Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Абакиров: Ишкерлер оор абалда


Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

Парламент келерки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Адистер ал формалдуу негизде жазылып калганын айтууда. "Азаттыктын" бул багыттагы суроолоруна Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү, финансист Элдар Абакиров жооп берди.

"Азаттык": Келерки жылдын бюджетине доллардын баасы 53 сом деп жазылыптыр. Азыр анын курсу 58 болуп турат. Финансист катары сизди бул жагдай кооптондурбайбы?

Абакиров: 58 менен 53түн айырмасы 6 сом. 6 сом – бул 10 пайыздан жогору. Эгер биздин чыгаша 120 миллиарддан ашык сом деп эсептелсе, үстүнө курстук айырма катары 15 миллиард сом кошулуп калууда. Жалпы тартыштыкка ошончо кошулуп жатат.

Келерки жылы доллардын курсу дагы өйдөлөп же ылдыйлап кетиши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө биз билгенден рубл долларга карата 40 пайыздан жогору арзандап кетти. Ал эми сом акыркы 3-4 айда болгону 12 пайыз гана түштү. Демек, сом дагы арзандайт деген ыктымалдуулук бар. Долларга карата курс 60 сомдон да ашып кетиши мүмкүн.

Экинчиден, негизги киреше – 51 миллиард сомдон көп акча салыктан түшөт деп белгиленген. Бирок ишкерлердин бүгүнкү күндөгү жагдайын эске алсак, абалы кыйындап баратат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин экономика сырттан келүүчү азык-түлүк, сырье, ошол эле Кытайдан келген кездемеге байланыштуу. Анын баарынын баасы доллар менен эсептелет. Ал эми саткан баабыз сом же рубл менен болууда. Ошондуктан көп ишкерлер бүгүнкү күндө кыйналып жатат.

“Азаттык”: Демек, бул тармактан салык түрүндө акча түшүшү оор болот?

Абакиров: Дагы 3-4 ай ишкерлер кыйналат. Көбү чыгарган продукциясына бааны көтөрө элек. Эгер көтөрсө инфляция дагы жогорулайт. Инфляция көтөрүлсө мамлекеттен айлык алгандардын акчасы азык-түлүгүнө да жетпей калат...

“Азаттык”: Сиз доллар же дагы кымбатташы, же арзандашы ыктымал дедиңиз. Арзандашы чын эле мүмкүнбү?

Абакиров: Эгер Орусияга карата дагы санкциялар киргизилсе, кымбаттайт. Бирок санкциялар кое берилип, мунайдын баасы көтөрүлсө арзандашы деле ыктымал. Бирок жакынкы жарым жылда андай болоруна көзүм жетпейт.

XS
SM
MD
LG