Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Кечээ Беларус президенти Евразия экономикалык биримдигине киргенден майнап чыкпай жатканын кыйытса, Армениянын оппозициялык күчтөрү өлкөнү аталган уюмдан чыгууга чакырык таштоодо.

Кыргызстан быйыл ЕАЭБнын орток бажы салыгынан үч миллиард сом алалбай калат деп санашууда. Уюмга мүчө болгондон бери өнөктөш өлкөлөр менен соода мамиле эмне үчүн жакшы жолго түшө албай жатат?

"Арай көз чарай" талкуусуна "Жаш ишкерлер" бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акмат жана экономист-серепчи Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Руслан мырза, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кол коюп, расмий киргенибизге бир жылдан ашты. Киргенде 180 миллион калктуу аймакта эркин соода кылуу жакшырат, бюджетибиз көбөйөт, эмгек рыногу ачылат дедик эле. Кыргызстан үчүн эмне өзгөрдү, эмне пайда таптык, кандай зыян тарттык?

Руслан Акмат: Албетте, биринчи жыйынтыктарды чыгара берсек болот. Кыргызстан бул уюмга кирип жатканда кирсек эмне болот деп талдап, анализдеген эмеспиз.

Киргенибизге бир жылдан ашып калды, эмнени таптык, эмнени жоготтук - объективдүү изилдөө болгон жок. Эмнени жоготтук, айтылган убадалар эмне үчүн ишке ашпай калды - талданган жок. Ишкерлер базар ачылат деп сүйүнүшкөн, эт-сүт, жашылча-жемиш сатабыз деп чамынганбыз. Бирок, биз ага даяр эмес экендигибиз көрүнүп калды.

Ош базары

Ош базары

Ушул бир жыл ичиндеги эң негизги жыйынтык экономикабыз абдан эле чабал экендигин сездик. Өзгөчө айыл чарба тармагында көптөгөн көйгөйлөрүбүз ачыкка чыкты. Көрсө биздин дүйнөгө сата турган продукциябыз өтө аз, керек болсо жок экендиги билинди.

Соода кылыш үчүн сертификация, стандарт деген талаптар боло тургандыгын көрдүк. Айыл чарба азыктарын ирилештирип өндүрүү зарылчылыгы келип чыгууда. Эми алардын үстүнөн иштешибиз зарыл экендигин сездик.

Жаныбызда турган Өзбекстан быйыл Орусияга 800 миң тонна мөмө-жемиш сатканы турат. ЕАЭБга кирбеген Өзбекстан ушундай чоң максаттарды коюп жатат. Бул эмнени айтып турат? Товарларды сатыш үчүн кайсы бир уюмга кириштин зарылчылыгын жок экендигин көрсөтүүдө. Эгер биздин товарыбыздын сапаты болсо, стандарттарга шайкеш келтире алсак каалаган жерибизге сата алабыз.

“Азаттык”: Искендер мырза, тилекке каршы, Кыргызстандын 2016-жылы ЕАЭБдан ала турган орток салыгыбыз үч миллиард сомго азая турган болууда. Анын себебин Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкциясынын кесепети катары түшүндүргөндөр бар, же башка да себеби барбы?

Биз баягыдый эле "азыр КАМАЗ келет, айылды кыдырып мөмө-жемиштерди чогултат, жүктөп алып жөнөйбүз" деген түшүнүктө жүрөбүз.

Искендер Шаршеев: Башка да чоң себептери бар. Өз кезегинде Орусия жана Казакстан бийликтери менен көп маселелер эске алынбай калган.

Орусиялык серепчилер убагында 2007-жылы эле негизги акча экономиканы турукташтырууга жумшалып, же эсеби жабылып кыймылсыз болуп калганын айтышкан. Ошондуктан экономикада структуралык реформалар жүрбөсө кризистер болорун эскертишкен. Дал ошол кризистер келгенде, кошуналардын сатып алуу жөндөмдөрү начарлап калганда, так ошол маалда биз ЕАЭБга кирип жатабыз.

Биз ушундай болорун 2012-жылы изилдөө жүргүзүп, соода көлөмү 30 пайызга чейин түшөрүн айтканбыз. Мисалы, азыр Кыргызстанда ичимдиктердин, айыл чарба азыктарын сатуунун көлөмү 30-50 пайызга чейин түшүп кетти.

“Азаттык”: Руслан мырза, 2014-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 1 миллиард 800 миллион долларга жакын болсо, 2015-жылы ал көрсөткүч 26 пайызга азайган. 2016-жылдын алты айында 19 пайызга азайыптыр, бул эмнени түшүндүрөт?

Руслан Акмат: Кээде ой келет, биз жана башка өлкөлөр бул уюмга биригип алып соода кылып же кызматташуу үчүн эмес, биригип алып талашып-тартышуу, тытышуу үчүн, бири-бирин чектеш үчүн кирип алганбыз.

Орусия жылына 2 миллион тонна алма керектейт экен. Ошонун 60 пайызын бул убакка чейин Польшадан алчу экен. Европадан Орусияга санкциялар башталганда биз эми алмабызды сатабыз деп камындык, сүйүнгөнбүз. Көрсө, алар сурагандай көлөмдөгү алма Кыргызстанда жок экен, алар талап кылгандай стандарттагы сапаты жок болуп чыкты. Ошол эле убакта Кыргызстандын бир жеринде 90 миң тоннадан ашык алма чирип жок болгону маалым. Биз ушулардан жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Экономика министрлиги маселелерди иликтеп, анализдеп, дыйкан-фермерлерге багыт берип, колдоо көрсөтүүсү керек. Кемчилик ишкерлерде да болуп жатпайбы. Биз баягыдый эле "азыр КАМАЗ келет, айылды кыдырып мөмө-жемиштерди чогултат, жүктөп алып жөнөйбүз" деген түшүнүктө жүрөбүз. Биз товарды өндүрүү эле эмес, ири алдыда аны сатууну алдын-ала ойлонушубуз керек.

Искендер Шаршеев: Ачыгын айтканда ЕАЭБ долбоору биринчи, күчтүү экономикасы бар өлкөлөр, алардын экономикасын өнүктүрүү үчүн, алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалган уюм. Казакстанда логистиканы өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү стратегиялар иштелип чыккан. Аны жолго коюу үчүн жеке тараптардан, өкмөттөн жана эл аралык донорлор аркылуу капиталдар салынууда. Ошонун арты менен Казакстанда логистика өзүнчө тармакка айлана баштады.

Эң негизги максат керектөөчүлөргө товарды жетиштүү түрдө, талап кылган сапатта жеткирүү, сатуу, сактоо болуп эсептелет. Биз ошондой даярдыгыбыз жок, керектүү инфрастуруктурабыз жок ЕАЭБга кирип алып, анын азабын бүгүн тартып жатабыз.

Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG