Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Өкмөт Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алды. Ал банк толугу менен мамлекетке таандык болуп, инвестициялык долбоорлорду каржылаш керек. Бирок мамлекет үчүн жаңы банк түзүп, чыгашага учуроонун кажети жок дегендер да бар.

Кыргызстанда узак мөөнөттүү жана аз үстөк пайыздуу насыя дээрлик жок. Өлкөдөгү 18 коммерциялык банк кыска мөөнөттүү, жылдык үстөк пайызы 25-30 пайыздан насыя берет. Бул өндүрүштүк долбоорлор үчүн оор жана ыңгайсыз. Анткени өндүрүш киреше бериш үчүн жок дегенде бир нече жыл керек.

Өкмөт мына ушул кенемтени толтуруу үчүн Өнүктүрүү банкын түзүүнү көздөөдө.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин айтымында, банк лизинг, ипотекалык жана инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн керек. Ал жеке адамдарды каржылабайт.

Өкмөт Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, парламентке жолдоду. Эми чечимди парламент кабыл алыш керек.

Дыйкандар узак мөөнөттүү, үстөгү төмөн насыяга муктаж

Дыйкандар узак мөөнөттүү, үстөгү төмөн насыяга муктаж

Өкмөттүн Өнүктүрүү банкын түзүү аракети эки жактуу пикир жаратууда. Бир тарап андай банк өндүрүш долбоорлорун каржылоо үчүн керек дейт. Маселен, парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев банктын зарылчылыгын мындайча негиздейт:

- Банктын баары менчик. Өндүрүштү каржылоого алар акча беришпейт. Ачык айтканда алар далдалчы болуп эле, элден акча жыйнап, кайрадан пайдасын коюп, элге насыя берип жатат. “Узун акча” деген түшүнүк бар. Өндүрүш бир жылда киреше бербейт. Аны салып, иштетип, пайда алганча кеминде 2-3 жылдык, ал болбосо 6-7 жылдык насыялар керек.

Улуттук банк өкмөттүн аракетине каршы чыкты. Эл аралык каржы уюмдары да колдоп жиберген жери жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Өнүктүрүү банкын түзүүнү сынга алып, аны анча “акылдуу иш эмес” деп атады.

Финансы жагы боюнча адистешкен депутат Улукбек Кочкоров өкмөттүн колунда мамлекеттин үч банкы турат. Ошолорду натыйжалуу иштете берсе болот дейт:

- Биз өкмөттүн акчасына банк түзөбүз да, анан менчиктештиребиз. Мисалы, мына "Айыл банкты" менчиктештиребиз деп даярдап жатышат. Биз 100 миллиондук объекттерди 5-6 миллионго менчиктештиребиз. Анан кайрадан ордуна 100 млн. долларга курабыз. Бул туура эмес. Өкмөттүн колунда РСК банк, "Айыл банк" турат. Иштете берсин. Болбосо "Залкар банк" турат. Аны иштетсин. Ар бир райондо 38 филиалы бар.

Кочкоровдун айтымында, Өнүктүрүү банкын түзүүгө өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кызыкдар болуп жатат. Ал келечекте жаңы банкты көзөмөлүнө алууну көздөйт.

"Кыргызстан" коммерциялык банкынын жогорку даражалуу кызматкери Салтанат Оморова:

- Азыр мамлекетте үч банк бар деп депутаттар айтып жатпайбы. Алардын бирөө "Айыл банк" айыл чарбасы менен иштеп жатат. РСК банк болсо коммерциялык банк. Ал өзүнчө насыяларды берип, Социалдык фонддун акчасы менен иштеп жатат. Төлөмдөр менен иштеп жатат. Ошондуктан бизге инвестициялык долбоорлор менен иштеген банк керек.

Оморованын айтымында, "Залкар банктын" артында жаңжалдар көп болгондуктан, ал инвестициялык банктын ролун аткара албайт.

Өнүктүрүү банкын капитал менен камсыздоо да жеңил эмес. Өкмөт аны бюджеттин эсебинен жүргүзүүнү көздөп жатат. Бирок бюджетте кандай тартыштык бар экени көпчүлүккө маалым. Өкмөт "Центерра голд инктеги" акцияларына чоң үмүт артып жаткан эле, бирок ал акыркы кезде абдан арзандап кетти. Ошондуктан азыркы баада акцияларды сатуу зыян.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG