Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Энергетика: Айта берсе арман көп


Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев бул тармактагы коррупциялык схемалар четтетилгенин билдирди. Ал кайсы жана кандай схемалар болгон? Энергетикада ошону менен коррупцияга бөгөт коюлдубу? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна ушул тема коюлду.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Ормонов, эксперт Расул Үмбеталиев жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Абылкасымов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





19-январда өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев энергетика тармагындагы "Ширшовдун схемасы" деп аталган коррупциялык схема жоюлганын айтып, буларга токтолду:

Аскарбек Шадиев: Биринчиден, электр энергиясын экспорттоо ортомчу компаниялар аркылуу төмөн баада жүргүзүлгөн. Маселен, Орусияга 0.5 центке, Казакстанга 0.9 центке сатылган. 2007-жылы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына карабай Өзбекстанга 1.1 центке сатылган. Суу аз болгондо энергия кымбат болуш керек эле. Мына ошону менен энергетика тармагына олуттуу зыян келтирилген.
Бүгүнкү күндө коррупциялык схеманы Ширшовдуку деп атат. Андай эмес, Ширшовго чейин да бул коррупциялык схемалар иштеп жүргөн.

Азыркы кезде Казакстанга сатыла турган электр энергиясынын баасы өкмөттөр ортосунда чечилип жатат. Баасы 2.8 цент болду. Өзбекстанга болсо 3.37 центке сатылып жатат. Түшкөн акча ачык болуп жатат.

Ири энергетикалык долбоорлор ачык жасалбай келген. "Датка" подстанциясын курууга 256 млн. долларга келишим түзүлүп, андан кийин 48 млн. долларга азайтылды. "Нарынгидроэнергокурулуш" же "Нарынгидромонтаж" компаниялар аркылуу ГЭСтердин акчасы кетип турган. Азыр бул иштер Башкы прокуратуранын кароосунда турат.

Бишкек ТЭЦине көмүр кымбат баада коюулуп келген. Тендерлер жабык жүргүзүлгөн. Азыр тендердик комиссияларга көп тармактын өкүлдөрү кирип, ачык жүргүзүлүп жатат.

“Азаттык”: Мына министр мырза айткан сөз. Коррупциялык схеманын жүзү. Баары толук камтылганбы?

Расул Үмбеталиев: Мен министр Шадиевдин сөзүнө толук кошула албайм. Бүгүнкү күндө коррупциялык схемага кандай бөгөт коюп атканын айткан жок. Бүгүнкү күндө коррупциялык схеманы Ширшовдуку деп атат. Андай эмес, Ширшовго чейин да бул коррупциялык схемалар иштеп жүргөн.
Бишкек ТЭЦине көмүр кымбат баада коюулуп келген. Тендерлер жабык жүргүзүлгөн. Азыр тендердик комиссияларга көп тармактын өкүлдөрү кирип, ачык жүргүзүлүп жатат.

Энергетика тармагында жалпы техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтсак, мамлекеттик алып-сатуу таза, ачык-айкын болсо, биздин энергокомпания жетекчилигине ишмердүү, профессионал адамдар келсе деп көп маселе көтөргөм. Бүгүнкү күндө министрлик жакшы ишти жүргүзбөй жатат.

“Азаттык”: Көмүр сатып алууда да аябай көп көйгөйлөр ар дайым айтылып келген. Казакстандан арзан баада көмүр алынат, бирок ал бул жакка кымбаттатылып алынып келинет. Азыр ушул маселени чечиш үчүн Кара-Кечеден 400 миң көмүр алынат деген эле. Азыркы кезде бул тармакта абал кандай болуп атат?

Сагынбек Абылкасымов: 2011-жылдын 13-январында Жогорку Кеңештин токтому менен 400 миң тонна алынсын деген чечим бар. Бирок 400 миң тонна алынбай эле, 150 миң тонна алынды. Анын 110 миң тоннасы Кара-Кеченин көмүрү, аны биз эки жарым айда эле ТЭЦке ташып берип койдук. Эми кошумча сурасак, берилбей атат. Анткени силердин көмүр кымбат дейт. Өздөрү берген документтери боюнча Шабыркүлдүн көмүрү 52 доллар экен, биздики 50,5 доллар болду. Анан кандайча биздики эки эсе кымбат болот? Түшүнүксүз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG