Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Карыздар четинен жоюлса да чоюлуп баратат


Ушул тапта мамлекеттин тышкы карыздары 2 миллиард 692 миллион доллардан ашты. Түркия сыяктуу мамлекеттер карыздарын четинен кечип атканына карабай карыздардын өлчөмү барган сайын өсүп баратат.

Экономисттер тышкы карыздын өлчөмү чоңдугунан улам өкмөт эбак эле инфляцияга туруксуз болуп калганын айтышууда.

Тышкы карыздардын өлчөмү 2005-жылдын мартында бийлик алмашуу болгон маалда 1 миллиард 900 миллион доллардын тегерегинде болчу.

2010-жылы бийлик алмашкан учурда өлкөнүн тышкы карызы 2 миллиард 400 миллион доллардан ашып калган. Ушул жылдын 31-майына карата Каржы министрлигинен алынган маалыматка караганда, тышкы карыздардын суммасы 2 миллиард 692 миллион долларды түзүп, барган сайын карыздар көбөйүүдө.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев, 2-февраль, 2011-жыл, Бишкек
Тышкы карыздар боюнча эң эле көп сумма Дүйнөлүк банктыкы. Кыргызстан буларга 676 миллион доллардан ашык акча карыз. Азия өнүктүрүү банкынын аласасы 600 миллион доллардан ашат. Эл аралык валюта коруна ырасмий Бишкек 173 миллион доллардан ашык карыз болсо, Ислам өнүктүрүү банкына 61 миллион доллардай бересе.

Эки тараптуу келишимдердин негизинде Кыргызстан эң эле көп Орусияга карыз. Бүгүнкү күнү Орусияга болгон карыз 490 миллион доллардан ашса, Жапонияга 343, Кытайга 151, Германияга 70, Түркияга 50 миллион доллардай акча карыз.

Бул жерде Түркияга болгон карыздын негизинде суроолор жаралган. Анткени буга чейин эки өлкөнүн премьер-министрлери жолуккан маалда Түркия мамлекети Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын кечип, дагы 10 миллион доллар өлчөмүндө грант бергени айтылган.

Бирок Каржы министрлиги Түркия менен болгон карыз 30-июнда парламентте ратификацияланганын, ага ылайык берилген насыялардын пайыздык үстөгү 2,72 пайыздан, 1,36 пайызга түшүрүлгөнүн, демек Түркияга карыздарды төлөөдө 13,4 миллион доллар үнөмдөлөрүн жарыялап, “карыздар жоюлган эмеспи?” деген суроо жаралган.

Дүйнөнүн эркин базарынын мухитин жиреген сом менен доллар.
Каржы министрлигинин Статистика жана мамлекеттик карыздар бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Азимов “Азаттыкка” билдиргендей, кыргыз-түрк премьер-министрлери сүйлөшкөндөй эле карыздар жакын жоюлары чечилген. Бул боюнча азыр тиешелүү документтер даярдалып, иштер жүрүп жатат.

Ал эми пайда болгон маалымат боюнча түшүнбөстүктөр, былтыркы келишимдин эми араң ратификацияланышынан улам болду:

- 2010-жылдын 23-февралында, биз (кыргыз-түрк тарап) 2006-жылдын 9-мартындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Ал келишим боюнча бизге берилген насыянын пайыздык үстөгү эки эсеге азайган болчу. Бирок эл аралык келишимдер боюнча мыйзамга ылайык, бул чечим күчүнө кириши үчүн белгилүү процедураларды аткарышыбыз керек болчу. Тилекке каршы ал процесс өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу узарып кеткен. Ошентип 2011-жылга калып калган. Бирок биз 2010-жылдан баштап насыяны эки эсе төмөндөтүлгөн пайыз боюнча төлөй баштаганбыз. Былтыр парламент жок болгондуктан, аны ратификациялай албай турдук. Эми ошону гана күчүнө киргиздик. Ал эми жанагы сиз айткандай, премьер-министр Түркияга барып, карыздарды кечип салуу боюнча сүйлөшүп келген. Башкача айтканда карыздарды кечет алар.

Эми Түркияга болгон карыздын толук жоюлушу үчүн эки өлкөнүн парламенттери атайын мыйзамды ратификациялашы керек.

Бишкек
Борбор Азиядагы Эркин Базар институтунун башкы аналитиги Баходиржон Раджапов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эл аралык тажрыйба боюнча тышкы карыздын өлчөмү Ички дүң продуктунун элүү пайызынан ашпоосу максатка ылайыктуу болорун, андан өтүп кетсе экономиканы башкарыш, инфляцияны кармаш мүмкүн болбой каларын айтат.

Кыргызстанга келсек, өлкөнүн тышкы карызы Ички дүң продуктудан эки эсеге көбөйүп кеткен. Б.Раджаповдун пикиринде, тышкы карыздардын көбү кумга сиңген суудай жок болду. Ал эми ички ресурстарды пайдаланганды бийликтегилер билбей жатат:

- Тышкы карызды алгандан кийин аны эффективдүү, натыйжалуу иштетиш керек. Менин оюмча Кыргызстан аны натыйжалуу иштетпей атат. Биздикилер аны максаттуу түрдө колдонбой, көбүнчө коррупциянын айынан уурдалып, жок болуп кетип атат.

Учурда АКШда деле тышкы карыздын өлчөмү Ички дүң продуктусуна теңелгени калганы айтылып, сенатта республикачылар менен демократтар катуу тирешип, президент Барак Обама кошумча акча бөлдүрө албай убара.

Экономисттердин баамында, АКШнын тышкы карыздары Ички дүң продуктусунун өлчөмүнөн ашып түшө турган болсо, зор инфляция орун алып, 2008-жылдардагы каржылык кризистен да оор кырдаал жаралуусу мүмкүн. Кыргызстандын тышкы карызы болсо эбак ал чектен ашып түшкөн. Ошол себептүү өкмөт азыркы шартта инфляцияны ооздуктай албасы айтылат.

XS
SM
MD
LG