Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Кыргызстан алтындан, гранттардан жана мигранттардын акчасынан көз карандысыз өнүгүү жолуна түшүүгө тийиш. Бишкекте кечээ аяктаган эл аралык донорлордун жыйынында ушул ойго басым жасалды. Алтынсыз, сырткы колдоосуз өз жаныбызды өзүбүз багып кете алабызбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна экономика илимдеринин доктору, белгилүү серепчи Айылчы Сарыбаев, Кыргызстандагы ишкерлер кеңешинин жетекчиси Чыңгыз Макешов жана ошондой эле өкмөттүн алдындагы стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жетекчисинин орун басары Арслан Өмүрзаков катышты.

“Азаттык”: Кыргызстанда алтын өндүрүшүнөн түшкөн киреше, мигранттардан келип жаткан акча жана эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн алып жаткан карыз, гранттар ички дүң продукциянын канча бөлүгүнө барабар?

Өмүрзаков: Азыркы учурда экономикабыздын абалы тууралуу айтып кетсем: өткөн жылкы көрсөткүчтөр боюнча биздин ички дүң продукция 304 млрд. 350 млн. сомду түзгөн. Анын ичинен "Кумтөр" 20,2 пайызын түзөт. Бул деген жалпы республикалык бюджеттин 6% түзөт. Былтыркы Кумтөрдө болгон окуяларга байланыштуу биздин ички дүң продукция өскөн жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Кыргыз экономикасы алтын өндүрүшүсүз жана мигранттардын каражаттарысыз өнүгө алабы? Башка кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Биздин башкы байлык делген энергетика тармагынан үмүттөнүүгө болобу?

Сарыбаев: Биз ушуну менен үчүнчү жолку урунттуу окуяга күбө болуп жатабыз. Биринчи жолкусунда 2005-жылы Аскар Акаев “Париж клубунан келдим, биздин 1 млрд. ашуун карызыбыз жоюлат” деп сүйүнүп келген. Ага жетпей өзү бийликтен куулду.

Андан кийин Бакиевдин тушунда “ХИПИКке киребиз, тышкы карызыбыз жоюлат” деп дүңгүрөдүк. Эми минтип кечээ донорлорду чогултуп алып, 6,5 млрд. доллар карыз сурап атабыз.

Биз донор менен инвестордун айырмасын билбейбиз. Өлүп бараткан адамды аман алып калуу үчүн кан берген кишини донор дейт. Биз болсо 20 жылдан бери биздин экономиканы туңгуюкка алып келе жаткан уюмдарды алып келип, дагы акча сурап атабыз. Мына алтын деп атабыз, мигранттардын акчасын эсептеп атабыз. Өзүбүздө деле толтура ишкерлерибиз бар, экономиканы өнүктүрүүчү программаларды ишке ашыруучу кыз-жигиттерди, адам ресурсун баалай албай жатабыз.

“Азаттык”: Ишкерликтен түшкөн салык менен жашоо канчалык реалдуу мамлекет үчүн?

Макешов: Биз буларсыз эле жашап келатканбыз, жашай алабыз. Мисалы, 2005-жылы мамлекеттик бюджеттин көлөмү 13 млрд. сом болсо, 2013-жылы 100 млрд. сомдон ашты. Ошонун ичинде "Кумтөрдөн" түшкөн салык болгону 6 млрд. сом. Демек калган 94% ишкерлерден чогулган акча.

Кыргыздар айтат “байлыктын булагы – эмгек” деп. Бул болсо элди жумуш менен камсыз кылуу дегенди түшүндүрөт. Бюджет жылдан жылга көбөйүп атат, бирок эмне үчүн акча жетпейт? Анткени бюджеттеги акчанын олчойгон бөлүгү мамлекеттик чиновниктерге, алардын баскан-турганына жумшалып атат. Эгерде 2010-жылы мамлекеттик аппаратты каржылоого бюджеттин 30% жумшалса, азыр 40% чыкты. Демек ушунча көлөмдөгү акча өндүрүшкө кирбей калып атат. Канчалык акча келип, ошончо желе берсе, буга эч кандай бюджет чыдабайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG