Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга чукулдап калганын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 57 пайызына барабар. Сырттан алынган карыздын эң чоң өлчөмү, тагыраагы 2 миллиарддан доллардан ашууну Кытайга таандык.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында сырттан алынган насыялардын натыйжасыз пайдаланылганы тууралуу маселе көтөрүлүп, көпчүлүк учурда акча өнүгүүгө эмес, социалдык инфраструктурага жана бюджет таңсыктыгын жапканга жумшалып келгени сынга алынды.

“Кызыл чек” жакын калганда

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында мамлекеттин тышкы карызынын көбөйүшү жана анын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн абалы талкууланды. Айрыкча мамлекеттик сырткы карыз өлчөмүнүн өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 57 пайызга чыкканы каржылык дефолттун кызыл чекитине жакындап калган абалы курч талкууланды. Анткени эл аралык көрсөткүчтөр боюнча тышкы карыз ички дүң өнүмдүн 60 пайызынан ашканда ал өлкө сырткы карызын төлөөгө жөндөмсүз мамлекет катары каралат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев тышкы карызды төлөөнүн эң оор жүгү кайсыл убакка туура келерин мындайча белгиледи:

- Тышкы карызды тейлөөнүн өлчөмү 2024-жылы 306 миллион доллардан башталып, 2028-жылы тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 338 миллион долларга чейин жетет. Негизи мамлекеттин тышкы карызы анын ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашпаш керек. Карыздын чоңдугу боюнча эл аралык чектөөнүн көрсөткүчтөрү боюнча биз үч негизги чекти белгилеп, ошонун негизинде биз тышкы карызды андан ашырбоо боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз.

Алынган акчанын натыйжасы барбы?

Кыргызстан 24 жылда жалпысынан 6 миллиард доллар насыя жана 2 миллиард доллар грант алган. Насыянын эң ири өлчөмү - 2 миллиард 110 миллион доллар Кытайдан алынган. Андан кийин Дүйнөлүк банктан 1 миллиард 11 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 969 миллион, Эл аралык валюта кору 494 миллион доллар насыяларды алган.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров алынган насыялардын көпчүлүгүнүн натыйжасыз пайдаланылган учурларын мисал келтирди:

- Биз камырабай эле “кырк байталдын карызы да карызбы” деп эле жүрө бергенибиз болбойт. Тыштан келген насыянын эң көбү энергетика тармагына жумшалыптыр. 1 миллиард 595 миллион доллар! Андан кийин жол-транспорт тармагына 2 миллиард 88 миллион доллар чыгымдалса, айыл чарбасына 573 миллион доллар багытталган. Анан салыштырып көрсөк, салынган акчага жараша мына ушул тармактардын өнүгүү ыргагы жогоруладыбы? Албетте жок. Баягы эле бойдон. Анда салынган акча каякка жумшалды? Мисалы, айыл чарбасы 1992-жылы ИДӨнүн 32 пайызын түзсө, азыр болсо 17 пайыз. Биз ага акча салган сайын анын деңгээли 24 жылдан кийин кайра эки эсе артка кетти. Мына ушинтип кете берсек, бизде өнүгүү болмок турсун, карыздан башыбыз чыкпай калбайбы?

Анткен менен өкмөт мүчөлөрү алынган насыялар инфраструктуралык улуттук долбоорлорду ишке ашырууга жумшалганын мисал келтиришти. Ошондуктан өлкөнүн кан тамыры болгон негизги жолдорду оңдоого жана гидроэнергетика тармактарын жаңылоого эң ири каражат жумшалганы айтылды. Улуттук энергохолдинг компаниясынын башкы директору Айбек Калиев мындай дейт:

- Мисалы, 1 миллиард доллардан ашуун насыя Кытайдын банкынан алынган. Ал каражат өлкөнүн түштүк аймагындагы электр тармактарын чыңдоого 208 миллион доллар каралган. Анан “Датка-Кемин” көмөк чордонун куруу долбооруна 389,5 миллион доллар сарпталган. Мындан сырткары Бишкек жылуулук берүү борборун жаңылоого 386 миллион доллар кеткен. Мына ушул үч ири долбоордун экөө учурда толук аяктап, үчүнчүсү эмдиги жылы жазында бүткөрүлөт. Биздин негизги карзды мына ушул үч ири долбоор түздү.

Кытай насыяларынын кыйынчылыгы

Ошол эле кезде 2000-жылга чейин алынган насыялардын эсебинен бюджеттин кенемтеси жабылган учурлар дагы белгиленди. Тыштан эң оор шарттар менен көп насыя алынган учурлар 92-96-жылдарга туура келет. Андан кийинки эң көп насыя алынган учурлар 2009-жылдан 2015-жылга чейин аралык экени айтылды. Айрыкча Кытайдан алынган насыялардын шарттары бир топ катаал экени эскертилди. Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров тобокелчиликтерге токтолду:

- Эртең эле Кытай карызды төлөөнүн мөөнөтү келип калды десе, биз мына ошол макулдашууда бекитилген шарттар боюнча бир районубузду же облусубузду берип кутулабызбы? Кытай жөнөкөй мамлекет эмес. Бул маселеде биз аябай этият болушубуз керек. Бизде азыр инвестициялык долбоорлор деп айтышса, аябай кулакка жагымдуу угулат. Бирок карасаң эле ошонун баары карыз болуп чыгат. Алынган насыяларга жолдорду куруп, ГЭСтерди, жылуулук берүү борборлорун оңдогон жакшы. Бирок башында биз өнүгүүгө ошол акчаны салып, анан ошонун эсебинен тапкан пайдадан мына ошол иштерди аткарсак болбойт беле. Мына ошондо элибизге жумушчу орундары дагы түзүлөт эле.

Түркия, Орусия жана Жапония сыяктуу айрым мамлекеттер Кыргызстанга мурда берген насыяларын кечкен. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору жана Азия өнүктүрүү банкынын насыялары деле узак мөөнөткө жана жеңилдетилген шарттарда берилгени белгиленип, бирок Кытайдан алынган насыялардын шарттары бир топ оор экени белгиленди. Фракция тышкы карызды жоюунун шарттары боюнча өкмөткө тапшырма берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG