Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

“Дастанга” көз арткан көп, алган жок


Кыргыз тарап “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясын Орусияга сунуштады. Бирок Москва тараптан жооп боло элек.

19-майда Минскиде Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында кыргыз-орус өкмөт башчылары өз ара жолугушуп, эки тараптуу мамилелерге саресеп сала турган болууда.

Аскердик багыттагы буюмдарды, анын ичинде ылдамдыгы өтө тез “Шквал” торпедолорду чыгарган “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясын Орусияга берүү боюнча келишимге 2009-жылы 3-февралда кол коюлган.

Ошол эки тараптуу келишимге ылайык, Орусия акция жана Раззаков көчөсүндө жайгашкан Орус соода үйүнүн имаратын алып, анын ордуна 190 млн. доллардан ашуун Кыргызстандын карызын кечүүгө макул болгон. Бирок кыргыз-орус бийлигинин мамилесинин начарлоосуна байланыштуу ал келишим аткарылбай калган.

Орус тарап, андан кийин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мурдагы бийлиги берген убадаларын аткарбай койгондуктан, эки ортодо мамиле сууп, келишимдер аткарылбай калган деп билдирип келет. Бирок “Дастан” боюнча кыргыз бийлиги башынан эле өз милдеттенмесин аткарууга даяр болгону айкын болуп калды.

Апта башында Орусияда болгон Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстан “Дастандын” акцияларын өткөрүп берүү иштери аткарылганын билдирген.

Мамлекеттик мүлк министрлиги бул иштер Кыргызстан тараптан алда качан эле аткарылганын тастыктады. Министрликтин маалымат катчысы Жылдызбек Нургазиев:

- Орусия келишимди өздөрүнүн ички жол-жобосунан ушул кезге чейин өткөрбөй келатышат. Создуктурулган үчүн күнөө Орусияда. Биз болсо келишимде көрсөтүлгөндөй 2009-жылдын 1-декабрына чейин ички жол-жобосун бүтүрүп, жибергенбиз. Биз келишимге ылайык баарын бүтүрүп, документтердин баарын кол коюуга жибергенбиз.

Жылдызбек Нургазиевдин айтымында, азырынча бул иште алдыга жылуу байкала элек.

Талкуулай турган маселе көп

Кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин “Мир” телеканалына курган маегиндеги билдирүүсүнө караганда, Орусиянын Коргоо министрлиги “Дастанды” алууга кызыкдар болуп жатса, Каржы министри тескерисинче каршы чыгууда.

“Дастандын” акциясы жана башка кыргыз-орус мамилесиндеги маселелер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин 19-майда Минскиде боло турган жолугушуусунда каралышы күтүлүүдө.
Биз келишимге ылайык баарын бүтүрүп, документтердин баарын кол коюуга жибергенбиз.


Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Минскидеги жолугушууда бир катар маселелер талкууга түшөөрүн билдирди:

- Бул кезектеги жумуш жолугушуу. Анда мурда жетишилген келишимдердин аткарылышы каралат. Анын ичинде Евразия экономикалык шериктештигинин антикризисттик фондунан насыя алуу, тышкы карызды жөнгөрүү, Бажы биримдигине кирүү маселелери.

Тыйын санап, карыз доолап

Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинен 200 миллион доллар насыя алууну көздөп турат. Ошондой эле Орусиянын өзүнөн жеңилдетилген 30 млн. доллар насыя алуу да мурда сүйлөшүлгөн. Бирок алардын аткарылышы боюнча тактык ушул кезге чейин жок.

“Дастандын” акциясын карызга алмаштыруу келишими аткарылар, аткарылбашы ушул кезге чейин белгилүү боло элек.

Негизи акцияга алмашыла турган карыз Кыргызстан эгемендүүлүк алган биринчи жылдары бүдөмүк жагдайларда пайда болгон. 130 млн. доллардан ашуун карыздын үстөк пайызы өсүп отуруп, азыркы кезде 190 миллион доллардан ашкан.

Ооганстан, Ирактын миллиарддаган карызын кечкен Москва Кыргызстандын мына ошол карызын бекем санап отурат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG