Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Нарын жана Ысык-Көл облусунун тургундарын “Кумтөр” кенин иштетүүдөгү экологиялык зыяндар кооптондурууда.

Алар кыргыз бийликтерин бул долбоордон баш тартууга чакырышууда. Ал эми адистер каржалып турган кыргыз экономикасына “Кумтөр” негизги киреше киргизип жатканын жүйөө коюшат.


Жергиликтүү калктын дооматтары


Кумтөр кенинен Ысык-Көл облусунун жашоочулары эле эмес, нарындыктар да жапа чегип жатканын Нарын облусунун тургуну Сыртпай Турусбеков коомчулукка жарыялады. Ал аталган кенден Нарын дайрасынын башаты бузулуу коркунучу бар экендигин эскертүүдө.

- “Кумтөрдөн” суу агып чыгып турат. Сууну болсо сордургуч менен чыпкалап, арыкка куят. Арыктан агып келип, Нарын суусунун башталган жерине куят. “Кумтөр” казылып бүтүп, баары жабылгандан кийин деле ал жерден суу чыга берет да. Бул кудайдын берген булагы. “Кумтөрдө” иштеткендер кетип калгандан кийин ким ага жооп берет? Ким буга кепилдик берет?

Кумтөрдөгү иш учурунан, 2011-жылдын 1-июну.
Балыкчы шаарында “Кумтөр оперейтинг компанинин” кен иштетүүгө колдонуучу уулуу заттарды сактаган кампасы бар. Жергиликтүү тургундар бул кампанын ичинде эмнелер сакталат, зыяны канча деген суроолорго жооп издешүүдө. Балыкчы шаарынын тургуну Сталбек Акеев бул кампанын экологияга жана элге зыяны бар деп шектенет.

- Балыкчыдагы базадагы жогорку токсикалуу уулардын таасири кандай экендигин эч ким билбейт. Алар ар кандай кокустук болуп, же жаанда көлгө түшүп кетсе, зыяны тиет. Дагы бир коркунучтуу жери Балыкчыда батышынан чыгышына шамал согуп турат.

Балыкчылыктар ошондой эле акыркы жылдары табиятта өзгөрүүлөр болуп жатат деп айтышууда. Ал эми Борбор Азиялык Антитоксикалык ассоцациянын өкүлү Игор Ходжамбердиев “Кумтөрдүн” айланасындагы нааразылыктар ал жабык аймак болгондуктан чыгып жатат деген ойдо.

- Биз аны иликтей албайбыз. Анткени “Кумтөр” иш жүзүндө жабык аймак. Алар эч кимди эч убакта киргизишпейт. Алар өздөрү изилдеп, жакшы деген гана жыйынтыктарды беришет. Бул чынбы же калпы айтыш кыйын, бирок кээ бир шектенүүлөр бар.


Чочулоого негиз жок


Табийгый ресурсттар министрлиги “Кумтөр оперейтинг компани” келишимде каралган негиздерге таянып иш жүргүзүп жатканын айтууда. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агентnигинин кызматкери Жамалкан Кодоева “Кумтөр” алтын казуу ишин токтоткон күндө да ал жердеги табиятка көз салынып турат деп ишендирет.

"Кумтөрдөгү" иш учурунан, 2011-жылдын 1-июну.
- Жол фонду деген түзүлгөн. Эгер “Кумтөр” долбоору токтоп калса, ошол фондго жыйналган каражаттан казылган жерлер тегизделип турат. Ошондой эле калдыктар сакталган жайлар да ал каражаттын эсебинде каралып турат.

Ал эми кен тармагы боюнча адистер Кыргызстан экономикалык жактан кен байлыктарын казууга аргасыз, алдыңкы технологиянын шартында кендерди зыяны болбогудай кылып казууга болот деп жатышат.

Геологдор жана кен тармагында иштегендер асоцияциясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев мындай оюн билдирди.

- Өткөн жылы 704 млн. доллар түштү алтынды саткандан. Анын 400 млн. доллары Кыргызстанда калып, өлкөнүн экономикасына иштеди. Анан айрымдар түшүнүп-түшүнбөй эле жеке кызыкчылыктар менен ар түрдүү сөздөрдү айта беришет.


Көзгө басар ишкана


Орозбек Дүйшеев өлкөнүн казынасын “Кумтөрдөй” болуп толтурган Кыргызстанда башка бир да ишкана жок экендигин айтууда.

-“Кумтөрдүн” пайдасы боюнча бир эле мисалды айтып койоюн. Мына, “Кумтөр” боюнча туура келишим түздүк эле анын негизинде Кыргызстанга канча деген акча түштү. Кыргызстанда мындай бир дагы ишкана жок. Өлкөнүн экспортунун 40 пайызын, өнөр жайдын 26-30 пайызын ушул “Кумтөр” берип жатат. Иштегендердин айлыктары да жакшы.

"Кумтөр" алтын кенинин алыстан жалпы көрүнүшү
Дүйшеевдин айтымында, Кыргызстан экономикасы чабал мамлекет. Бирок өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер өлкөдөгү кендер иштеп турганда жүз миңдеген кыргыздар мигрант болуп башка өлкөгө кетпейт эле дейт ал.

Кумтөр кени Кыргызстанда 1996-жылы ачылган. Аны канадалык “Центерра голд инк” компаниясы иштетет. 2009-жылкы келишимге жараша Кыргызстан аталган компаниянын 33 пайыз акциясына ээлик кылат. Анткен менен айрым коомдук уюмдар бийликти “Кумтөр” боюнча жаңы келишим түзүүгө, анын экологияга тийгизген терс таасирине көңүл бурууга чакырып келет. Аталган талаптар боюнча буга чейин жол тосуу жана митингге чыгуу сыяктуу акциялар да болуп келген.

Айта кетсек, 1998-жылы май айында “Кумтөр” ишканасына цианид ташып бараткан унаа көпүрөдөн кулап кетип, Барскоонго цианид төгүлгөн эле. Бул боюнча коомчулукта кайчы пикирлер орун алып, ошол кездеги бийлик ээлери зыяны болбогонун билдирсе, жергиликтүү тургундар анын кесепети бүгүн да тийип жаткандыгын айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG