдар иштеп аткан экен. Мындай шартта көмүскө экономика өсүп кетиши мүмкүнбү? Анткени 7-апрелден бери Өзбекстан-Кыргызстан чек арасы бир тараптуу жабылган менен көмүскө экономиканын бир топ өскөнү белгиленген эле.

- Туура айтасыз, кара жол менен ташылган товарлардын баарына чекит коюлат. Мурда Кытай товарларын жеңил жол менен алып келип Казакстан, Орусияга киргизилчү. Ушунун баары токтойт. Ошол себептүү казак чек арасында керектүү көлөмдөгү төлөмдү төлөтүшү мүмкүн.

- Демек Өзбекстан чек арасын жапкандан кийин ири базарлардын бири - Кара-Суу базарында соода солгундагандай эле “Дордойдо” да соода-сатык азайышы мүмкүн экен да?

- Бажы биримдигине байланыштуу аталган базарларда жумуш ылдыйлайт. Реэкспорт бара-бара токтойт. Анткени бажы тармагы күчөтүлгөн тартипте иштеп калды. Негизи реэкспорт кытай товарлары болгону үчүн гана токтоп атат. Мындан чыгуунун башка жолу бар.

Биз ошол товарларды Кыргызстанда өндүрүшүбүз керек. Кичи ишканаларды иштетип, Кытайдан товар катары эмес, кийим тигип же башка нерсе жасоо үчүн киргизсе ага тоскоолдук жок. Ошондуктан өндүрүш тармагына көңүл буруш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG