Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Таласта, Нарында, Чоң-Алайда кен иштетүүгө каршылыктар арбыды. Жергиликтүү эл кен иштетүүдөн элге, мамлекетке пайда жок деп белгилешүүдө.

Кыргызстандагы Тоо-кенчилер ассоциациясынын президенти, Жаратылыш ресурстары министрлигинин көзөмөл кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев "Азаттык" менен бөлүштү.

- Кен казып алууга каршылыктар арбып баратат. Бул көрүнүш Кыргызстандын бардык аймактарында орун ала баштады. Ушундан улам мунун артында кандайдыр бир күчтөр туруп, атайын тукуруп жатат деген пикирлер да айтыла баштады. Сиз кандай ойлойсуз?

- Тоо-кен тармагы Кыргызстандын экономикасынын кыр аркасы болууга толук мүмкүнчүлүк бар, буга шек жок. Бирок акыркы жыйырма жыл ичинде элге, элдин кызыкчылыгына каршы көптөн бери жүргүзүлүп келе жаткан саясаттын негизинде тоо-кен өнөр жайы өспөй, өтө оор абалда калды.

Бүгүнкү күнү биздин тоо-кен өнөр жайы каатчылык шартта турат. Бирден-бир гана Кумтөр кени бизге пайда берип атат. Өткөн жылы мамлекеттик бюджетке 220 млн. ашуун доллар каражат түшүрдү, анын ичинен 115 млн. доллар түз төлөнүүчү салыктар, ал эми 93 млн. доллар дивидендге төлөндү.

Мына ушуга окшогон кендер бизде көп, бирок аларды биз өздөштүрүп, пайда табуунун ордуна, талаш-тартыш менен жүрөбүз. Демек бул бизде кен иштетүү саясатынын жоктугунун негизи.

Таластагы Андаш кени эле буга мисал болуп бере алат, бул кендин айланасындагы талаш-тартыш көптөн бери келе жатат. 2008-жылы биз кенге барып, ал жерде жыйын да өткөргөнбүз. Ошол кезде Жогорку Кеңештен атайын комиссия түзүлүп, ал комиссиянын курамында азыркы президент Роза Отунбаева да бар эле. Мына ошол комиссия терең изилдеп, бул кендин эч зыяны жоктугун, бирок ошого байланыштуу көзөмөлдү күчөтүп, анын элге тие турган пайдасын эсептеп, чечүү маселеси өкмөткө тапшырылган.

- Кумтөр алтын кенинен деле кыргыздар пайданы кийин, өзүңүз баш болуп, кайра-кайра айтып атып, келишимдерди бир нече жолу оңдоодон кийин гана көрө баштабадыбы. Ошентип кен иштетүүдө келишимдер жең ичинен түзүлүп, элге, мамлекетке тийүүчү пайда-зыяны ачыкка чыкканда элдин нааразылыгын жаратып келгени да мына ушундай ишенбөөчүлүктөрдү жаратып, кен иштетүүгө тоскоол болууга алып келип аткансыйт...

- Өкмөттүк комиссиянын курамында мен да бар элем, ошондо Андаш кенин иштетүү тууралуу түзүлгөн келишимде Кыргызстандын 1% да үлүшү жок экен, ошондо "Кыргызстанды кошуу керек" деп айтканбыз. Мына бүгүнкү күндө алар биздин мамлекетке 20% үлүш берип атышат.

Мындан тышкары ошол кен жайгашкан аймактагы 824 түтүндүн ар бирине ишине карабастан, төлөп турабыз, ошол айылдын өсүшү үчүн жыл сайын 100 миң доллардан беребиз дешти.

Эң негизгиси ошол кенди иштетүүчү жумушчулардын 70% жергиликтүү тургундардан алынат. Айылда азыр абал оор, жумушсуздук күч. Ошого карабай эл туура эмес саясаттын негизинде эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүнөн улам кен иштетүүгө каршы болуп атышат. Арасында кээ бир бузукулар, байлар бар.

Азыр эл бай-кедей болуп экиге бөлүнүп калды, байлар ашып барса 15% түзөт, алардын миңдеген кой-уйлары бар. Аларга арзан жумушчу күч керек, алар элди арзан баада малай кылып иштетип атышат. Эгер кен иштеп калса, ошол эле айылдыктар айына 20-25 миң сомдон айлык алышат.

- Демек кен иштетүүгө каршы кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы барбы?

- Ал жерде көпчүлүк эл суранып атат, бизге кат жазып кайрылып атышат. Баатыр энелер, Ооган согушунун ардагерлеринин каттары турат, алар бардыгы кенди эртерээк иштетүүнү суранып жазышкан. Бирок ага карабай жергиликтүү элге туура эмес үгүт жүргүзүп, бузуп жаткандар бар.

Биздин бийликтин да иши болбой атат, бийлик ошол кен иштетүүгө каршы чыгып, иштетпей жаткандарды мамлекеттин экономикасына зыян келтирип жаткандар катары жоопко тартуу керек. Анткени ошол эле Андаш алтын кени Кыргызстанга канча миңдеген доллар пайда бермек. Кийинки оңдолгон келишим боюнча 1% үлүш облустун да энчисине берилген, бул деген өтө чоң каражат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG