Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Кыргыз өкмөтү Өнүктүрүү банкын түзүүнү чечти. Өкмөт бул банк аркылуу узак мөөнөттүү насыялоо маселесин чечүүнү көздөйт.

Бирок өкмөттүн чечимин сынга алгандар да бар. Кыргызстанга мамлекеттик Өнүктүрүү банкынын кереги барбы деген суроо “Арай көз чарай” талкуусуна түштү.

Талкууга Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Санжар Мукамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Роза Акназарова жана Бишкек ишкерлер бирикмесинин жетекчилеринин бири Эрмек Ниязов катышты.

“Азаттык”: Өкмөт Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алды. Мындай банк эмне үчүн керек?

Санжар Мукамбетов: Өнүктүрүү банкын түзүү үчүн өкмөт токтом кабыл алды. Бул коммерциялык банк эмес, бизде улуттук программаларды, долбоорлорду ишке ашырыш үчүн керек. Азыр коммерциялык банктарда проценттик ставкалардын жогору болушу жана чет өлкөдөн келген ресурстардын кымбаттыгына байланыштуу Өнүктүрүү банкы коммерциялык банктарга 5-10 жылга насыяларды бергенге жана проценттик ставкаларын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Капиталы республикалык бюджеттен жана башка ресурстардан топтолот.

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз эмне үчүн мындай банктын түзүлүшүнө каршы болуп жатасыз?

Равшан Жээнбеков: Бул банк кайсы булактын эсебинен түзүлөөрү али күнгө чейин ал аныктала элек. Республикалык бюджет булак болот деп атат. Бирок баарыбыз билебиз, бүгүн республикалык бюджеттин дефицити 17 млрд. сом. Биз биринчи ошону жаба турганды ойлонолучу. Факт түрүндө өзгөчө кырдаалдардан кийин дефицит 25 млрд. чыгышы мүмкүн.

Экинчиси, бизде 3 коммерциялык мамлекеттик РСК, “Айыл банк”, 20 пайызга жакын КISB деген банктар бар, ошол банктар аркылуу акча берип, бул маселени чечсе болот. Өкмөттүн эң негизги максаты элге, же бизнеске акча жеткирүү. Ошол банктар өкмөттүн ишеничин актай албай калса, анда ал банктардын кереги жок дешибиз мүмкүн.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Роза айым, бул үч банк аркылуу иштесек эмне үчүн болбойт? Сиздердин фракция өкмөттүн демилгесин колдоп жатат.

Роза Акназарова: Бул мамлекеттик банк болгондон кийин сөзсүз түрдө саясатты жүргүзсө болот. Мен бул банктын мамлекеттик банк деп аталышына каршымын. Мамлекеттик Улуттук банк бирөө эле болот. Бул банк Өнүгүү банкы болушу керек. РСКны деле өнүгүү банк деп иштете берсе болот. Өнүгүү банкы керек. Себеби бул банк улуттук долбоор боюнча иштеши керек.

“Азаттык”: Кыргызстандык ишкерлерге ушундай насыя берген банктарга муктаж эмеспи, Эрмек мырза? Өкмөттүн аракетинде эмне чекилик бар?

Эрмек Ниязов: Мен буга каршымын. Себеби өкмөт, же мамлекеттик башка органдар бизнеске кийлигишпеш керек. Бизнес өзү акча каражаттарды табыш керек. Банктарда проценттик ставканын чоң болуп жатканы биздин рейтингибиз абдан төмөн, чет өлкөлүк инвесторлор бизге ишенбейт. Мамлекет, өкмөт ошол суроолорду чечиши керек. Ошону чечсе, бизде акчанын баасы түшүп, бизге арзан түрдө ошол акча келмек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG