Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

"Ак сөөктөр" электр акысынан качууда


"Ата-Түрк" багындагы үйлөр. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
"Ата-Түрк" багындагы үйлөр. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Бишкектеги “Ата-Түрк” сейил багына жанаша курулган элиталык 23 үйдүн электр кубатын мыйзамсыз пайдаланып келатканы айгине болду.

Аларга чара көрүүнү өтүнүп, “Түндүкэлектр” ишканасы ИИМдин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгына кайрылды.

“23чүлөр” коркутууга өтүштү

Электр кубатын мыйзамсыз пайдаланып келаткан бул 23 абонент “Ата-Түрк” сейил багына танапташ жайгашкан, эл ичинде "хан сарай" деп аталган кымбат үйлөрдүн жашоочулары.

“Түндүкэлектр” ишканасынын айтымында, алардын ичинен бир жылда бери дегенде 400 миң сомго чейин электр жарыгын мыйзамсыз пайдаланып келгендери да бар. Маселен, Малдыбаев көчөсүнүн 26-үйүндө жашаган Маковская жана үй номуру белгисиз Н.Сариев аттуу абоненттер ар бири 272 миң сомдон чыгым келтирген. Ал эми көпчүлүк үйлөрдүн электрди мыйзамсыз пайдалануудан алып келген зыяны 10 миң сомдон жогору.

“Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев:

- Бул “Ата-Түрк” сейил багынын жээгиндеги Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөр. Бир кезде мурдагы президент Курманбек Бакиев ал үйлөрдү түрттүрүш керек деп айткан. Ошол катардагы үйлөр. 15-декабрдан 24-декабрга чейин комиссия барып, бул үйлөрдү текшерген болчу.

Ал эми ошол эле Малдыбаев көчөсүндөгү 12-үйдө жашаган Өмүралиев аттуу абонент бир жыл ичинде кеминде 400 миң сом зыян келтирген экен. Сапар Аргынбаев бул үйлөрдүн жашоочулары келтирилген чыгымды төлөп берүүнүн ордуна ишканага кысым кылып, аныкталган мыйзам бузууларды жаап коюуну талап кылып жатышат дейт.

- Бир жылдык зыяны 409 миң сом болуптур. Бул 23 абонентке чара көрүүнү өтүнүп, Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгына кайрылдык. Ошентип иштер жасалып жатса, тигилер чыгып, “арызыңарды алгыла, тынчыгыла” деп, мыйзам бузууну аныктагандарды коркутуп жатышат. Булар Ак үйдүн 6-7-кабатында жүргөн жана алардын жанында жүргөн адамдар.

Мыйзамсыз пайдаланат деген туура эмес

“Азаттык” бул "хан сарайлардын" жашоочулары менен жолугуп, жагдайды иликтеп көрдү. Бирок көпчүлүк үйлөрдүн кароолчулары короодон эле каршы алып, жашоочулар үйлөрүндө жоктугун айтып, дарбазадан узатууга аракет кылышты. Ал эми 9 миң сом чыгым келтирди деген Малдыбаев көчөсүндөгү 37-үйдөгү Ушаков деген абоненттин тууганы, өзүн Александр деп тааныштырган адам электр жарыгын мыйзамсыз пайдаланат деген дооматты четке какты.

- Биз баарын өз убагында эле төлөп келатабыз. Бул үйдүн ээси көп учурда чет өлкөдө жүрүп, үйүндө аз болот. Электриктер келип алып, эсептегичтин пломбасын өзгөртүп коюпсуңар деп, 9 миң сомго айып пул салып кетишти. Мен талашып-тартышып, муну төлөбөй деле койсом болмок. Бирок макул болуп, эртеси эле күнү барып төлөгөм. Үйдүн ээси менен байланышсам, ал да төлөп салгыла деген болчу. Биз баарын мыйзамдуу гана пайдаланып, төлөп келатабыз.

“Түндүкэлектр” ишканасы ИИМдин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгына жолдогон катында бул үйдүн ээлеринен тышкары, электр энергиясын мыйзамсыз колдонууга жол ачкан компаниянын кызматкерлерин да жоопко тартууну талап кылган.

Адатта жогорудагы үйлөрдө мурда-кийин жетекчилик кызматта жүргөндөр, алардын жакындары жашаары айтылып келет. Дегеле “Ата-Түрк” сейил багынын жанына үй салуу жана ага уруксат берүү мыйзам бузуулар менен коштолгону боюнча кезинде чоң талкуулар болгон.
XS
SM
MD
LG